Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

ИИМ коррупция тууралуу маалымат бергендерди коргоону сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда коррупциялык иштер тууралуу маалымат бергендердин укугун коргоо жана жемкорлук боюнча тиешелүү органдарга кабар берүүнүн жол-жобосун аныктоо жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады.

Коомдук талкууга чыккан документке ылайык, жемкорлук боюнча маалымат берген адамды же анын жакындарын куугунтуктоого тыюу салынат. Коррупциялык иштер тууралуу маалымат такталса ал адамга жана жакындарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда атайылап жалган кабар бергендердин маалыматы, мамлекеттик сыр камтылган, жеке кызыкчылыкты көздөгөн, жабык соттук отурумдарда айтылган маалыматтар каралбайт.

Жарандар жемкорлук тууралуу электрондук кайрылуу жиберип же ыйгарым укуктуу органга билдирүү калтырса болот. Мындай маалымат жети жумуш күнү ичинде каралышы керек.

Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.


Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG