Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына шилтеме берип, 2,5 айдын ичинде Кыргызстанда 17 мектеп окуучусу ар кандай жагдайда каза болгонун билдирди.
Бул боюнча ал парламенттин 12-марттагы жыйынында маселе көтөрдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдардын өлүмүнө интернеттеги буллинг да себеп болуп жатканын айтып, алдын алуу иштери тууралуу маалымат берди.
“Мектептерде балдар менен иштеген социалдык кызматкерлерге 550 жаңы штат ачылды. Мектептерге психологдордун да штатын киргизебиз”, - деди ал.
Акыркы жолу Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1-мартта 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү кыйылган, милиция ал асынып каза болгонун билдирген.
Февраль айында эле тогуз окуучу ар кандай жагдайда каза болуп, алардын алтоонун өлүмүн милиция суицид деп атаса, үчөө курбуларынын зомбулугунан көз жумганы айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган. (BTo)
Шерине