Пакистанда согушкерлер 11-мартта поездге кол салып, ичиндеги жүргүнчүлөрдү барымтага алган. Расмий бийликтин билдирүүсүнө караганда, 104 киши куткарылды. Согушкерлер өзүлөрү 100дөн ашуун адамды барымтада кармап турганын билдирип жатышт.
Калган жүргүнчүлөрдүн тагдыры азырынча белгисиз.
Пакистан темир жол башкармалыгынын расмий өкүлдөрү билдиргендей, Jafar Express поездинде болжол менен 500дөй жүргүнчү бараткан.
Коопсуздук кызматкерлери билдиргендей, кол салгандар түштүк-батыштагы Белужистан провинциясында темир жолду жардырып, поезддеги коопсуздук кызматкерлери менен атышкан.
Расмий маалыматтарга караганда, кол салуу учурунда айрым жүргүнчүлөр, анын ичинде аялдар жана балдар жараат алышкан.
Поезд Белужистан провинциясынын борбору Кветта шаарынан түндүктөгү Пешавар шаарына бараткан. Өкмөттүн өкүлү Шахид Ринд бул окуяны “теракт” деп атап, поезд учурда тоолуу, шарты катаал аймакта токтоп тургандыктан ал жакка жетүү кыйын болуп жатканын билдирди.
Кол салуу үчүн "Белужистан боштондук армиясы" (BLA) деген жикчил топ жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Пакистанда жана АКШда террордук уюм катары таанылган бул топтун өкүлү өкмөт алардын түрмөдөгү жоочуларын бошотууга макул болсо барымтадагыларды коё берүүгө даяр экенин айтты.
Өкмөт өкүлдөрү бул сунуш боюнча дароо жооп беришкен жок, бирок мурда мындай сунуштар кабыл алынган эмес.
Президент Асиф Али Зардари жана премьер-министр Шахбаз Шариф өз-өзүнчө билдирүү таратып, кол салууну айыпташты.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бул кол салууну кескин айыптап, барымтадагыларды дароо бошотууга чакырганын уюмдун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
Мунайга жана минералдарга бай Белужистан Пакистандын эң чоң жана эң аз калк жашаган провинциясы.
Пакистан бийлигинин жана эксперттердин баалоосу боюнча, "Белужистан боштондук армиясында" болжол менен 3 000 согушкер бар. Бул уюм негизинен Пакистан коопсуздук күчтөрүн бутага алып келет. Бирок кээде карапайым тургундарга жана Кытай–Пакистан Экономикалык коридору долбоорунун (CPEC) алкагында иштеген кытай жарандарына да кол салган учурлар болгон.
Шерине