Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

“Кызамыктан чарчап калган балдардын баары эмделген эмес”


Гүлбара Ишенапысова
Гүлбара Ишенапысова

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында Кыргызстанда баласын кызамыкка (корь) каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткенин, бул оорудан 9 бала чарчап калганын билдирди. Министр диний түшүнүгүнөн улам кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар көп экенин, ал жетектеген мекеме бул маселе боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен иштешип жатканын айтты. Буга байланыштуу Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысованы кепке тарттык.

“Азаттык: Гүлбара айым, министр Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин жыйынында кызамыктан улам бир жылда 9 бала чарчап калганын айтып, себептерин да учкай түшүндүрүп кетти. Тиешелүү мекеменин жетекчиси катары сиз дагы бул маселени кененирээк чечмелеп бере аласызбы?

Ишенапысова: Биз, кызамык Кыргызстанда катталган 2023-жылдын биринчи аптасынан баштап, жалпыга маалымдоо каражаттарына бардык маалыматтарды так берип келе жатабыз. Көбөйүп жатканын, балдардын өлүмү катталып жатканын да айтып турдук. Ноябрь айында бул оорудан балдардын каза болгон учуру 6 деп кабарладык эле. Тилекке каршы, ошо ноябрдын башынан декабрдын аягына чейин дагы 3 өлүм болуп кетти.

Жылды жыйынтыктап айта турган болсок, 2023-жылы Кыргызстанда кызамыкка кабылган жалпы 7 миң 46 учур катталды. Ошонун ичинен 9 өлүм катталганын министр расмий түрдө айтты. Ооруну жугузган балдар 1 жаштан 14 жашка чейинкилер болсо, чарчап калган балдар 6 жашка чейинкилер.

Өзүңүздөр билесиздер, кызамык иммунитети түшүп кеткен, дагы кошумча оорулары бар балдарга да, ДЦП менен ооругандарга жана башкаларга коркунучтуу. Мына ушундай балдар бул ооруну көтөрө албай калышты. Анткени бул балдар убагында эмдөөдөн өткөн эмес. Биз ар бир учур боюнча иликтөө да жүргүзөбүз да, алардын баары диний түшүнүктөн улам балдарын эмдөөдөн баш тартышкан.

Министр мына ушундан улам-улам айтып жатат. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатканына карабай, тынымсыз айтып-деп жатканыбызга карабай, эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны 22 миңге жетип калганын да белгилеп өттү. Мунун санын кантип так чыгарып жатабыз? Анткени, биз ар ай сайын, облустук медициналык мекемеден №5 форма – “Эмдөө иштеринин абалы жөнүндө жана эмдөө жүргүзүлгөн адамдардын контингенти” деген отчетун кабыл алып турабыз. Мына ошондон эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин так санын билип, алар көбөйүп жатканын байкап турабыз.

“Азаттык: Негизи адис эмес кишилер бул оору жылына канча аныкталып, азайып же күчөп кеткенине сереп салып, улам кабар алып турбайт эмеспи. Ошону үчүн кызамыктын былтыркы жылкы учурлары мурда болуп көрбөгөндөй кабылданып жатат. Негизи буга чейинки жылдары кырдаал кандай болчу? Эмне үчүн 2023-жылы күчөп кетти?

Ишенапысова: Муну үчүн жалпы жагдайды түшүндүрүп берейин... Кыргызстандын алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык, биз өлкөдө 13 коркунучтуу ооруга каршы вакцинация жасап турабыз.

Мисалы, шал оорусу биздин мамлекетте 30 жылдан бери катталбайт. Анткени, биз калктын 95%ына бул ооруга каршы эмдөө жасаганбыз. Ошонун эсебинен 2002-жылдан бери Кыргызстан "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификатына ээ.

Кептөөр же дифтерия деп аталган – көмөкөй жана коконун былжыр челин сезгендирип, түрдүү органдарды жабыркатуучу, катуу кармаган жугуштуу оору бар. Бизде бул оору 1998-жылдан бери каттала элек. Анткени, биз балдарды бул ооруга каршы 95-98%га чейин толук эмдеп келгенбиз. Ошондо да бизде орточо 160 миңдей бала төрөлсө, 1% эле эмделбей калса бул деген 5-6 миң бала коркунучта дегенди түшүндүрөт.

Башка, көк жөтөл оорусун эмдөөнү да биз 95%дан түшүргөн эмеспиз. Айтор, биз мына ушундай пландуу эмдөөнүн шарапаты менен көп ооруларды жок кылганбыз жана муну дагы да уланта бермекчибиз.

Кызамык боюнча деле биз мурдатан үзгүлтүксүз эмдөө жасап келгенбиз. Былтыр эмне үчүн маселе чыкты? Коронавирус пандемиясы башталган маалда пландуу эмдөө толук жүрбөй калды. Бул бизде эле эмес. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2020-жылы коронавирус пандемиясы көп өлкөлөрдө пландуу эмдөөгө кедергисин тийгизгенин айтып чыккан.

Биз эмдөөнү такыр эле токтоткон эмеспиз, тынымсыз эле эмдеп турганбыз. Анткени муну токтотконго болбойт. Өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда, элдин баарына сыртка чыгууга чектөө коюлган маалда бир айга гана токтогон. Ошондо да мобилдик бригадалар үйлөргө каттап, эмдөө жасап турду.

Болгону пандемиялык шарт оорлоп, медиктер да кыйын абалга кептелип турган учурда ресурстун баары дарылоого, ковидден жабыркагандарды кароого жана башкага кетип калды. Балким, мына ошонун кесепети 3 жылдан кийин чыгып жатат да. Жогоруда айтылгандай, пандемиянын кесепети башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанга коңшу мамлекеттерде да байкалып жатат. Аларда да 2023-жылы кызамык менен ооругандар көбөйгөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп жатабыз. Мындан сырткары бизде эмдөөдөн баш тарткандар көп болуп жатпайбы, бул дагы жугузгандардын, курмандыктардын санын көбөйтүүдө.

Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

“Азаттык: Кызамыктын өзү боюнча кайра тактап сурап коёюнчу... Ошондо башка жылдары Кыргызстанда кызамык анча катталчу эмес беле? Же ушундай кескин көбөйүп кеткен учурлар болгон эмеспи?

Ишенапысова: Мен кызамыкка каршы эмдөө үзгүлтүксүз жүргөндөн улам, бизде ал дээрлик жок экенин айтып кетпедимби. Бирок таптакыр жок эмес. Узаган жылдагыдай кескин күчөп кеткен учурлар мурда да болгон.

Негизи биз, эмдөөнү 1963-жылдан бери жасап келе жатабыз. Союз маалынын алгачкы жылдарында бир үй-бүлөдө 10 бала болсо, анын бешөө же алтоо чарчап калганы жөнүндө уккансыздар да. Мына ошол нерсе көбүнчө кызамыктын, шал оорусунун кесепети болчу. Анан СССРде аларга каршы вакцина жасалып, 1963-жылдан баштап калкка эмдөө жасала баштаганы үчүн өлүм токтоп, адамдар оорубай калган.

Азыр мына ошо эмдөөдөн өткөн адамдар, 50-60-70 жаштагы, улуу муундагы адамдар өздөрү эмделип, оорубагандыктан бул ооруга олуттуу мамиле кылбай жатышат. Алар өздөрү чоңоюп алышып, минтип неберелеринин ден соолугу менен ойноп жатышат. “Биз ооруган эмеспиз, балдар деле оорубайт” деген жүйөнү келтирип жүрүшөт. Балдары, неберелери ооруйт, анткени алар эмдөөдөн өтпөй жатышат.

Статистиканы алсак, 2012-жылы вакцинадан баш тартуу башталган. Мурда андай баш тартуу жок болчу. Ошонун кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылган 17 миң учур катталып, кескин көбөйүп кеткен. Анткени эки жылдык боштук болуп калды да... Ошо менен биз ири кампания өткөрүп, 2015-жылы 1 жаштан 20 жашка чейин 1 млн 600 адамды эмдегенбиз. Азыр куду ушул балдарыбыз ооруган жок. Азыр жалаң эмделбегендер ооруп жатат.

Өзүңүздөр билесиздер да, биз бул вакцинаны 1 жашында жана 6 жашында жасайбыз. Эгерде эне эмделсе анын баласы 6 айга чейин оорубаш керек. Мына азыр ооругандардын арасында ошо энеси эмделбей, андан иммунитет албай калган балдар да ооруп жатат. Башкача айтканда, эмдөөгө жашы жете элек балдар.

Эгер жалпы дүйнөнүн статистикасын карасак, Орусияны, Казакстанды, Тажикстанды алсак, аларда казамык менен 1 жаштан 70 жашка чейин ооруп жатышат. А биз эмдөөнү тынымсыз жасап, коллективдүү популяциялык иммунитетти камсыздап койгонбуз. Алдын алуу чараларын жетиштүү жүргүзгөндөн улам бизде ооругандардын жашынын аралыгы мынчалык узун эмес. Бизде ооругандар көбүнчө 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар. Эмнеге? Анткени же энеси эмдөөдөн баш тарткан, же баланы эмдетпей коюшкан.

Казакстанда кызамык жугузгандар 30 миңден ашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Эгер биз мындай иштерди жүргүзбөгөндө, азыр мындан да көп болмок. 2015-жылы 20 жашка чейин жапырт түрдө эмдөө жасаган үчүн алар ооруган жок. Алар азыр 30-35ке чыгып жатат да, бул жаштагылар былтыр ооруган жок. Чоң кишилер арасында бирин-серин гана болбосо, жокко эсе.

2015-жылдан сырткары бизде 2018-2019-жылы кызамыкты жуктургандардын статистикасында кескин секирик болуп кеткен. Анда бир жылда 2000 учур катталган. Бирок биз чоң кампания өткөрбөй эле, пландуу эмдөөнү гана күчөтүп, ошо менен чыгып кеткенбиз.

Ошо менен мына 2023-жылы үчүнчү терс секирик катталып жатат. Себеби, жогоруда белгилегенимдей пандемияда кызамыкка каршы толук эмдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын айтып кеттим. Анда биз элди коронавируска каршы эмдедик да. Ошондо кызамыкка каршы балдарды эмдөө өлкөдө 95%га жетпей, 89% гана болуп калган. Мындай нерсе он жылча убакытта катталган эмес. Натыйжада башка жылдары кызамык жылына бир учур катталбаган да мезгилдер болгон. А эгер эмделбей калгандар көбөйүп кетсе үч-төрт жылда кескин көбөйүп кетет. Ошонусу коркунучтуу.

“Азаттык: 2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алынып келингени маалымдалган. Ошондо ошонун канчасы эмдөөгө жумшалды?

Ишенапысова: 2023-жылы атайын өнөктүктүн алкагында дээрлик бардык аймактарда эле кызамыкка каршы эмдөө жүрдү. Бирок конреттүү бир аймактарга акцент жасалды.

Былтыркы жылдын 28-жумалыгынан баштап Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, Ош шаарында жана Ош облусунда бул оору менен ооругандан көп катталып турган. Ошону үчүн так ушул аймактар үчүн биз ДССУдан жардам сурап, арыз менен кайрылганбыз. Донор уюмдардан көп бөлүктөгү вакцина 7-сентябрда келип түшкөн. Ошол сентябрь айынан баштап 30-ноябрга чейин аталган төрт аймакта 479 миң баланы эмдедик.

Ошонун натыйжасында азыр, Чүй облусунда жана Ош облусунда кызамыкка кабылгандар басаңдап калды. Ош шаарында учурлар азайды. Мунун баары ошо эмдөөнүн, кошумча дозалардын тийгизген таасири. Себеби, аталган Ош облусу 90%, Ош шаары менен Чүй облусу 80% эмделди.

Буга салыштырмалуу Бишкек шаарында эмдөө 61%га араң жетти. Борбор калаа да кеминде 95% көрсөткүчкө чыгышы керек. Азыр ошону үчүн Бишкекте кызамыкка кабылгандар дале катталууда. Көбүнчө ишенбестиктен улам, балдарын алып келбей, эмдетпей жатышат.

Азыр да өкмөт тараптан каралып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жолдубаевич жеке көзөмөлгө алган. Биздин Саламаттык сактоо оперативдик штаб 2024-жылдын январында эле жети жыйын өткөрүп, тиешелүү мекемелерге, жергиликтүү бийликтерге кошумча тапшырмалар берилген. Бир гана донорлор тараптан эмес, бюджеттен да бөлүнсүн деп Каржы министрлиги 21 млн сом бөлө турган болду. Биз балдарга вакцинаны ЮНИСЕФ эл аралык уюму аркылуу алабыз да, ошол уюмга буюртма берилген. Ал вакцина келип калса, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарында бул кампанияны улантабыз.

Азыр айрымдар “эмне үчүн мурда сайылса деле кайра сайып атасыңар?” деп суроо коюп атышпайбы. Анткени, мунун баары популяциялык иммунитетке жардам берип, ошону көтөрүүгө жардам бере турган өнөктүк. Мына Ошто, Чүйдө токтогону буга мисал. Бул кампания башталганга чейин аптасына 80-100дөн катталып турса, азыр 2-3төн, ашып кетсе 4-5тен катталып калды.

Ушуга карабай ата-энелердин кайсы бир тобу диний ишенимдерге байланыштуу “мага болбойт”, “балдарыма ийне сайдырбайм” деп жатышат. Андан сырткары вакцинанын өзүнөн кооптонушууда.

Биз бул вакцинанын баарын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аркылуу алып келебиз. Ал GMP стандарты менен (Good Manufacturing Practic, Надлежащая производственная практика), толук сыноодон өтүп чыккан вакцина. Кыргызстан муну үчүн 130 миллион сом акча бөлгөн. Мамлекет баасына карабай, коопсуз жана эффективдүү ушундай вакциналарды алып келип жатат. Ушунча чоң сумманы, миллиондорду өлкө кантип кооптуу нерсеге жумшасын? Анын баарына биз, Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, департамент кепилдик берип жатпайбызбы. Мына ушул нерсени калктын кайсы бир бөлүгү түшүнбөй атпайбы!

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG