Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мектеп окуучуларын ташуу үчүн берилген автобустар алыскы айылдарда иштетилбей турганын айтып, сындады. Депутат бул маселени парламенттин 12-марттагы отурумунда көтөрдү.
"Мен жакында Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу райондорунун эң алыскы айылдарын кыдырып келдим. Эл менен жолугушуу учурунда Орусиянын жардамы менен мектеп окуучуларын ташууга берилген автобустар иштебей турганын айтып, даттанышты. Бир топ айылдарда ал автобустар жөн эле турат экен. Айдоочуга штат каралган эмес дешти. Бул маселени кантип чечүүгө болот?", - деди Жанарбек Акаев.
Депутаттын суроосуна билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жооп берип, ал автобустар айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүлүп берилгенин белгилеп, каржылоо, айдоочу менен камсыздоо да алардын мойнунда экенин айтты.
Баш кеңсеси Орусияда жайгашкан "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан белекке берилген 100 автобус былтыр ноябрь айынын аягында алыскы аймактардагы мектептерге таратылганы кабарланган.
Улуттук инвестиция агенттиги автобустар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилгенин билдирген.
Мектеп окуучулары үчүн автобустар алыскы айылдардагы окуучуларды мектепке жеткирүү максатында, шарты катаал, мектепке жетүүгө жолу татаал алыскы аймактарда жашаган балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртуу үчүн алынганы айтылган.(ZKo)
Шерине