Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

"Жогорку сотто 11 жыл иштегенден кийин АКШга кеткен". Бегайым кыялына жетпей калды


“11 жыл Жогорку сотто иштеген Бегайым Америкада кыялына жетпей калды”
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:18 0:00

Кыргызстандык Бегайым Самудунова быйыл августта АКШда жол кырсыгында каза тапты. Анын трак айдай баштаганына эми гана беш ай болгон. Маркум ага чейин Кыргызстандын Жогорку сотунда 11 жыл иштеген.

37 жаштагы кыргызстандык Бегайым Самудунова ушул жылдын 14-августунда АКШнын Пенсильвания штатында каза тапты. Ал беш айдан бери трак айдап, жүк жеткирип иштеп жаткан. Пенсильвания штатынын полициясы Бегайым жана шериктеш айдоочу кыз бараткан трак жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөнүн маалымдады. Билдирүүдө айтылгандай, кырсык түнкү саат 4кө жакын болгон. Даракты сүзгөн соң трак дароо өрттөнүп, Бегайым сыртка чыга албай калган. Ал эми жанындагы кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Америкалык WFMZ телеканалы окуя болгон жерде тартылган сүрөттөрдү жарыялады. Андан өрттөнгөн трактын дөңгөлөктөрүнүн темирлери гана калганын көрүүгө болот.

Бегайым Самудунова башкарып бараткан трак
Бегайым Самудунова башкарып бараткан трак

Бегайым Самудунованын сөөгү 29-августта Бишкектин четиндеги Прохладное айылында жерге берилди. “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоорунун кабарчылары маркумдун жакындары менен сүйлөшүп кайтты.

“Кепинделген сөөктү ача алган жокпуз”

Маркумдун апасы Дамира Масирова кызы менен акыркы жолу ошол кырсык болгон күнү сүйлөшкөн экен:

“Бир күн мурда “апа, мен Нью-Йорктон келдим. Акыркы жүктү жеткирип, 1000 миль жүрдүм” деген. Кийинки күнү саат 14:00 чамасында сүйлөшсөм, рулда экен. Андан соң 14:30да дагы сүйлөштүм, анда да рулда экен. Кечки саат 6да “апа, рулду бердим, экөөбүз алмаштык, мен тамак жасап жатам” деди. Мен ошол боюнча кызымды көргөн жокмун”, - деп сай-сөөгү сыздаган эне азыр кызынын өлгөнүнө дале ишене албай, сүрөттөрүн кайра-кайра карап отурат.

“Төрт айдан бери экөө өз-өзүнчө эле иштеди. Ал деле өзүнчө, кызым да өзүнчө иштечү. Жанында дагы бир калмак кыз бар эле. Үчөө дайыма ээрчишип, бири-бирине караан болуп турушчу. Мага акыркы сөзү ошол болду: “Жолдош кызымдын машинеси бузулуп калыптыр, ремонт болгуча жаныма кошуп алууну чечтим. Бирок туура эмес кылдым”, - деп өкүнүп калды. Мен дагы туура эмес кылдың, бекер кылдың дедим. Өзү жалгыз болгондо эс алып айдайт эле да”.

Дамира Масирова
Дамира Масирова

Бегайым өзү Чикаго шаарында жашаганы менен, жүк ташып, ар кайсы штаттарга каттап жүргөн. Грин-карт уткан ата-энесин жанына алдырганына бир жыл толо элек болчу. Кырсыктын эртеси ата-энеси жашаган Чикагодогу батирге полиция кызматкерлери келишкен.

“Эшиктин коңгуроосу басылды. Чыксак эле эки офицер туруптур. Чочуп кеттим. Эмне чекилик кылдым деп ойлонуп, "коё турасыңарбы, балам менен сүйлөшкүлөчү" деп айттым. Балама, Кыргызстанга чалдым. Сүйлөштүрдүм, “кызыңар аварияга кабылды” дегенди мен да түшүндүм. Себеби мен да англис тилин онлайн окуп жаткам. Айламды таппай калдым. Алар [Бегайымдын] тарагын сурады. “Коркпогула, коркпогула, эч нерсе болгон жок, ал ооруканада” деп бизди сооротуп жатышты. Аларга ишенип, [Бегайым] ооруканада деп ойлодум. Жок дегенде ооруканада болсунчу дедим. Алар [каза болгонун] билген экен”, - дейт маркумдун апасы.

Бегайым бир туугандары менен
Бегайым бир туугандары менен

Полиция Бегайымдын тарак, тиш жуугуч сыяктуу буюмдарын алып кетип, ДНК-тест менен маркумдун тек-жайын аныктаган. Эки жумадан соң Бегайымдын сөөгүн жакындарына өткөрүп беришкен. Өлүмдүн себебин түшүндүргөн расмий сертификатта Бегайым катуу нерсеге урунганы жана түтүнгө ууланып каза болгону жазылган.

“Сөөк коюу кызматын көрсөткөн компаниянын кызматкерлери мусулман экен. Менин божомолумда, арабдар го. Алар биздин салт боюнча “майрам сууга” алып, кепиндеп, анан бул жакка жөнөтүштү. Бул жакта биз ача алган жокпуз. Ачканга тыюу салынат экен. Денесиндеги жаракаттарды билбейбиз. Биз бул жерде өзүнчө кепиндедик, ошол кепиндин үстүнөн эле”, - деди маркумдун бир тууган иниси Амангелди Турдубеков.

Жакындарынын айтымында, Бегайым Самудунова эки дипломдун ээси болчу, Кореяга чейин барып окуп келген. Ошондой эле Кыргызстандын Жогорку сотунда 11 жыл иштеп, катардагы кызматкерден тарта, бөлүм башчыга чейин жеткен.

Бегайым Түштүк Кореяда
Бегайым Түштүк Кореяда


“Жогорку Сотто бюллетень, китеп чыгарар эле. Эң аягында эл аралык бөлүмдүн башчысы болуп иштеди 2021-жылдары. Америкага баруу кичине кезиндеги кыялы эле. Ошол жакка барып иштеп, окуйм деген максаты бар болчу”, - дейт апасы Дамира Масирова.

“Жогорку сотто 11 жыл иштеген”

Кыргызстандын Жогорку сотунун маалымат катчысы Изати Шүгүралиева маркум мекемеге жумушка 2010-жылы келип, 2021-жылга чейин иштегенин айтты.

"Анын арасында бир жыл, тагыраагы, 2020-жылдан 2021-жылга чейин эл аралык бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенген”, - деди ал.

Ал эми Гүлзада Турапова - Жогорку сотто Бегайым менен чогуу иштеген кесиптеши. Ал маркум менен жакын дос болгонун айтып, суук кабарга кайышып отурат:

“Бегайым экөөбүз таанышып, дос болуп жүргөнүбүзгө 14 жыл болуп калган. Жүзү жарык, эч бир жаман ою жок, аябай жакшы адам болчу. Жүзүнөн күлкү кетчү эмес. Ишине тың болчу, өз убагында аткарчу. Кечигип келгенин эстей албайм. Бир киши менен жаман айтышканын көрбөдүм. Кесиптештер ага “мобу документти жазып берчи, карап берчи” деп кайрылышчу. Өзүнүн иши көп болуп жатса да баш тартчу эмес. Бегайым кыргызча да, орусча да жакшы жазчу. Ал бар жерде дайыма күлкү болчу. Азырга чейин ишене албай турам. Ал ысымы чоң тамга менен жазыла турган адам эле. Максаттары көп болчу. Америкага барып иштеп, үй-бүлө куруп, балалуу болууну кыялданчу. “Эже, АКШга барып, өзүмдүн бизнесимди ачам. Бутка туруп кетсем, сиз да барасыз ээ?” - деп айткан. Ар сүйлөшкөн сайын “эже, бул жакка келиңиз, чогуу иштейбиз” деп улам чакыра берчү”, - деди учурда Жогорку сотто башкы адис болуп иштеген Гүлзада Турапова.

Бегайым кесиптеши менен
Бегайым кесиптеши менен

Жакындарынын айтымында, Бегайым Самудунова алгач АКШнын Чикаго шаарындагы туугандарына эмгек өргүүгө барып, көрүп келген. 2021-жылы ал туугандарынын чакыруусу менен океандын аркы жагына иштөө максатында мыйзамдуу кетип, жумушка орношкон. Алгач башка иштерде иштеп, кийин трак айдоону үйрөнүп, акыркы айларда айдоочу-жүк жеткирүүчү болуп эмгектене баштаган. Трак айдоо тууралуу сертификат Бегайымга 2022-жылдын июлунда берилген.

Маркум 18 жашынан тарта жеңил машине айдап жүргөнүн, Америкада трак айдоо боюнча атайын окуулардан өткөнүн апасы айтып отурду.

Энеси кырсык болгон күнү кызы менен тракта чогуу болгон Мафтуна менен АКШда ооруканада сүйлөшкөн:

“Ал кыз түшүндүрүп берди. Ал алдыда бараткан UPS машинени сүздү деп жатат. Бул почтанын машинеси экен. Аны сүзгөндөн кийин эле трак жарылган. "Жарылуу болгондо мен уктап жаткам, Бегайым айдап бараткан" дейт. Анан “тур, Мафтуна, тур деп тургузду. Жарылуу болгондо мен жүргүнчү отурган жактагы терезеден ыргып кеттим" деп жатат. "Бегайым болсо камалып калды. Чыга албай калды. Аны алып чыкканга мүмкүн болгон жок. Улам жарылуу боло берди" деди. Бегайым "эс-учун жогото элек болчу" деди. “Тигини ал, телефондорду ал деп кыйкырып жатты” дейт. Андан кийин “Мафтуна, мага жардам бер” деп, аябай кыйкырып жатканын айтты".

Бегайымга АКШда трак айдоо үчүн берилген сертификат
Бегайымга АКШда трак айдоо үчүн берилген сертификат


Мафтунанын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бегайымдын жакындары анын ооруканада жатканын, кырсыкты баяндаганын видеого тартып алышкан. Анда Мафтуна катуу жарылуунун толкуну менен терезеден ыргып кеткенин айткан:

"Мафтуна, тур деди. Мен көзүмдү ача албай, түшүнбөй жаттым. Азыр, азыр дейм. Буюмдарды ыргытканы аракет кылып жаттым. Ордуман туруп, анын отургучун жылдырдым. Алды жактан бир жарылуу болду. Жарылуудан мен жүргүнчү жактан сыртка ыргып кеттим. Аркы жактан, айдоочу жактан барайын дедим. Эшик жабык. Күйүп жатты. Үч жактан, улам күчөп", - дейт Мафтуна.

Мафтуна
Мафтуна


Бегайым каза болгондо АКШдагы кыргызстандыктар каражат чогултушкан. Жалпы 15 миң АКШ доллары жыйналып, маркумдун жакындарына берилген. Сөөктү алып келүүгө кеткен чыгымды Бегайым иштеген трак компания өз мойнуна алган.

Трак айдоо түйшүгү

Учурда АКШда трак айдап иштеген кыргызстандык Абакир Шаршенов трак айдоо түйшүгү, кырсыкка себеп болгон факторлор тууралуу ой бөлүштү.

“Бул жакта аба ырайы ар штатта ар башка. Кээ бир штаттарда катуу шамал болот. Ошондо жүгү жеңил тракты жолдон чыгарып салышы мүмкүн. Андан сырткары, жүктү убагында жеткирбесең, компаниянын рейтинги төмөндөйт. Мындай учурда айдоочулар жакшы жүктөрдү ала албай калышат да. Ошондуктан көбүнчө мигранттар чарчаса да уктабай, жүктү жеткиргенге аракет кылышат”, - дейт ал.

Абакир Шаршенов
Абакир Шаршенов

Шаршенов шерик болуп бир тракты айдоо оңой эмес деп эсептейт. Ал белгилегендей, мындай учурда айдоочулар тракты токтотпой айдаганга милдеттүү болушат.

“Мисалы, бир киши жүк алса, ага эки күн убакыт берет. Эгер эки киши айдоочу болуп жүк алса, анда алар кезектешип айдайт деп бир күн мөөнөт берет. Албетте, бул үчүн бир аз кымбат акы төлөшөт. Бирок мындайда айдоочулардын эс алганга убактысы жок болуп калат. Бирөө 10 саат айдап бүткөн соң экинчиси айдашы керек болот. Эс алган менен деле таңга жуук көзү илинип, кырсыктап калуу ыктымалдыгы жогору”.

Учурда Бегайым Самудунова жана шериги кабылган кырсыктын себебин Карбон округунун тиешелүү органдары жана Пенсильвания штатынын полициясы иликтеп жатат.

Көзү тирүү болсо Бегайым быйыл 11-сентябрда болгону 38 жашка гана толмок. Анын АКШга баруу тууралуу кыялы ишке ашты, бирок бутуна туруп, бала-чакалуу болуу ниети өзү менен кошо кетти. Маркумдун артында сыздаган ата-энеси, бир тууган, жакындары калды. Грин-карт менен кызынын артынан Америкага барып, ал жакта жашап аткан ата-энеси азыр Кыргызстанда. Алар кызынын өлүмүнөн кийин азырынча АКШга баргысы жок экенин айтып жатышты.

Бегайым социалдык тармактардагы баракчаларында активдүү эле. Баракчаларында бөлүшкөн видеолорунан, пост жана тарыхчаларынан улам маркум дайыма шатыра-шатман жүргөн, тракты эркектерден кем калышпай башкарып айдаган, шар мүнөз, шайыр кыз катары көргөндөрдүн эсинде калды.

Бегайым атасы менен
Бегайым атасы менен

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

XS
SM
MD
LG