Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Орусиянын кандуу чабуулу: Абадан коргонуу системасы жетишсиз, Киев аза күтүүдө


Орус армиясынын Киевге жасаган ракеталык соккуларынын кесепети. 9-июль, 2024-жыл. Украина.
Орус армиясынын Киевге жасаган ракеталык соккуларынын кесепети. 9-июль, 2024-жыл. Украина.

Украинанын аймактарына 8-июлда жасалган орус армиясынын жапырт аба соккусунан мерт кеткендердин саны 40тан ашты. Арасында төрт бала бар. Соккулардын бири Киевдеги ири балдар ооруканасына тийген. Баш калаада Аза күтүү күнү жарыяланды. Кремль ооруканага чабуул койгонун мойнуна алган жок.

Украин баш калаасынын абадан коргонуу системасы эмнеге чабуулдардын мизин кайтара албады?

Балдар ооруканасы, бизнес борбор, клиника

8-июлдагы орус күчтөрүнүн жапырт ракеталык чабуулунан набыт болгондордун жалпы саны 40тан ашканын украин президенти Владимир Зеленский шейшембиде жазды.

Ал кошумчалагандай, Киев ооруканаларында 64, Кривой Рогдо 28, Днепрда жараат алган алты киши жатат.

Киевдеги онкологиялык дарттан жабыркаган, бөйрөгүн алмаштырууга муктаж балдар дарыланган ооруканага жасалган аба чабуул дүйнөнүн көңүлүн бурду.

Көп өтпөй дагы бир ракеталык сокку Киевдеги төрөт үйүнө жана репродукция борборуна урулду. Анда кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды.

"Домино" бизнес борборуна жасалган чабуул жети карапайым тургундун өмүрүн алды.

Дагы бир ракета баш калаанын Шевченковский районундагы жайкын тургундар жашаган көп кабаттуу үйгө тийген. Ал жакта куткаруучулар он бир адамдын сөөгүн урандылардын алдынан алып чыгышты. Издөө иштери дагы уланууда.

"Урандылардын алдында балдар бар. Аларды издеп жатышат. Эмне себептен дүйнө Орусия баскынчы экенин көрбөйт, мен ошону түшүнбөйм",-дейт талкаланган үйдүн жашоочусу Галина.

Ал сөзүн бүтө электе урандылардын алдынан дагы бир баланын сөөгү табылды. Ошентип, Киевде өмүрү кыйылган 33 кишинин төртөө балдар экени аныкталды.

Андан тышкары бул күнү Кривой Рог, Днепр жана башка шаарларга жасалган ракеталык соккулардан жай тургундар мүрт кетти.

Орусиянын жообу

Расмий Москва жапырт ракеталык сокку урганын ырастап, бирок бир гана аскердик жайларды аткылаганын, ооруканага жасалган чабуулга тиешеси жоктугун билдирди. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков балдар ооруканасына украиндерин абадан коргоочу системасы тийгенин айтууда:

"Мен Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүлөрүнө көңүл бурууга чакырам. Мекеме жарандык жайларга сокку урулбаганын, кеп абадан коргонуучу антиракета тууралуу болуп жатканын ырастоодо",- деген Песков Москва бир гана Киевдин "аскердик потенциалына байланышы бар объектилерге, инфратүзүмдөргө урарын" дагы бир ирет кайталды.

Орусия согуш башталганы эле көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан, жарандык жайларга сокку урганын мойнуна албайт.

Украинанын Коопсуздук кызматынын эсебинде, орус күчтөрү “Охматдетке” коюлган чабуулда Х-101 канаттуу ракетасын колдонгон. Ракетанын айрым сыныктары жеринде табылганы кабарланууда. Бул маалыматты аскердик эксперттер да ырастап жатышат.

"Мына бул жана башка видеолордо дал ошол канатуу ракетанын реактивдүү кыймылдаткычына мүнөздүү ышкырыктын үнү угулат. Бул ракетанын кыймылдаткычы учактыкындай эле, болгону кичирээк. Андан тышкары ракетанын соккусу кандай талкалоолорго алып келди деген маанилүү фактор бар. Аябай олуттуу талкалоо. Жардыруучу заттардын көптүгүн көрсөтүп турат",- деди аскердик эксперт Ян Матвеев "Настоящее время" телеканалына курган маегинде.

The New York Times басылмасы жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө да эл аралык көз карандысыз эксперттер Киевдеги балдар ооруканасына Х-101 ракетасы менен сокку урулганын бышыкташкан.

"Ракетанын учуп баратканын карасак, ал "дөңгө чыккандай болду", ал эми ал ракета адатта бутага тиерде "дөңгө чыккандай" кыймыл жасайт. Демек ракета атайылап эле балдар ооруканасына багытталган.

Буга тиешелүү далилдер бар",- деп түшүндүрдү дагы бир эксперт, Киевдеги Аскердик-укуктук иликтөөлөр борборунун башчысы Александр Мусиенко.

Киевдеги орус армиясынын ракеталык соккусунан талкаланган көп кабаттуу үй. 8-июль, 2024-жыл.
Киевдеги орус армиясынын ракеталык соккусунан талкаланган көп кабаттуу үй. 8-июль, 2024-жыл.

Абадан коргонуу системасы эмнеге иштеген жок?

Серепчилер белгилегендей, Украинанан куралдуу күчтөрүнө дагы эле абадан коргонуу системалары жетишпейт. Ал эми Мусиенконун айтымында, орус армиясы ракеталык соккулардын тактикасын өзгөрткөндөй.

"Орусиялык аскерлер украин күчтөрүнүн абадан коргонуу системаларынын ишин иликтеп, тактикаларын оңдоп-түздөп, радарларга каршы жабдыктары бар, жаңыланган ракеталардын үлгүлөрүн колдонуп жатышат. “Охматдетке” урулган ракета быйыл эле чыгарылган болушу мүмкүн",- дейт украиналык эксперт.

Украина: Жапырт чабуулдун курмандыктары 40тан ашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү бул жумада Украинанын абадан коргонуу системасын бекемдей турган жаңы чараларды жарыяларын билдирди.

Байдендин айтымында, Украинанын аймактарына, анын ичинде Киевдеги балдар ооруканасына жасалган орус армиясынын соккулары "Орусиянын зулумдугун дагы бир ирет эске салды".

Владимир Зеленский буга чейин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга чакырып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG