23-июнда Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында болгон куралдуу кол салуудан 15тен ашык полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды. Дагестанда үч күн аза күтүү жарыяланды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров куралдуу кол салууга байланыштуу орусиялыктарга көңүл айтты.
Кылмыш
дүйшөмбү 24 Июнь 2024
Зордук-зомбулук көрсөткөн киши жаңжал чечилгенге үйдөн кетиши керек. Мындай демилге камтылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары жактырбай, артка жөнөтүштү. Демилгеге каршы чыккан эл өкүлдөрү мындай чаралар кыргыздын салт-санаасына туура келбей турганын жүйө келтирүүдө.