Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мурдагы “Унаа” мекемеси) 20-апрелге карата Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан мыйзамсыз ташылып келген 1 472 автоунаа мыйзамдаштырылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкекте 457, Чүйдө 400, Ошто 218, Жалал-Абадда 110, Ош шаарында 82, Таласта 72, Баткенде 71, Ысык-Көлдө 35 жана Нарын облусунда 27 машине легалдаштырылды.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча агенттик мамлекеттик органдардын ортосунда акчаны которуудагы техникалык процесстертерден улам машинелерди каттоо иштери создугуп кеткен учурлар бар экенин кабарлады.
“Камакка коюлган автоунаалардын ээлери легалдаштыруу үчүн бир жолку төлөмдү төккөндөн кийин, каражат алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) банктык эсебине которулат. Ошондон кийин гана агенттиктин эсебине акча которуу процесси башталат. Бул бир жумушчу күндөн бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн жана ушундан улам машинелерди каттоодо убактылуу кыйынчылыктар пайда болууда”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда 1-апрелден тартып чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши башталган. Ал 1-октябрга чейин созулат. Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөйт.
Машиненин документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.
Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (BTo)
Шерине