Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Өзбекстан чет өлкөлүктөр үчүн "алтын виза" программасын ишке киргизет


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Өзбекстандын бийлиги өлкөгө бай инвесторлорду тартуу максатында 1-июндан баштап чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга беш жылдык жашоо уруксатын жеңилдетилген тартипте бере баштайт.

Бул тууралуу Өзбекстандын Юстиция министрлигине таянып "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы жазды.

Мындай документти алуу үчүн чет элдик жаран 200 миң АКШ долларын, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү, маселен, жубайы, балдары жана ата-энеси үчүн ар бирине кошумча 100 миң доллардан инвестиция салууга тийиш.

Өзбекстан бийлиги бул "алтын виза" программасы өлкөгө бай инвесторлорду тартууга жана экономиканын капитал агымын күчөтүүгө жардам берет деп ишенет.

Мындай тажрыйба дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, мисалы Португалия, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Канада, АКШ жана башка өлкөлөрдө да колдонулуп келет.

Бирок айрым мамлекеттер мындай схемалардан баш тарткан учурлар да болгон. Маселен, 2022-жылы Британия "алтын виза" программасын токтоткон.

Ал кезде өлкөнүн ички иштер министри Прити Пател бул кадам "улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жана арам акчаны адалдаштырган коррупцияланган элитаны ооздуктоо" максатында жасалып жатканын айткан.

Ошондой эле, 2025-жылдын апрелинен тартып Испания дагы чет элдиктерге инвестициянын эсебинен "алтын виза" берүүнү токтотту.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргызстан парламенти да өлкөгө 10дон 20 миллион сомго чейинки ($115–230 миң) инвестиция салган чет элдик жарандарга беш жылдан 10 жылга чейин "инвестициялык виза" берүү тууралуу мыйзам кабыл алган.

Кыргызстандын бийлигинин эсебинде, бул программа өлкөдө ишкердик баштоону каалаган чет элдик жарандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Бирок айрым адистер белгилегендей, инвестиция тартуу үчүн эң оболу салык саясатынын ачык-айкындуулугун жана ишкерлердин менчигин коргоону камсыз кылуу керек.


Шерине

XS
SM
MD
LG