Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

Орус армиясы Украинаны абадан аткылоону жандантты


Орус армиясынын Константиновка шаарына жасаган аба соккусунун кесепети. 19-апрель, 2025-жыл. Архивден алынган сүрөт.
Орус армиясынын Константиновка шаарына жасаган аба соккусунун кесепети. 19-апрель, 2025-жыл. Архивден алынган сүрөт.

Украинанын бийлиги 21-апрелде билдиргендей, орус армиясы ондогон ракета жана дрон менен чабуул койду. Херсондо артиллериялык соккудан бир адам жараат алганы кабарланды. Ошол эле маалда, Украинанын дрону Орусиянын Белгород аймагында атып түшүрүлгөнүн расмий Москва ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 30 сааттык ок атышууу токтото туруу мөөнөтү аяктагандан кийин согуш аракеттери кайра башталганын маалымат каражаттары аркылуу билдирди. 19-апрелде Орусиянын президент Владимир Путин Пасха майрамына карата ок атуу токтотуларын жарыялаган.

Бирок Украинанын маалыматына караганда, бул тыныгуу маалында Орусия тараптан ок атуу режими үч миң жолу бузулган.

18-апрелде Парижде өткөн жолугушуудан кийин, ушул аптада Лондондо Европа, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн кийинки сүйлөшүүсү болот деп күтүлүүдө.

Америка президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Владимир Путин менен дагы бир жолу жолугууну пландоодо.

Стэнфорд университетиндеги Hoover институтунун кызматкери Сергей Санович 21-апрелде "Настоящее время" телеканалына берген маегинде:

“Трамптын бул жолу европалыктарды сүйлөшүүгө тартканы акылга сыярлык кадам. Бул Путинди айрым жеңилдиктерге барууга мажбур кылышы мүмкүн, анткени ал санкциялардын жоюлушуна кызыкдар”, — деп билдирди.

Ошол эле учурда, Трамптын администрациясы эгерде жакын арада келишимге жетишилбесе, сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетиши ыктымал экенин эскерткен.


Шерине

XS
SM
MD
LG