Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:17

Токтогулда төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин айкели ачылды


Элмирбек Иманалиевдин айкели. Токтогул шаары.
Элмирбек Иманалиевдин айкели. Токтогул шаары.

Кыргыз Республикасынын Эмгек баатыры, Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин айкели Токтогул шаарынын борборуна 20-апрелде орнотулду. Бул тууралуу республикалык “Айтыш” коомдук фонду билдирди.

Акындын көзү өткөндүгүнүн беш жылдыгына карата эстеликтин ачылышынан сырткары Токтогулда "Төкмө келсе төр бошот" деп аталган концерт да өттү.

Иш-чарага акындар, эл өкүлдөрү, маркумдун үй-бүлөсү, шакирттери, жакындары катышты.

Чыгаан акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.

“Айтыш” коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты болгон. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүктөн сырткары "Манасты", дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозундагы мыкты чыгармаларды жараткан.

Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде кырчындай 42 жашында күтүүсүз каза болгон. Ага чейин кант диабетинен жабыркап, дарыланып жүргөн. Артында жубайы, уул-кыздары калды.


Шерине

XS
SM
MD
LG