Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Алматыдагы марафондо эки адамдын өмүрү кыйылды


Алматыдагы жарым марафондун катышуучулары. 20-апрель, 2025-жыл.
Алматыдагы жарым марафондун катышуучулары. 20-апрель, 2025-жыл.

20-апрелде Алматы шаарында өткөн жарым марафондо эки адам каза тапкандан кийин, Казакстан бийлиги спорттук иш-чараларды уюштуруудагы коопсуздук талаптарын күчөтөрүн билдирди.

Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов социалдык тармактар аркылуу билдиргендей, учурда бул окуя боюнча ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

“Катышуучулардын саламаттыгы, иш-чаранын уюштурулушу, медициналык камсыздоо жана коопсуздук эрежелеринин сакталышы талданып жатат. Мындан ары мындай иш-чараларга жергиликтүү бийлик талапты күчөтөт”, — деп жазды министр.

Мындан сырткары министрлик конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, тиешелүү органдарга жөнөтөрүн убада кылды.

Марафондо чуркап баратып адегенде 84 жаштагы Аккоян Рсалиев, кийин 21 жаштагы Нурбол Ахмади каза болгон. Рсалиев жаш кезинен бери спорт менен алектенген. 2011-жылдан бери ондон ашуун марафонго катышып, эл аралык мелдештерде да жеңишке жетишкен. Бул жолу ал 21,1 чакырым аралыктагы жарыштын биринчи чакырымында жыгылып түшкөн. Дарыгерлер тез арада жардам көрсөткөнү менен, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Алдын ала ага көк кан тамырдын тромбоэмболиясы, кан басымынын туруктуу жогору болушу деген диагноз коюлган.

Ал эми Нурбол Ахмади буга чейин бир катар 10 чакырымдык жана башка аралыктагы жарыштарга катышып келген. Ал бул жолу марафондун 16-чакырымда эс-учун жоготкон. Жигит дарыгерлер жардам көрсөткүчө үзүлгөн. Ахмадиге да көк кан тамырдын тромбоэмболиясы деген алдын ала диагноз коюлган.

Алматы шаарынын полициясы эки адамдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин да Алматыда өткөн марафондор маалында катышуучулар каза болгон учурлар катталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG