Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

WSJ: АКШ согушту токтотуу боюнча Украинанын жообун күтүп жатат


Америка, Украина жана Европанын расмий өкүлдөрүнүн Париждеги жолугушуусу.
Америка, Украина жана Европанын расмий өкүлдөрүнүн Париждеги жолугушуусу.

АКШ, Украина жана Европанын расмий өкүлдөрүнүн ушул апта аягында Лондондо өтө турган жолугушуусунда Вашингтон согушту токтотуу боюнча сунушталган планга Киевдин расмий жообун күтүп жатат.

Эгер тараптардын позициясы дал келсе, бул сунуштар Москвага жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Бул план 17-апрелде Парижде өткөн жолугушууда Украина менен Европанын өкүлдөрүнө сунушталган. Анда Крымдын аннексиясын таануу мүмкүнчүлүгү жана Украинанын НАТОго мүчө болушун күн тартибинен чыгаруу тууралуу сунуштар камтылган.

Басылманын булактары белгилегендей, бул пландагы айрым пункттар Орусиянын талаптарына жооп бербейт. Маселен, Америка Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын Орусиянын карамагында деп тааныбайт.

Ошол эле учурда бул документте орус аскерлерин ал аймактардан чыгарып кетүү тууралуу талап коюлган эмес. Мындан тышкары, украин армиясынын санына чектөө киргизүү тууралуу сунуш да жок. Батыштан Украинага аскердик жардам берүү же Европа аскерлерин жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү дагы четке кагылбайт.

Планда ошондой эле Запорожье атомдук электр станциясы жайгашкан аймакты нейтралдуу зона деп жарыялап, аны АКШ өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн. Бул станция 2022-жылдын мартынан бери орус армиясынын карамагында.

Жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, президент Трамптын атайын өкүлдөрү Стивен Уиткофф жана Кит Келлог катышары күтүлүүдө. Уиткофф бул жолугушуудан кийин Орусияга дагы барышы мүмкүн, бирок бул сапар тууралуу азырынча расмий жарыялана элек.

Ал эми Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагы аркылуу Украина менен Орусия бул жумада "макулдашууга жетишет" деген үмүтүн билдирди.

“Андан кийин эки өлкө АКШ менен чоң бизнес жүргүзүп, байып кетишет”, — деп жазды Трамп.



Шерине

XS
SM
MD
LG