Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы №67 орто мектептин аймагындагы жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзгөн 11 бөлмө жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталганын билдирди.
Бул факты Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы билим берүү мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын текшерүүдө белгилүү болгон. 10-апрелде райондук прокуратура Свердлов райондук сотуна менчик укугун жараксыз деп табуу тууралуу доо арыз берип, иш каралат деп күтүлүүдө.
Бул окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева буга чейин парламентте Бишкектин чок ортосундагы №67 орто мектептин биринчи кабаты менчикке өтүп кеткенин айткан. Ал борбордо мектеп жетишсиз болуп, окуучулар батпай жатканда билим берүү мекемесинин менчикте турганын сынга алган. (BTo)
Шерине