Ырчы Латофаттын сырдуу, муңдуу, ырдуу маегин Жерге-Талда Жаңыл Жусупжан жаздырып алды.
Ооган кыргыздары Рахманкул хан баш болуп китеп окушкан жана мамлекеттик карым-катнаш жүргүзүшкөн.
Швейцариядагы шырдак
"Татти" деген ооган кыргыздарынын ырын Сайым Мулласа аткарат, Улуу Памир айлы, Түркия
Мал жандуу кыргыз шаарга көчүп кетсе да, тоодо мал багуунун жаңыча ыкмасын таап алды. Туугандарына мал бактырып, өздөрү баш-көз болуп, дасторконунан эт, кымыз, каймак үзүлбөйт.
Таанымал Таштанбек Акматовдун 75 жылдык мааракесинде 75 боз үй тигилбесе да, той болоорун уккан коңшу колоттон тарта, Бишкектен бери калың эл түрүлө келип, ыр угуп, жорго жарышка маашырланып, балбан күрөштү көрүштү. Күн жаркырап тийди. Биздин кабарчы дагы эл арасында жүрдү. "Азаттыкта" кеңири фото-баян чыгат, ага чейин ушул бир сүртүм сүрөттөрдү көрүп коюңуз.
Индияда жомоктогу үйлөнүү тоюн эңсеп барганым бир тең, аны элдин баарын жарыялап салып, түйшөлгөнүм бир тең болду.
Биринчи анын мотоциклин көргөнбүз. Батуминин каптал көчөсүндө эки минибусунун артында бешик арабасы бар жашыл «Урал» турган экен. Ээси менен ал «Уралды» чукулап атканда тааныштык.
Хайдарабад Индиядагы эң кооз шаарлардын бири. Калкы 10 миллионго чаап барган бул зор конгломераттын тарыхы да кызык. Шаардагы террордук кол салуулар тууралуу маалымат байма-бай болгондуктан, бул жер улуттар жана диндер аралык араздашуунун очогу экен деп ойлошуңуз мүмкүн. Ошол эле убакта диндер аралык мамиле бул демократиялуу өлкөдө коңшулаш Пакистанга караганда кыйла жакшы экендигин баамдоого болот. Бүгүнкү Хайдарабаддын турмушунан Кыргызстандагы кырдаалга окшош жагдайларды да байкоого болот. Шаардын илгертеден мусулмандар отурукташкан эски бөлүгүнө барган Жаңыл Жусупжандын сүрөт баяны.
Мумбайдан Хайдарабадга бир сааттай учтук. Тоюна чакырган Насридин аэропортко киши жиберем деген. Насеер Гиясты окурманга башында Кожо Насридин деп тааныштыргам, себеби өзүмө да бул саякат жомоктой көрүнгөн эле, эми сапарым чын эле жомокко окшоп келатты.
Дагы жүктөңүз