Жогорку Кеңеш 12-марттагы отурумунда Бишкектеги кыргыз-түрк достугу мамлекеттик ооруканасын биргелешип башкаруу боюнча Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн макулдашуусунун долбоорун жактырды.
Макулдашууга ылайык, Түркия жылына кеминде 20 кыргызстандык дарыгерди окутат, ошондой эле Кыргызстандын өзүндө дарыгерлерди жана медицина кызматкерлерин адистикке даярдоого көмөктөшөт.
Биргелешип башкаруу тууралуу макулдашуу беш жыл сайын жаңыланып турат. Оорукананы Түркия каржылайт. Анкара кыргыз-түрк ооруканасынын бюджетине жыл сайын 32 млн доллардан бөлүп турат, мындан тышкары, бейтапканада иштеген түркиялык дарыгерлердин айлык акысын төлөйт.
Бейтапканадагы оорулуулардын дартын аныктоо жана дарылоо акысын кыргыз тарап бекитет.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, аталган ооруканада азыр Түркиядан келген 9 дарыгер, 19 медайым, Кыргызстан тараптан 19 дарыгер жана 30 медайым иштеп жатат, мекеме жетекчиси Түркиядан дайындалган, анын орун басарлыгына Осмон Масалиев аттуу дарыгер беш жылдык мөөнөткө бекитилген.
2022-жылы бейтапкана 13 млн сом киреше тапкан. 2023-жылы кирешеси 157 млн сом, былтыр 307 млн сом болгон.
2016-жылы июнь айында Түркиянын каражатына курула баштаган оорукана 2017-жылы аяктап, иштей баштамак. Бирок ар кандай себептер менен толук ачылбай, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу ишке берилип, 2021-жылы толук ачылган.
Ооруканага былтыр сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилген.
Медициналык борбордо анестезия, терапия, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология, радиология бөлүмдөрү жана ошондой эле “Тез жардам” кызматы жана поликлиникасы бар. (ZKo)
Шерине