Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:55

Орусия менен Украина бири-биринин аймагына абадан чабуул койду


Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын аба чабуулунун кесепети. 12-март, 2025-жыл
Кривой Рог шаарына жасалган орус армиясынын аба чабуулунун кесепети. 12-март, 2025-жыл

Сауд Арабиясынын Жидда шаарындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Киев АКШнын 30 күнгө ок атышууну токтотуу сунушуна макул болгондон көп өтпөй, орус армиясы Украинанын аймагына абадан ракета жана дрондор менен чабуул койду.

Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарына эки ракета менен сокку урулганын Днепропетров облусунун губернатору Сергей Лысак 12-мартта билдирди. Бул чабуулда бир кишинин өмүрү кыйылды. Андан тышкары Одессага жакын жайгашкан жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулдан экипаждын төрт мүчөсү набыт болду.

Баш калаа Киевдин мэри Виталий Кличко абадан коргонуу системасы иштеп, чабуулдардын мизи кайтарылганын билдирди.

Ушундай эле соккулар Харьков шаарына да жасалды.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги 12-мартка караган түнү алты дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын бири Украинага караштуу, учурда Орусия аннексиялап алган Крымда, ал эми калган бешөө Кара деңиздин үстүндө жок кылынган.

"Крымский ветер" Телеграм-каналы Крымдын бир катар шаарларында жана аскердик объектилерине жакын жерлерде жарылуулар болуп, аба чабуулу тууралуу эскертүүлөр жаңырганын кабарлады.

Ошол эле учурда Орусиянын армиясы Курск облусунда дагы алдыга жылганын жарыялады. Бул маалыматты азырынча Киев ырастай элек.

2024-жылдын августунда миңдеген украин аскерлери Орусиянын батышындагы Курск облусунун болжол менен 1 300 чарчы чакырымын басып алган. Киев кийинчерээк бул операцияны келечектеги сүйлөшүүлөрдө соодалашуу үчүн позицияны чыңдоо жана орус аскерлерин Украинанын чыгыш фронтунан алыстатуу аракети катары мүнөздөгөн.

Андан бери орус күчтөрү Курск облусунун бир топ аймактарын кайтарып алууга жетишти, бирок украин аскерлери дагы эле айрым аймактарды көзөмөлдөп турат.


Шерине

XS
SM
MD
LG