Грузияда сот мурдагы президент Михаил Саакашвилини бюжеттик каражаттарды кымырып алуу иши боюнча тогуз жылга эркинен ажыратты. Айыптоонун версиясына караганда ал 9 миллион лари же болжол менен 3,2 миллион доллар уурдаган деп табылды. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун грузин кызматы жазды.
Буга чейин Саакашвили кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган деген кине менен сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчы 2021-жылдын 1-октябрынан бери түрмөдө отурат. Ал чет өлкөдөн мекенине кайтып келери менен кармалган.
Судьянын түшүндүрмөсүнө ылайык, калган үч жыл алты айдын ордуна, Саакашвили дагы алты жыл алты ай түрмөдө жазасын өтөш керек.
Өкүм чыгарылган учурда сот залында нааразылык сөздөрү жана кыйкырык-сүрөөн жаңырып турду. Көпчүлүк сотту "Бидзинанын кулу" деп атап, бул чечим "Грузин кыялы" башкаруучу партиясынын жана анын расмий эмес лидери, олигарх Бидзина Иванишвилинин кызыкчылыгын көздөп чыгарылганын белгилеп жатышты. Андан соң айрымдар сот залынан чыгарылды.
Саакашвилинин коргоочулары, мурдагы бийликтеги "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы жана башка оппозициялык топтор бул ишти жана чыгарылган чечимди саясий жактан негизделген деп эсептешет.
Саакашвили менен бул иш боюнча соттолуп жаткан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Теймураз Жанашия 300 000 лари же 107 миң доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Саакашвили 2004-жылдан 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. Ал экинчи президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин өлкодөн чыгып кеткен cоң мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон. Алардын арасында 2007-жылдын ноябрында оппозициялык акцияны таратууда кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдалануу, "Имеди" телеканалын басып алуу жана анын негиздөөчүсү Бадри Патаркацишвилинин мүлкүн тартып алуу, бюджеттик каражаттарды кымырып алуу, Грузиянын Бирдиктүү банкынын кызматкери Сандро Гиргвлианини өлтүрүүнү уюштуруу деген сыяктуу айыптар бар эле.
2018-жылдын январында Тбилиси шаардык соту мурдагы президентти кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Андан кийин ошол эле сот Саакашвилини парламент мүчөсү Валерия Гелашвилиге кол салууну уюштурган деп таап, дагы алты жылга кескен.
Михаил Саакашвили Украинадан Грузияга 2021-жылдын сентябрында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоонун алдында кайтып келген. Ал учурда Тблисидеги "Вивамед" клиникасында көзөмөл алдында дарыланууда.
Шерине