
Барпы айыл аймагынын Насосный участкасынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан. Үйдүн терезесине чейин агып келген суу дубалды жырып өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-апрель саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.