Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Париж жыйыны: Украинанын таразадагы тагдыры


Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро (солдо), Британиянын тышкы иштер катчысы Дэвид Ламми (ортодо) жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио (оңдо), Париж, 2025-жылдын 17-апрели.
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро (солдо), Британиянын тышкы иштер катчысы Дэвид Ламми (ортодо) жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио (оңдо), Париж, 2025-жылдын 17-апрели.

Пасха майрамына чейин Украинада ок атышууну токтотуу демилгелери айтылган. Бул аракет ишке ашпаса да, соңку дипломатиялык жаатта бир топ үмүт жараткан жылыштар болду.

Украина, АКШ жана Европадагы негизги өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Парижден оң маанайдагы жылыштар тууралуу кептер тарады.

Бул форматтагы мындай жолугушуу биринчи жолу өтүп жатат.

Кошмо Штаттардын Орусияны кандайдыр бир ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга тартуу аракети буга чейин Москва тараптан болуп, бирок ал бүдөмүк, так эмес жооптор жана бомба чабуулдары менен коштолуп келген.

Американын атайын өкүлү Стив Уиткофф 11-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен үчүнчү жолу жолуккандан кийин, "макулдашуу жүрүп жатат" деп билдирген. Анын сөзүндө Украина чоң аймактарды Орусияга өткөрүп берүү менен гана келишимге кол кое алат деген маанай байкалган.

Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский Уиткоффту "Орусиянын риторикасын жайылтып жатат" деп сындады.

"Камераны күйгүзбөгүлө, сураныч"

Париждеги жолугушуудан болгону 45 секунддук видео жарыяланды. Анда Франция президентинин кеңешчиси Эммануэл Бонн Стив Уиткоффтон жолугушууну утурлай маалымат берүүнү суранганы көрүнөт. Бирок камераларды ошол замат коопсуздук кызматы залдан чыгарды.

"Франциянын президенти Эммануэл Макронду кошкондо, көпчүлүк европалык лидерлер, Стив Уиткофф сунуш кылган идеяларга караманча каршы экени айдан ачык көрүнүп турат", - деди француз саясат таануучусу, Саясий чечимдерди изилдөө борборунун (CERAP) жетекчиси Николас Тензер "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде.

Ошентсе да Тензер кошумчалагандай, мындай жолугушуунун өзү эле алдыга жылууну көрсөтүп турат.

"Европалыктар алардын катышуусу жок эч кандай келишим болбостугун түшүнө башташты", - деди ал.

Жолугушууда Украина боюнча жаңы келишимдер кабыл алынган жок. Бирок тараптар кийинки жолугушууну жаңы форматта, Европа, Украина жана АКШ катышкан курамда Лондондо өткөрүүнү макулдашты. Бул өзүнчө чоң кадам катары бааланууда.

Парижде чогулган АКШ, Европа жана Украинанын жогорку даражалуу өкүлдөрү. 17-апрель, 2025-жыл.
Парижде чогулган АКШ, Европа жана Украинанын жогорку даражалуу өкүлдөрү. 17-апрель, 2025-жыл.

Үстөлдөн орун алуу

Париждеги сүйлөшүүлөргө АКШнын өкүлү Кит Келлог да катышты. Ал мындан мурда, тактап айтканда февралда Мүнхенде өткөн конференцияда, Украинанын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдө "Европага үстөлдө орун жок" деп айткан. Ошондон бери Келлог негизги жолугушууларда дээрлик көрүнбөй калган.

“E3 өлкөлөрү үстөлдүн айланасында, биз бул процессти европалык демилге менен жүргүзүп жатабыз”, - дейт француз дипломаттарынын бири. E3 деп ал Британия, Франция жана Германияны айтууда.

Вашингтондо жайгашкан Европа саясатын изилдөө борборунун (CEPA) президенти Алина Полякова жолугушуу Америка Европанын колдоосун издеп жатканын көрсөттү деген пикирде.

“Алар Европанын салымы маанилүү экенин түшүнүштү, анткени Европа бул жаңжалдын тикелей катышуучусу. Бул Украинанын аймагы үчүн гана күрөш эмес. Бул Европанын жалпы коопсуздугуна тиешелүү чоң суроолор. Аларды бөлүп кароого болбойт”, - деди ал.

АКШнын президенти Дональд Трамп Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен Ак үйдөгү жолугушууда. 17-апрель, 2025-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен Ак үйдөгү жолугушууда. 17-апрель, 2025-жыл.

Парижде жолугушуу өтүп жатканда, АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Италиянын премьер-министри Жоржиа Мелонини кабыл алды.

Ал жакынкы күндөрдө эки ири өнүгүү болушу мүмкүн экенин айтты. Алардын бири, Украина менен келишим түзүлүп, АКШга сейрек кездешүүчү минералдарды иштетүү мүмкүнчүлүгү берилет. Экинчиси, Орусиядан Украинада ок атышууну токтотууга байланыштуу жооп келиши ыктымал.

Бул эки багытта тең буга чейин Америка аткаминерлеринин үмүт жараткан билдирүүлөрү ишке ашпай келген.

Бирок Европа, Украина жана АКШ катышкан жаңы дипломатиялык процесстин башталышы жаңы деңгээл. Лондондо өтөт деп жарыяланган жолугушуу чынында эле жемиштүү дипломатиялык процесстин башталышы болобу, же убакыт короткон, натыйжасыз аракеттердин дагы бири болобу? Бул суроонун жообу азырынча ачык турат.

Макаланын автору: Ray Furlong

Которгон: Элиза Кененбаева.

Шерине

XS
SM
MD
LG