Ишембиде Орусия жана Украина аскер туткундарын алмашты, тараптар бири-бирине 246 адамдан өткөрүп беришти.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдиришинче, Украинага "ыктыярдуу түрдө" 31 жарадар аскери 15 орус аскерине алмаштырылуу үчүн кайтарылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский алмашуу алкагында 277 адам кайтып келгенин билдирди. Анын айтымында, согуш башталгандан бери аскер жана жайкын тургундарды кошкондо туткунга түшкөн 4552 адам кайтарылган.
Бул жолу туткундарды кайтаруу ишинде Бириккен Араб Эмирлиги арачы түшкөн.
Украинага мындан тышкары 909 аскер кызматкеринин сөөгү кайтарылган. Бул тууралуу Аскер туткундары боюнча Координациялык штаб билдирди.
Маркумдар курахов, покров, бахмут, угледар, луганск, харьков, запорожье жана сумы багытында каза болушкан. Айрым жасаттар орусиялык мейитканада болгон. Сөөктөрдү алып келүү ишин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн атайын курамы аркалоодо. Укук коргоо органдары ИИМдин эксперттери менен жакын арада өлгөндөрдүн тек-жайын тактай турганы белгиленген.
Орусияга 41 аскердин сөөгү кайтарылганын РБК Мамдуманын депутаты Шамсаил Саралиевге таянуу менен билдирди.
Шерине