Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

Украинага каршы согушта 103 миңден көп орусиялык аскер каза тапты


Украинага басып киргенден бери 103 миң орусиялык аскер окко учкан. Бул тууралуу Би-Би-Би жана "Медиазона" басылмасы билдирди. Изилдөөдө белгиленгендей, Орусия АКШ менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан акыркы эки айда фронттогу жоготуу азайган жок, тескерисинче мурдагыдан көбөйгөн.

18-апрелде журналисттер согушта өлгөн 103 миң 275 адамдын тизмесин түзө алышкан. Журналисттер маалыматты ачык булактан, медиага чыккан некрологдордон жана бийликтин каза тапкандар тууралуу билдирүүсүнөн топтошот.

Февраль айында күнүнө 234 некролог чыгып турган, бул 2024-жылдагы орточо көрсөткүчтөн жарым эсе көп.

Жоготуулардын жарымын согушка чейин армияга байланышы болбогон адамдар түзөт (52%), 16% абактагылар, 12% мобилизация болгондор, 25% ыктыярчылар.

Изилдөөчүлөр чыныгы жоготуулар мындан да көп деп эсептешет. Басылма сурамжылоо жүргүзгөн адистер орусиялык көрүстөндөгү жана аскердик мемориалдарга жүргүзүлгөн анализдер, жарыяланган некрологдор реалдуу сандын 43 пайыздан 65 пайызга чейинкисин эле камтышы мүмкүн деп эсептешет.

Орусия жана Украина фронттогу реалдуу жоготуулары жөнүндө маалыматты жашыруун кармашат. Батыштын чалгынчылары Орусия тарапта дагы, Украина тарапта дагы жүздөгөн миң адам жарадар жана каза тапкан, айрыкча орусиялыктардын жоготуусу көбүрөөк дешет.


Шерине

XS
SM
MD
LG