Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:18

Путин 21-апрелге чейин ок атууну убактылуу токтоторун жарыялады


Владимир Путин жана Валерий Герасимов
Владимир Путин жана Валерий Герасимов

Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов менен жолугушууда Пасха майрамынын урматына Украина менен убактылуу ок атууну токтоторун жарыялады.

“Орус тарап 19-апрелде саат 18:00дөн 21-апрель 00:00гө чейин согуштук аракеттерди токтотот”, - деп айтылат Кремл тараткан билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги ок атышууну токтотуу режими "Украина анын шарттарын аткарганда" сакталарын тактады.

  • 2023-жылдын январында да Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Рождество майрамына карата ок атууну токтотууну тапшырып, иш жүзүндө Украинаны аткылоо уланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG