Казакстандын Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтада болгон кырсык 32 өмүрдү алды. 17 кенчи ооруканага жаткырылды, жер астында ондогон адамдар калууда. Каргашадан улам 29-октябрь Казакстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Казак президенти Касым-Жомарт Токаев кырсык болгон жерге - "Арселор Миттал Темиртау" компаниясына таандык Костенко атындагы шахтага барып, маркум кенчилердин жакындары менен жолугушту.
Кырсык
ишемби 28 Октябрь 2023
21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү. Алар тез арада Газага гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн эсеп ачуу демилгеси көтөрүлүп, согушту токтотуу жана аялдар менен балдардын укугун коргоого олуттуу көңүл буруу керектигин айтышты. Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, бул маселеге Муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кайрылууга үндөдү.