Москвадагы кыргыз дипломатынын үй-бүлөсүнө жасалган орой мамилени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айыптап, нота тапшырды. Мунун алдында орус полициясы элчиликтин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнүн эшигин бузуп кирип, күч колдонгону кабарланган. Казакстандын парламенти үй-бүлөлүк зомбулук жана балдарды зордуктоого айыпталгандардын жазасын катуулаткан мыйзам кабыл алды. Өлкөдө аялын уруп өлтүрүүгө шектелген экс-министр Бишимбаевдин соту чуу жаратууда. Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлдү. Бишкек аталган айылды Ташкент менен башка жерге алмашкан.
Экономика
жума 12 Апрель 2024
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда орусиялык "Мир" банк картасын тейлөө токтотулганына өкүнүчүн билдирди.
Ал 12-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Бишкек "эч кандай санкциядан" коркпосун айтып, бул төлөм карта ириде кыргызстандыктар үчүн пайдалуу болгонун белгиледи.
Анын алдында Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набибулина "Мир" картасын тейлөөнү токтоткон өлкөлөргө жооп болушу ыктымалдыгын айткан.
Акылбек Жапаров "Кабардагы" соңку маегинде кыргыз өкмөтү "Мир" банк картасын тейлөө токтотулгандан кийин гана ал тууралуу кабардар болгонун айткан. Бул карта айрыкча Орусиядагы кыргыз мигранттары үчүн пайдалуу болуп келгенин белгилеп, учурда башка альтернативдүү жолдор караштырылып жатканына токтолгон. Ошол эле маалда өкмөт башчы Кыргызстан Батыштын санкциясынан чочулабай турганын билдирген.
"Биринчиден, биз эч кандай санкциядан коркпойбуз. Жашоо санкция менен деле улана берет. Экинчиден, санкция киргизгенге негиз да жок. Үчүнчүдөн, “"Мир" картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ (Банктар аралык процессинг борбору) өкмөткө карабайт. МПЦны коммерциялык банктар көзөмөлдөйт. Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54 пайыздан көбүнө кожоюндук кылышат экен. Балким, ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек. "Мир" картасы көбүнчө орусиялыктарга эмес, бизге пайда алып келет эле. "Мир" картасын өчүргөнү үчүн Орусиянын кылы да кыйшайбайт. Анын иштеп турганы бизге көбүрөөк керек эле. Мейли эми өчүрсө өчүрүптүр да деп башка жолдорун караштырып жатабыз. МПЦга өкмөт менен макулдашып койсоңор болмок деп жатабыз. Себеби Орусияда биздин бир миллиондон ашуун жараныбыз бар. Алардын баары "Мир" картасын колдонушчу. Орус тараптан да үч жылдан бери Кыргызстанга өзүңөрдүн банкыңарды ачкыла же чоң бир банкыңардын филиалын ачып бергиле деп суранып келе жатабыз. Макул деп эле келе жатышат, бирок эмдигиче ачылбай жатат. Жай иштешеби же ачкылары келбей жатышабы, билбейм. Жок дегенде бир банкынын филиалын ачып коюшса, биз үчүн жакшы болот эле", - деген Акылбек Жапаров.
Мунун алдында Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набибуллина "Мир" картасын колдонууну токтоткон өлкөлөргө чара көрүлүшү ыктымалдыгын эскерткен. Ал 10-апрелде Мамлекеттик Думада депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда достук маанайдагы өлкөлөр менен кошумча жолдор караштырылып жатканын айткан:
"Финансылык секторго салынган санкциялар токтобой, күчөп жатат. Санкцияларга карабай биз дос өлкөлөр менен инфратүзүмдөрдү сактоо, өнүктүрүү жана альтернативдүү чечимдерге байланыштуу диалогду улантып жатабыз. Белгилүү себептерден улам кандай альтернативдүү чечимдерди иштеп чыгып жатканыбызды ачык айта албайм. Биз өнөктөштөрүбүзгө төлөмдөрдүн иштеген механизмдерин түзүү аларга дагы пайдалуу экенин түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз. Анткени алар дагы Орусиядан келген туристтик агымга кызыкдар, Орусиядагы мигранттар которгон акчага кызыкдар. Ошондуктан биздин көпчүлүк өнөктөштөр бул баарыбыздын кызыкчылыгыбызга туура келерин түшүнүп жатат. "Мир" картасын тейлөөнү токтоткондорго жооп катары чараларды көрүү теориялык жактан мүмкүн. Бирок биз өздөрүн конструктивдүү алып жүрбөгөн жана кошумча кандайдыр бир жол-жобо кабыл алуу жаатында иштебеген өлкөлөргө карата көрүлчү аракет катары карашыбыз керек деп ойлойм".
“Банктар аралык процессинг борбору” 3-апрелден тартып Орусиянын “Мир” карталарын тейлебей калган жана терминал аркылуу төлөмдөрдү, банкоматтардан накталай акча алууну, картадан картага каражат которууларды токтоткон.
2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Британия баштаган бир катар мамлекеттер Орусияга, бир катар тармактарына, анын ичинен банк системасына санкция салып, чектөө киргизген. Бир катар орусиялык банктар SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүрүлгөн. Москвага санкция салган өлкөлөр Орусиянын санкциядан кыйгап өтүшүнө көмөктөшкөн, жол берген башка өлкөлөр дагы "кара тизмеге" кошулушу ыктымал экенин эскерткен.
2024-жылы февралда "Мир" картасынын оператору АКШнын да санкциясына кабылган.
Буга чейин Samsung Pay сервиси дагы 3-апрелден тартып "Мир" төлөм системасы менен кызматташуусу токтотуларын билдирген. Ага ылайык, сервистин тиркемесине бул картаны кошууга, мурда кошулгандарын колдонууга, коомдук транспортто жол кирени төлөөгө мүмкүн болбой калган. "Мир" карталарын кабыл алууну Apple Pay да токтоткон. Февралдан тартып Орусияда Huawei Pay тиркемеси да иштебей калган.
Талдоочу Искендер Шаршеевдин пикиринде, Кыргызстан бул санкцияга илинип калса, кесепети оор болмок:
"Банктар аралык процессинг борборунун кеңсеси Европада, ошондуктан алар Кыргызстанга баш ийбейт. Эгер алар санкцияга илинип калуудан чочулап ошол системаны өчүрсө, демек бул биздин күнөөбүз эмес. Ошол эле учурда Орусияда дагы бизге чара көрүүнү талкуулашыптыр. Эгер санкция кирсе, SWIFT (банктар аралык акча которууну камсыз кылган глобалдык система - ред.) токтотулат. Эгер ошондой болсо, эл аралык соода жүргүзүүгө, банктардагы акча которууларга чоң зыяны тиет. Кесепеттери бар. SWIFT системасы өчүрүлсө, бизге эле чоң зыян болот".
Буга чейин АКШ Орусияга салынган санкцияларды буйтап өткөнгө көмөктөшкөнү үчүн деген негизде кыргызстандык бир катар компанияларга, адамдарга санкция салып, "кара тизмеге" киргизген. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан.
Экономикалык серепчи Эрлан Камалов түзүлгөн кырдаалдан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табуу керектигине токтолду:
"Кээ бир учурда Орусияга салынган санкциялардын бизге оң таасири дагы болуп жатат. Банктык которууларда башка альтернативдүү жолдорун кароо, же болбосо Кыргызстандын өзүнүн системасын мигранттар үчүн Орусиянын банктарына орнотуу жолдорун дагы карап көрсө болот. Кыргызстанда көбүнчө банктык которуулар, банктык системалар ошол биздеги 24 банктын арасында гана жүргөн. Биздеги системаларды эл аралык деңгээлге чыгарууга, финансылык рынокко чыгарууга убакыт келдиби деп ойлойм. Бул банк системасында жаңы продукциянын пайда болушуна алып келиши мүмкүн".
Санкциядан улам акыркы айларда Казакстандагы Halyk Bank жана Армениядагы "Армениан Кард" системасына кирген банктар Орусиянын "Мир" картасын тейлөөнү токтоткону маалым болгон.
Былтыр августта АКШ Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылган. Анда Бишкекти Москвага Батыш салган санкциядан буйтап өтүүгө жардамдашпоого чакырган.
Көп өтпөй Садыр Жапаров санкция тууралуу дооматка жооп берип, "Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин" билдирген.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш мамлекеттери Москванын Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) жана Жамааттык кызматташтык келишим уюмундагы (ЖККУ) өнөктөштөрүнө басым жасап жатканын айтып чыккан.