Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырды. Өткөн жылы Маданият министрлиги бул социалдык тармакты тыюу чечимин чыгарган.
Пайдасы, зыяны адамдын өзүнөн көз каранды
Социалдык тармактарда ар кандай видео тартып таанымал болгон Акылбек Өмүрбеков өкмөттүн ТикТокту жаап салуу чечимин түшүнбөй жатат. Блогердин пикиринде, алыскы айылдагы талантуу ырчыдан баштап, базардагы соодегер жана белгилүү ишкер үчүн ТикТок мыкты платформалардын бири.
“ТикТок менен жаштарга мамлекеттик деңгээлдеги идеологияны жеткирүү үчүн жакшы контентти жасаса болот. Улуттук баалуулук, кооз жерлерди таанытуу, кыргыз тили сыяктуу. Бийлик деле өзүнүн ишин, саясатын элге жеткиргенде жакшы инструмент болчу”, - деди блогер.
Өкмөттүн ТикТокту жабуу аракети социалдык тармактарда ар кандай пикир жаратууда. Айрымдар ал жерде балдарга зыян контент көп десе, башкалары ар бир адам балдарын өзү көзөмөлдөшү керек деп жатышат.
Аткаруучу Курал Чокоев:
“Эгерде сен ТикТокто кызыктуу видео көрсөң ошого жараша контент көрсөтөт. Эгерде сен акмактардын түз эфирин көрсөң, өзүң ошондойсуң. Тик Токтун эмне тиешеси бар?".
Алып баруучу Улук Сапаров:
“Негизги ТикТоктон таланттар ачылып, ошол жактан пайда таап жатышкан. Жакшы жагы дагы бар болчу. Бирок, жаман жагы ыпылас нерселер көп тарап кеткен. Адам маалыматты ылгай билиши керек да".
Тик Ток колдонуучу Нурдана Таалайбек кызы:
“Орусияда деле ТикТок менен Инстаграм жабылган. Бирок иштеп эле жатат. VPN жана башка жолдорун табабыз”.
ТикТок кантип бөгөттөлөт?
Санариптик өнүктүрүү министрлиги ТикТокту жабуу боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берген жок.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык желесин бөгөтөө боюнча кат жөнөткөнү белгилүү болду. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кат жолдогон. Анда кыргыз сегментинде айрыкча балдар үчүн контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылган.
“Кыргыз Республикасынын “Балдардын ден соолугуна, дене боюна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын 2-1-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыгы негиз болгон. Анда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтын түрлөрү аныкталган”, - деп айтылат билдирүүдө.
Азырынча өлкөдөгү интернет-провайдерлери Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каты боюнча комментарий бере элек. Алардын бири “Азаттыкка” министрликтин каты келгенин ырастады. Ошол эле маалда социалдык тармактын колдонуучулары ТикТок тиркемесин жабуунун техникалык мүмкүнчүлүгүнө кызыгып жатышат.
Программист Азамат Акматов буларга токтолду.
“Тиркеме иштей берет, болгону бул жактан ачканда иштебегендей кылып коюшат. IP-даректен жаап коюшат дагы, Кыргызстанда көрсөтпөй калат. Бирок Орусиядагыдай эле VPN менен ТикТокту иштете беришет. Мурункудай болбойт, телефондор ысыйт деген сыяктуу учурлар болот. Техникалык жактан жапканы менен иш жүзүндө иштей берет”, - деди Акматов.
Былтыр 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечимди кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүшүнө, саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөн.
Сөз эркиндиги чектелбейби?
Маданият министрлигинин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны "сөз эркиндигин чектөө" катары баалагандар болгон.
"ПолитКлиника" басылмасынын редактору Дилбар Алимова маалыматты тез жайылтууда Тик Ток сегменти ыңгайлуу экенин Фейсбуктагы баракчасында жазды.
АКШда Конгресстин Өкүлдөр палатасы 13-мартта өлкө аймагында кытайлык популярдуу тиркеменин ишин чектөөнү караган документти жактырган. 14-мартта Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбин АКШны атаандаштыктын, эл аралык сооданын эрежелерин бузууга айыптап, улуттук коопсуздукка шылтоолоп, башка бир өлкөнүн компанияларын чектөө адилетсиз чечим экенин билдирген.