Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Борбор Азия

Пакистан–Ооганстан чек арасындагы Чаман шаарындагы өткөрмө бекети (архивдик сүрөт).
Пакистан–Ооганстан чек арасындагы Чаман шаарындагы өткөрмө бекети (архивдик сүрөт).

Пакистан менен Ооганстандын чек арасында беш жерде катуу салгылашуу болуп, бир нече аскер каза тапканы кабарланды.

Пакистандын коопсуздук кызматындагы булактар "Машал" радиосуна билдиргендей, 12-октябрга караган түнү чек арага жакын райондогу салгылашууда жана андан кийин атышууда үч пакистандык аскер жана бир жаран окко учуп, беш аскер жараат алган.

Булактардын айтымында, чек аранын Пакистан тарабында жашаган айрым тургундар коопсуз аймактарга чыгып кетүүдө. Пакистан тараптын жооп катары ок атуусунан Ооганстандын аймагындагы Талибандын бир канча чек ара бекеттери жок кылынган.

Ооган тараптагы жоготуулар тууралуу азырынча маалымат жок.

"Пакистандык күчтөр тез жана катаал жооп кайтарып, ооган тараптагы бир канча чек ара бекеттерин бутага алды", - деп ырасташты өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери Dawn басылмасына.

Пакистан ок атышууда артиллерияны, танктарды, жеңил жана оор куралдарды колдонуп жатканы маалым болду.

Ооганстандын Талибан башкарган бийлиги өз кезегинде Дюранд сызыгына жакын Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн базаларына каршы операциялары ийгиликтүү болгонун ырастады.

Алардын айтымында, Пакистан Ооганстандын аба мейкиндигин жана аймагын бир канча жолу бузган.

Узундугу 2600 чакымдык Ооганстан–Пакистан чек арасы "Дюранд сызыгы" деп аталат. Чийин оторчулук доордо, 1893-жылы эл аралык чек ара катары белгиленген.

Талибандын Коргоо министрлигинин маалыматында, операция жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосунда аяктаган.

Бирок талибдердин өкүлдөрү Пакистан менен чек арага жакын Кунар, Нангархар, Пактия, Хост жана Гилменд провинцияларында кагылышуулар токтой электигин билдиришти.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын жогорку даражалуу өкүлү "Франс-Пресс" (AFP) агенттигине мындай деп билдирди:

"Бүгүн кечке жуук талиб күчтөрү курал колдонууга киришти. Биз чек аранын төрт участогунда алгач жеңил, андан кийин оор артиллерия менен аткылай баштадык".

Расмий өкүлдүн айтымында, пакистандык күчтөр жардыргыч зат алып жүрөт деп шек санашып үч ооган квадрокоптерин атып түшүргөн. Ал ошондой эле катуу салгылаш уланып жатканын кошумчалаган.

Мамиленин начарлашы

Чек ара аймагынан түшкөн маалыматтарды азырынча көз карандысыз маалымат булактарынан текшерүү мүмкүн эмес.

Бир кездеги союздаштардын мамилеси оогандык талибдер Исламабадга кастарын тиккен экстремисттик "Техрик-е Талибан" тобунун жоочуларына баш калка берди деген айыптоодон улам бузулган.

2021-жылы Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин бийликке келген талибдер "Техрик-е Талибандын" мүчөлөрүнө баш калка бергенин четке кагып келет.

Булактардын "Машал" кызматына билдиришинче, 9-октябрда Пакистандын мурда болуп көрбөгөндөй дрон соккуларынын айынан Ооганстандын борборунда экстремисттик уюмдун эки жогорку даражалуу мүчөсү өлтүрүлгөн. Бул окуя эки тараптын ансыз да чыңалган алакасын ого бетер курчутту.

Пакистандын коопсуздук кызматындагы булак билдиргендей, Кабулга 9-октябрдын кечинде "Техрик-е Талибан" уюмунун лидери Нур Вали Мехсудду бутага алуу үчүн сокку урулган. Мехсуд бул соккуларда өлгөнү же аман калганы белгисиз.

"Техрик-е Талибандын" булактарынын маалыматында, лидер тирүү, бирок уюмдун эки ишенимдүү мүчөсү каза болду. Алардын ысымдары ачык айтылган жок.

Сокку тууралуу кабар тарагандан кийин пакистандык медиа каражаттары Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шафик Али Ханга таянып маалымат таратты.

Ал Исламабад Ооганстандын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин урматтай турганын, ошондой эле терроризмге байланышкан көйгөйлөрдү талкуулоого жана кызматташууга даяр экенин белгилеген.

Өкүл ошол эле учурда Пакистан жарандарынын коопсуздугу жана бакубаттуулугу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Шафик Али Хан Пакистандын Ооганстандагы аба соккулары тууралуу комментарий берген жок, бирок өлкө чалгын кызматынын маалыматтарынан улам терроризмге каршы чара көрүп, өз жарандарын коргоп жатканын айтты.

Исламабад Кабулду "Техрик-е Талибан" кыймылынын мүчөлөрүнө өз аймагында башпаанек берүүнү токтотууга чакырды.

Иран, Сауд Арабиясы жана Катар расмийлери акыркы кагылышуулардан кийин тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Калкынын саны 247 миллионго чукул, армиясы күчтүү Пакистан дагы бир коңшусу Индия менен көп жылдан бери тирешип келет.

Пакистан бул жолу дагы Индия менен чек аралаш аймактарында армиясын жогорку даярдыкка келтирди. Бул касташкан эки өлкөнүн куралдуу кагылышуусу дагы кайталанышы мүмкүн деген чочулоо жаратты.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы чыңалуу Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Мутаки 9-октябрда Индияга тарыхый сапар менен барган тушта болду. Ал бир жумадай сүйлөшүү өткөрөрү күтүлүүдө.

Германияда жашаган Ооганстан маселелери боюнча эксперт Ишаг Атмар "чабуулдун убактысы кокустук эмес" деген ойдо.

"Мутаки мырзаны Индиянын расмийлери жылуу тосуп алып, келишимдерге кол коюлуп, дипломатиялык мамилелер элчилик деңгээлине көтөрүлдү. Пакистан муну көргөндөн кийин Индияга, Талибан өкмөтүнө жана чөлкөмдөгү абалга көз салган башка өлкөлөргө саясий ишарат кылды" дейт эксперт.

Калкынын саны 44 миллионго жакын, жакырчылыкка белчесинен баткан Ооганстан азыр эл аралык аренада обочодо турат. Учурда Талибанды өлкөнүн мыйзамдуу бийлиги катары Орусия гана тааныган.

Эл аралык коомчулук талиб өкмөтүн адам укуктарын, айрыкча аялдардын укугун одоно бузганы үчүн айыптап келет.

AFP, Dawn жана dpa маалымат агенттиктеринин материалдары колдонулду.
Өзбекстандын президентинин балдары Самаркандда италиялык тенор Андреа Бочеллинин концертине барган учур. 1-сентябрь, 2025-жыл. Сүрөт Саида Мирзиёеванын Фейсбук баракчасынан алынган.
Өзбекстандын президентинин балдары Самаркандда италиялык тенор Андреа Бочеллинин концертине барган учур. 1-сентябрь, 2025-жыл. Сүрөт Саида Мирзиёеванын Фейсбук баракчасынан алынган.

Өзбекстан чет элдик атактууларды өлкөгө чакыруу аркылуу дүйнөлүк аренада өз имижин жакшыртуу аракетин көрүүдө. Алардын көбүнө президенттин кыздары жана күйөө балдары катышат. Бирок конокторду тосууга коротулган чыгым айтылбайт, анын баары кооз иш-чаралардын артында калат.

Супермоделден FIFA президентине чейин

Тогуз жыл мурун бийликке келген Шавкат Мирзиёевдин “Өзбекстан дүйнөгө ачылууда” деген сөзү акыркы жылдары ураанга айлангандай, ал тургай популярдуу да болуп кетти. Борбор Азиядагы калкы эң көп бул өлкөгө Батыштан атактуулар барган учурлар көбөйдү.

Талдоочулардын баамында Ташкент бул визиттерди пиар максатында колдонууга көндү.

Сентябрда Ташкентке Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино келди. Ал социалдык тармактагы баракчасында Өзбекстанды мактап, өлкөдөгү футбол реформасын жана жетишкендиктерди жогору баалады. 8-сентябрда президент Шавкат Мирзиёев Инфантинону кабыл алып, “Дустлик” (Достук) орденин тапшырды.

Август айында америкалык ырчы жана актриса Женнифер Лопестин Ташкенттеги концерти жергиликтүү медиада чоң маданий окуя катары чагылдырылды. Ага салттуу өзбек чапаны жана анын портрети түшүрүлгөн кооз табак белекке берилди.

2024-жылы SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын апасы Мэй Маск Өзбекстанга келип, Central Asian Expo көргөзмө борборунда сөз сүйлөгөн.

Ошол эле жылдын май айында келген белгилүү британ фотографы Питер Сандерс ислам мурасына арналган долбоорлорго катышты.

Telegram платформасынын негиздөөчүсү Павел Дуров да Өзбекстанда болуп, өлкөнүн модернизация процессин жогору баалап кетти.

Британ супермодели Наоми Кэмпбелл “Креативдүү экономика – 2024” конференциясына катышып, Өзбекстанды мактады.

Быйыл италиялык тенор Андреа Бочелли Самарканддагы Регистан аянтында Өзбекстандын көз карандысыздык күнүнө арналган концертте ырдады. Бул иш-чаранын ардактуу конокторунун катарында президент Мирзиёевдин кыздары болушту.

2024-жылдын май айында Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Өзбекстанга келип, социалдык тармактарда аны президенттин эки күйөө баласы коштоп жүргөн видеолор тараган. Бул Мирзиёевдин туугандарынын Түндүк Кавказдагы талаштуу жетекчи менен жеке байланышы тууралуу суроолорду жараткан.

Президенттин дагы бир кызы Шахноза Мирзиёева (оңдон биринчи) Бочеллинин концертинде. Самарканд, 1-сентябрь, 2025-жыл.
Президенттин дагы бир кызы Шахноза Мирзиёева (оңдон биринчи) Бочеллинин концертинде. Самарканд, 1-сентябрь, 2025-жыл.

Саиданын биенналеси Гүлнаранын шоуларына альтернативабы?

Өзбекстанда чет элдик атактууларды чакырып, аларды коштоп жүрүү салтын убагында мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова баштаган.

Googosha деген сахна ысымы менен таанылган Гүлнара Өзбекстанга француз актёру Жерар Депардьени, британ музыканты Стингди, италиялык ырчы Эрос Рамазоттини алып келген.

Каримова кылмыштуу топ түзүү, акча кымырып алуу жана коркутуп акча талап кылуу айыптары менен түрмөдө отурат. Бирок анын баштаган салтын азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин бала-чакасы улантууда.

2025-жылдын сентябрында Бухарада өткөн Заманбап жана прикладдык искусствонун биенналеси расмий медиада тарыхый шаардын маданий мурасын даңазалоо эмес, президенттик администрациянын башчысы, мамлекет башчынын тун кызы Саида Мирзиёеванын демилгеси катары чагылдырылды.

Кеңсеси Францияда жайгашкан “Борбор Азиядагы адам укуктары” бирикмесинин жетекчиси Надежда Атаева муну “расмий иш-чараларды жеке пиар жана үй-бүлөлүк таасирди бекемдөө куралына айлантуу” деп сыпаттайт.

Надежда Атаева
Надежда Атаева

“Президент Мирзиёев кыздарына, күйөө балдарына жана башка туугандарына мамлекеттик ресурстарды жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга уруксат берүүдө. Бул демократиялык стандарттарга туура келбейт жана коомдун, ошондой эле эл аралык коомчулуктун ишенимин солгундатат. Демократиялык өлкөлөрдө бюджеттен каржыланган иш-чараларды уюштуруу президенттин үй-бүлөсүнүн эмес, мамлекеттик органдардын милдети. Биенналени Саида Мирзиёеванын демилгеси катары көрсөтүү, ал эми Маданият министрлигинин ролу техникалык кызмат деңгээлине түшүп калганы буга анык бир мисал. Саида былтыр Өзбекстандын Париждин атактуу Лувр музейинде уюштурган көргөзмөсүндө да ушундай позицияда болгон. Мамлекеттик институттар менен бюджеттик каражаттарды президенттин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына колдонуу - ачыктык, теңдик жана коомго отчет берүү принциптерине каршы келет”, - дейт Атаева.

Ошондой эле ал атактуулардын визиттерине же концерттерге бюджеттенби же демөөрчүлөрдүн эсебиненби, канча каражат кеткендиги тууралуу так маалымат берилбей келатканын да сындады.

Бирок Лопестин концертинен 42,5 миллиард сум салык түшкөнү расмий түрдө жарыяланган. Бул иш-чараны мамлекет эмес, жеке ишкерлер уюштурган.

Президенттин кичи күйөө баласы Отабек Умаров жана Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров. Ташкент, 2024-жыл.
Президенттин кичи күйөө баласы Отабек Умаров жана Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров. Ташкент, 2024-жыл.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Президенттик администрациядагы булак билдиргендей, өкмөт 2018-жылы чет элдик таасирдүү адамдарды чакыруу жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча узак мөөнөттүү пландарды түзгөн. Бул демилгелер Саида Мирзиёевага таандык экени айтылат.

Маалыматтарга караганда, инвестор катары келген жогорку даражалуу коноктордун визиттери же башка иш-чаралар ар кандай министрликтер же мекемелер тарабынан каржыланат. Бирок бул маалыматты ырастаган расмий документтер “Азаттыкта” жок.

Мирзиёева быйыл жайында өзүнүн ишмердиги тууралуу жарыялаган бир катар кыска даректүү тасмаларда “Өзбекстандын өнүгүшү үчүн атасына жардам берүү анын негизги миссиясы” экенин белгилеген.

“Бюджеттик каражаттар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Ошондуктан жарандар алар кандай колдонулуп жатканын билүүгө укуктуу. Финансылык отчетторду жарыялоо - коомдун ишенимин камсыздоо жолу гана эмес, коррупция жана каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиктерин алдын алат. Ачыктык жана отчеттуулук жөн гана формалдуулук эмес, бул мамлекеттин элге маалымат жеткирип, башкарууга катышуу укугун камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелеринин бир бөлүгү", - дейт укук коргоочу Атаева.

Гүлнара Каримова түркиялык атактуу актер Халит Эргенж менен. 2012-жыл.
Гүлнара Каримова түркиялык атактуу актер Халит Эргенж менен. 2012-жыл.

Саясатчылардын сапарлары

Өзбекстанга маданият жана спорт жылдыздары менен катар чет элдик саясатчылар да көп келе баштады. Айрым талдоочулар атактуулардын визитине кеткен чыгымдарды сынга алса, башкалар саясатчылардын сапары өлкөнүн кадыр-баркын көтөрөт деп эсептешет. Тагыраак айтканда, мындай визиттер өлкөнүн ачыктыгын, тышкы саясатта диалогго даярдыгын көрсөтөт, экономикалык кызматташтыкты жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Ошондой эле стратегиялык тармактарда кызматташуу багыттары аныкталып, аймактык коопсуздук жана соода байланыштары бекемделиши мүмкүн.

Президент Шавкат Мирзиёев жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен. Европа Биримдиги жана Борбор Азия саммити. Самарканд, 3-апрель, 2025-жыл.
Президент Шавкат Мирзиёев жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен. Европа Биримдиги жана Борбор Азия саммити. Самарканд, 3-апрель, 2025-жыл.

28-августта Өзбекстанга АКШнын глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли келип, өкмөт менен бизнес мүмкүнчүлүктөр тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкөгө акыркы жылдары Евробиримдиктин бир катар жогорку даражалуу өкүлдөрү, Борбор Азиянын лидерлери, Орусиянын президенти, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, ири кытай корпорацияларынын делегациялары да келишти. Самарканд шаары бир нече эл аралык жолугушуулардын борбору болду.

Кыргызстандык юрист жана талдоочу Эржан Кайыпов мындай дейт:

Эржан Кайыпов
Эржан Кайыпов

“Ар бир президент өз мөөнөтүн жетишкендиктер жана жаңылыктар менен белгилөөгө аракет кылат. Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында экономика либералдашты, ишкердик колдоого алынды, инвестициялар тартылды, тышкы саясатка жол ачылды, коңшу жана өнүккөн өлкөлөр менен мамиле бекемделди. Эң башкысы, мурдагы авторитардык жана жабык режимден айырмаланып, Өзбекстан дүйнөгө ачылды, ички саясий абал да бир аз жумшарды. Ошондуктан эл аралык коомчулук азыркы саясатка көбүрөөк түшүнүү менен мамиле кылып, азыраак сын айтат. Албетте, кемчиликтер да бар: саясий оппозициянын жоктугу жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик кызматтарды ээлеши. Бирок тышкы саясатта достук мамилелерди сактоо аракеттери бул кемчиликтерди жууп кетип жаткандай”.

Өзбекче soft power?

Айрым эксперттер Өзбекстандагы бул процессти дүйнөдөгү айрым мамлекеттердин soft power (жумшак күч) саясаты менен салыштырат. Мисалы, Катар 2022-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн миллиарддаган доллар короткон, ал эми Сауд Арабиясы атактуу концерттер жана “Формула-1” жарыштары аркылуу өзүнө оң имидж түзүүгө аракет кылган.

Бирок аналитиктер белгилешкендей, бул өлкөлөр менен Өзбекстандын айырмасы чоң: Катар менен Сауд Арабиясы күчтүү экономикалык ресурстарга ээ. Ал эми экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан, эми өнүгүп келаткан Өзбекстандын атактууларга каражат коротуп, ал чыгымдар тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоосу (демөөрчүлөр төлөсө да) коомчулукта суроолорду жаратат.

“Адам укуктары өлкө ичинде туруктуу сакталып турбаса, мамлекеттин эл аралык аброюн түзүү мүмкүн эмес. Өзбекстанда расмий билдирүүлөр менен чыныгы абалдын ортосунда олуттуу карама-каршылык бар”, - дейт укук коргоочу Надежда Атаева.

Ал белгилегендей, 2024-жылдын 13–14-июнунда Самаркандда өткөн адам укуктары боюнча эл аралык форумга чет элдик эксперттер, дүйнөлүк уюмдардын өкүлдөрү жана өзбек укук коргоочулары чакырылган. Бирок Атаева алардын көбү бийликке лоялдуу адамдар болгон деп болжолдойт. Ошол эле учурда көз карандысыз укук коргоочулар жана мурдагы саясий туткундар бул күндөрү атайын кызматтардын катуу көзөмөлүнө алынганын белгилейт (“Азаттык” ушундай жагдайга кабылган жарандардан өзүнөн комментарий алган эмес). Мындай көзөмөл БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Өзбекстанга болгон визити учурунда да байкалганы айтылган.

Freedom House уюму Өзбекстанды “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошот. Өлкөдө таасирдүү оппозиция жок. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча быйылкы рейтингинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 148-орунда турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG