Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Борбор Азия өлкөлөрү бири-биринин дипломдорун тааный турган болду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан жогорку окуу жайларынын дипломдорун өз ара таанууга макул болушту. Казакстан өкмөтү бул тууралуу өзүнө тийиштүү токтом кабыл алганы 20-ноябрда маалымдалды.

Документте айтылгандай, келишимге кол койгон мамлекеттер Борбор Азиянын бул беш өлкөсүнүн биринде аккредитациядан өткөн жана мыйзамдуу иш алып барган жогорку окуу жайлардын дипломдорун тааныйт.

"Тараптардын ар биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен процедуралар бүткөндөн кийин документ кол коюуга жиберилет", - деп белгиленди маалыматта.

Ошол эле кезде, тараптардын окуу системасында кандайдыр бир олуттуу айырмачылыктар аныкталса, анда ал мамлекеттин диплому таанылбай калышы мүмкүн экени да көрсөтүлгөн.

Азырынча жаңы тартип боюнча чөлкөмдүн Казакстандан башка өлкөлөрү маалымат бере элек. Кыргызстандын Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги документ азырынча баардык ички мамлекеттик макулдашуу жол-жоболорунан өтө электигин билдирди. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG