20-ноябрда Бишкектин түндүк-батыш ыптасында 234 гектар аянтты ээлеген жаңы «Алтай» турак жай шаарчасынын курулушу расмий башталды. Долбоордун башталыш аземине президент Садыр Жапаров катышканын анын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров өлкөдө 200 миңден ашык киши турак жайга муктаж экенин, алардын суроо-талабын дал ушундай комплекстер аркылуу чечүүгө мүмкүн болорун билдирди.
Маалыматка караганда, долбоордо беш кабаттуу 1551 үй курулуп, жалпы 34 004 батир пайдаланууга берилет. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат.
Шаарчада мектеп, бала бакча, бейтапкана, сейил бак, спорт жана балдар үчүн аянтчалар курулат.
Соңку жылдары Кыргызстанда турак жайдын баасы кымбаттап, жарандардын үй сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайганы айтылып келет. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алуу үчүн 40 миң 411 киши кезекте турат. Үй алган жарандардын саны 9 миң 799 адам. (AiA)
Шерине