Бейшембиде Орусия жана Украина каза болгон аскерлеринин сөөгүн алмашты. Маалыматка караганда, Москва Киевге 1000 аскердин сөөгү кайтарды.
Украинанын туткундар боюнча Координациялык штабы кабарлагандай, жакынкы күндөрү сөөктөрдү идентификациядан өткөрүү иштери аткарылат.
Украина, өз кезегинде, Орусия тарапка 30 аскердин сөөгүн берди.
Орусиянын "Интерфакс" басылмасы бул жараян Стамбулдагы келишимдердин алкагында жүргүзүлгөнүн жазды.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский мурдагы алмашуулар учурунда Орусия Киевге башка өлкөлөрдүн жараны болгон 20 адамдын сөөгүн өткөрүп бергенин айткан.
Май айындагы Стамбул сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимге ылайык, Орусия менен Украина 10-июндан бери бир канча жолу туткун жана аскерлердин сөөгүн алмашты. (AiA)
Шерине