Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Прохоровдор: Чыныгы ишкер эзүүчү деле болбойт


Маскөөлүк ишкер Иван Николаевич Прохоров (1890–1927).
Маскөөлүк ишкер Иван Николаевич Прохоров (1890–1927).

Падышалык Орусиядагы Прохоров деген тегатты алып жүргөн ишкерлердин тагдырынын мисалында ишкерлердин коомдук өнүгүүгө кошкон салымдарына байланыштуу тарыхчынын блогу.

Өткөн кылымда, марксизм-ленинизм Советтер Биримдигиндеги үстөмдүк кылган жападан жалгыз идеологиялык курал болуп турган доордо, бала чагыбыз жана жаштыгыбыз өттү. Бул саясий жана философиялык система “таптык коомдордо үстөмдүктөгү таптар ар дайым эзүүчү, жексур болушат” деп жар салып, акыры жумушчулар бийликтеги эзүүчү таптарды кулатып, өз диктатурасын орнотушат; ал эми бул пролетариат диктатурасы акырындап өнүгүп отуруп, адамзат эч кандай мамлекет, улут жана тап болбогон коммунизм дооруна чейин өнүгүп жетет, деген утопиялык түшүнүктү таңуулачу.

Үстүбүздөгү жылы 95 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип жаткан залкар жазуучубуз жана ойчулубуз Чыңгыз Айтматов (1928–2008) өзү Советтер Биримдигинин Компартиясынын мүчөсү болуп туруп, маңкуртчулукка каршы үндөө аркылуу “улут жоголот” деген марксисттик идеяга каршы каяша кылган.

Өз тарыхын, маданий мурастарын, эне тилин сактай алган улут эч качан жоголбой тургандыгы тууралуу ойду башка да чөнтөгүндө коммунисттин белети бар акын Эсенгул Ибраев сыяктуу же эч партияга мүчө болбогон Түгөлбай Сыдыкбек уулу сыяктуу айдыңдар да шардана кылышкан.

Ал эми эзүүчү тап жаатында болсо...

Заманбап коомду шарттуу түрдө ушундай эзүүчү жана эзилген тап деп жиктегиси келгендер, анын үстүнө, эзүүчү тап ар дайым эскичил, реакциячыл, “кара күчтөр”, “арам күчтөр” болгон деген ойго жетеленгендер азыр деле арабызда толтура.

Кыргызстандын тарыхында “эзүүчү таптын” өкүлү болуп туруп, эл агартууга зор салым кошкон, мектептер курдурган, кыргыздын улуттук эгемен мамлекети идеясы үчүн өмүрүн берген далай залкарлар болгон.

Айтмакчы, эпостогу хан Манас да, “бардык марксисттик параметрлерден” алганда, “феодалдык эзүүчү тапка” жатат эмеспи.

Бул сыяктуу жасалма таптык жиктөөчү көз карашты четке каккан факттар дүйнө тарыхында толтура. Айтылуу марксист ойчул Фридрих Энгелс деле жеке менчик фабрикага кожоюндук кылган (демек, ал өзү капиталист болгон). Албетте, Энгелс өзү ишкананын кызыкчылыгында күн сайын 10 саатка чейин иштеп турууга милдеттүү болгон.

Башка капиталисттер дагы өз ишин жолго коюу жана андан ары чыңдоо үчүн мээнеткеч болууга аргасыз болушчу.

Ошол эле учурда өз жумушчулары жана коому үчүн кам көргөн капиталисттер аз эмес эле. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн биз падышалык Орусиянын бир ишкердик үй-бүлөсүнүн кылым карыткан тагдырына кайрылдык.

Василий Иванович Прохоров (1755–1815) – Орусиянын 3-гилдиядагы соодагери, “Трехгорная мануфактура” токуу ишканасынын жана Маскөөдөгү өнөр жайчылардын Прохоровдор сулалесин (династиясын) негиздөөчү.
Василий Иванович Прохоров (1755–1815) – Орусиянын 3-гилдиядагы соодагери, “Трехгорная мануфактура” токуу ишканасынын жана Маскөөдөгү өнөр жайчылардын Прохоровдор сулалесин (династиясын) негиздөөчү.

Прохоров аттуу бай ишкерлердин сулалеси. Василий жана Тимофей

Маскөөдөгү токуу (текстил) өнөр жайынын эң эски ишканаларынын бири – “Трёхгорная мануфактура” деп аталган токуу ишканасы эле. Аны мурда православие христиан кечилканасында “бекитилген” (“крепостной”) дыйкан болуп келген жана кийин эрктүү болуп калган Василий Прохоров (1755–1815) деген орус ишкер 1799-жылы негиздеген.

Трёхгорная мануфактура” ишканасы жаңыдан түзүлгөн чакта, мындай токуу ишканалары жалпы падышалык Орусияда он чакты эле санда болчу. Демек, бул ишкана өз доорунун саамалыктарынан болгон.

Василий Прохоровго токуу иш-аракеттеринин чоо-жайын мыкты билген досу Фёдор Резанов көмөкчү болгон. Алгач алар чыт токуу ишканасын башташкан.

Василий Прохоровдун үй-бүлөсү да мээнеткеч болгон, алар да ишканада катардагы жумушчулардай токуучу болуп шымаланып иштешкен.

Ара чолодо, 1812-жылы, франсуз императору Наполеондун кол салуусунун жана Маскөөнүн дээрлик толук өрттөлүшүнүн айынан, бул ишкана бүлгүнгө учураган.

Ал эми 1815-жылы Василий Прохоров дүйнө салган.

Ал өзү өлөөр алдында урпактарына осуятын калтырып: “байлык үчүн эмес, кудай үчүн жашагыла, курулай шаан-шөкөт үчүн эмес, табынуу жана өз ара көмөктөшүү үчүн жашагыла”, – деп айткан дешет.

Эмгекчил Прохоровдор “Трёхгорная” ишканасын бир нече жылда кайра бутуна тургузушкан жана кеңейтишкен.

Василийдин уулу Тимофей Прохоров (1797–1854) атасынын осуятын аткарып, падышалык Орусияда алгачкы болуп ишканага караштуу кесиптик техникалык окуу жайды негиздеген.

Жумушчулардын балдары окутулган бул мектептеги окуучуларга жазуу, окуу, арифметика жана, алардан тышкары, керектүү кол өнөрчүлүк жана башка кесиптик ыкмалар үйрөтүлгөн.

Ошентип, бул ишкананын жумушчулары Тимофей Прохоров каржылаган окуу жайда тийешелүү таалим алышып, өз доору үчүн татаал техникалык жабдууларды өздөштүрүшкөн. Ал эми бул окуу жайды аяктагандар устаттык деңгээлге чыгып, ишканада алда канча жогору маяна таап, керектүү адис катары иштеп калышкан.

Ага 1832-жылы Германияга жасаган сапары маалында өзү таагышкан германдык ишканалардагы жумушчуларды кесиптик окутуу тажрыйбалары зор таасир тийгизген.

Тимофей Прохоров өз ишканасына таандык жумушчулар шаарчасында атайын оорукана, театр, китепкана курдурган. Ишкана жумушчулары кезек менен батир алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Демек, ал өз думушчуларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселесин көз кырынан тышкары калтырган эмес.

1830-жылдары холера оорусу Маскөөнүн калайыгынын далайын жалмаган. Көптөгөн жумушчулар набыт кетип, балдары жетим калган.

Ошондо Тимофей Прохоров өз ишканасынын үй-бүлөлөрүндө ата-энесиз калган балдар-кыздар үчүн “Балдар үйүн” (“Детский приют”) негиздеген.

200дөй бала көчөдө селсаяк болуп калбастан, бул башпаана жайында билим алып, турмушка телчигишкен.

1854-жылы дүйнө салган ишкер Тимофей Прохоров ара-чолодо анча-мынча эмгектер да жазган. Ал “Баюу тууралуу” деген эмгегинде жакырларга иш орун, кеңеш, акчалай сыйлык, дары-дармек табуу, оорукана жаатында көмөк кылуу зарыл экендигин баса белгилеп, жөн гана өзү үчүн баюу “текеберликке жана руханий жардылыкка” алып келет, деген пикирин билдирген.

Анн көзү өткөндө бир тууганы Константин Васильевич Прохоров мырза Тимофей жеке керт башы үчүн баюуну көздөбөстөн, мээнетин да, капиталын да башкалар үчүн сарптаган айкөл киши эле деп эскерген.

“Трёхгорная мануфактура” ишканасынын балдар үйү.
“Трёхгорная мануфактура” токуу ишканасынын балдар үйү.

Николай Иванович Прохоровдун маалындагы “алтын доор”

“Трёхгорная” ишканасынын өнүгүүсүнүн туу чокусу аны Николай Иванович Прохоров жетектеген учурга туш келген.

1900-жылы Париж шаарындагы бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө бул ишкана өз жумушчуларына кам көрүү жаатында дүйнөдөгү мыкты ишканалардын бири катары таанылган. Бул ишкана өз жумушчуларына ооруп калган учурларда да жөлөкпул жана ардагердик төлөм (пенсия) төлөй баштаган.

1905-жылы бир катар орусиялык ишканаларда “ишкана ээсин кубалап салсак эле, ишкана жалпы жумушчуларга таандык болуп калат” деген идеяга жетеленгендер өз иш жайында тополоң салган учурлар катталган.

Ал эми “Трёхгорная” ишканасынын 7 миңдей жумушчусунун ичинен 100дөй гана киши ыңкылапты ачык колдогон, бирок алар да өз ишканасынын кожоюунуна катылган эмес. Калган жумушчулар ар дайым өздөрүнүн арасында иштеп жүргөн Николай Тимофеевди ырааттуу колдошкон.

Иван Николаевич Прохоров жубайы Надежда Николаевна менен.
Иван Николаевич Прохоров (1890–1927), либерал ишкер, маскөөлүк “Трехгорная мануфактура” токуу ишканасынын акыркы жеке кожоюну, өзүнүн жубайы Надежда Николаевна (никеге чейинки тегаты Гучкова; 1889–1945) менен. Маскөө. 1915-жыл.

Биринчи Орус ыңкылабы маалында көтөрүлүшчү жумушчулар сырттан келип, бул ишкананын имаратын басып алган учур да болгон. 1905-жылы декабрдагы көтөрүлүш маалында ыңкылапчылар Прохоровдорго таандык жип ийрүү фабрикасынын имаратында курал жасоочу цех уюштурушуп, химиялык лабораторияда жардыргыч заттарды өндүрүшкөн.

Николай Прохоров бийликтерге жеке өзү кайрылып, жумушчуларды замбирек менен аткылоодон баш тартууга чакырган. Бирок падышалык аскерлер бул ишкерди укпай коюп, ишканынан аймагындагы айрым көтөрүлүшчү жумушчуларды атып өлтүрүшкөн окуя да катталган. Бирок бул аттырууга жеке Прохоровдун эч тийешеси болгон эмес.

Ишкана ээсинин жеке чарбагы жумушчулар шаарчасынын жанында эле жайгашкан. Жумушчулар үчүн жатак катары курулган үйлөр азыркы тапта да турак үй катары кызмат кылууда.

Николай Прохоров 1915-жылы дүйнөдөн кайткан жана анын ордуна уулу Иван Николаевич Прохоров (1890–1927) ишкананын башкаруучусу болуп калган.

Прохоровдордун чарбак үйүндөгү аскердик оорукана.
Прохоровдордун чарбак үйүндө ачылган аскердик оорукана. 1914-жыл.

1917-жылдагы кош ыңкылап жана Иван Прохоров

Иван Прохоровдун ишкананы башкарган доору элдик ыңкылаптар жана жарандык согуш кезеңине туура келди.

Албетте, болшевиктер бийликке келген соң, башка жеке менчик ишканалардай эле “Трёхгорная” ишканасын дагы улутташтырышкан.

Арийне, Иван Прохоров бул ишкананын советтик жетекчиси катары иштеп кала берген, анткени анын деңгээлиндегидей билген жана тажрыйбалуу өндүрүш башчысын дароо табууга мүмкүн эмес болчу.

1918-жылы накталай акча таптакыр таңкыс болгон шартта Иван Прохоров ишкананын жумушчуларына маяна катары ишкананын өнүмүн таркатып берүүгө аргасыз болгон.

Дал ошол “жоругу” үчүн аны болшевиктик бийлик өлүм жазасына тартууга камынган. Бирок ишкананын миңдеген жумушчулары көтөрүлүп чыгып, аны өлүм жазасынан арачылап сактап калышкан.

Кийинчерээк да Иван Прохоров мезгил-мезгили менен болшевиктер тарабынан камакка алынып, кайра бошотулуп турган.

1927-жылы Иван Прохоров жүрөгүнөн кармап, мезгилсиз дүйнө салган. Анын сөөгүн ал жетектеген ишкананын жүздөгөн жумушчулары акыркы сапарга узатышып, Ваганьковское көрүстөнүнө чейин жөө алып келип, түбөлүк жайына ызааттап коюшкан.

1936-жылы “Трёхгорная” ишканасына чекисттердин ана башы Феликс Дзержинскийдин ысымы ыйгарылган. Азыркы тапта токуу ишканасы толук жоюлган. Анын негизги имаратында ар кыл фирмалардын кеңселери жана ресторан жайгашкан.

“Трехгорная мануфактура” токуу ишканасынын Маскөөдө сакталып калган имараты.
Мурдагы “Трехгорная мануфактура” токуу ишканасынын Маскөөнүн Пресня аймагында сакталып калган имараттарынын бири. 21.6.2013.

Эстутум. Тыянак

Иван Николаевич Прохоровдун кызы Вера Ивановна (1918–2013) сталиндик репрессиялар доорунда ГУЛаг абагына түшкөн. Тилчи окумуштуу катары да таанымал бул айым постсоветтик доордо Прохоровдордун ишкердик сулалесинин жаркын тарыхын актоо үчүн зор салым кошууга үлгүргөн.

Далай маскөөлүктөр Прохоровдор тууралуу жылуу пикир айып жүрүшкөн менен, бара-бара аларды эскергендер суюлуп кеткен.

Орусиянын интернеттик коомдук тармактарында Прохоровдордун айкелин тургузуу сыяктуу чакырыктар айтылып келди. 2020-жылы Маскөөдөгү Өнөр жайчы Прохоровдор аянтында Василий Прохоровдун айкели тургузулду.

Падышалык Орусиянын өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошкон Третьяковдор, Демидовдор, Морозовдор, Мальцовдор жана башка ишкерлер жаатында калыс иликтөөлөр постсоветтик доордо гана жарык көрө башташты.

Валентин Серовдун Третьяков галереясындагы көргөзмөсүн көрүү үчүн келгендердин кезеги.
Залкар орус сүрөтчүсү Валентин Серовдун Третьяков галереясындагы көргөзмөсүн көрүү үчүн келгендердин узун кезеги. Маскөө. 22.01.2016. (Бул галереяны XIX кылымдын 50--60-жж. орус ишкерлери Павел жана Сергей Третьяковдор негиздешкен).

Айтмакчы, Кыргызстанда да ушул сыяктуу өңүттө жаңыча изилдөөлөр башталды.

Кокон доорунда Алымбек датка медреселер (жогорку мусулмандык окуу жайларын) курдурганы эми ачык окутулуп келет.

Падышалык оторчул доордо кыргызча китептер жарыялоого жетишкен Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков дагы бай киши болгон. Ал 1930-жж. башында эзүүчү таптын өкүлү катары өлүм жазасына тартуу үчүн Ташкенге айдалып бара жаткан жеринен качып кетип, Батыш Кытайда (Текесте) 1942-жылы өз ажалы менен өлгөн.

Чүйдө мектеп негиздеген Дүр Сооронбай уулу дагы өрөөндөгү ири кыргыз бай-манаптарынан эле. Эми Токмоктун чыгышындагы Сайлык айылындагы мектеп Дүрдүн ысымы менен аталып калды.

Азыркы посткоммунисттик доордо жеке ишканасын жана заманбап дыйкан чарбасын негиздеп, өз карамагындагы жумушчулардан кем калышпастан, “кийиз кимдики болсо, билек ошонуку” деп мээнет тер төгө иштеген далай ишкер замандаштарыбыз Прохоровдордун акыбалын дурус аңдашат деп ойлойбуз.

Ишкер Таабалды Эгембердиев жана анын улантуучулары дагы кара жумуштан эч качпаган жана өз эмгек жамаатынын күрдөөлдүү турмушунда чогуу кайнаган “өзүн өзү эзүүчүлөр” эмеспи.

Ишкер Аскар Салымбековдун кыргыз маданияты, университет, музейлер, көркөм өнөр, спорттук жайлар, кинотеатр ж.б. жаатындагы жаратмандык салымдары дагы өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Евразиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы алгачкы мектептерди (анын ичинде жадитчилердин окуу жайларын), ооруканаларды, өнөр жай ишканаларын, бакчаларды, кинотеатр, заманбап көпүрө ж.б. курган ишкерлердин тарыхый салымдары азыркы тапта коом тарабынан калыс бааланууга тийиш.

Бул өңүттөр тууралуу жаңыча изилдөөлөр четинен жарык көрүп жаткандыгын канааттана белгилемекчибиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG