"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Расмий Вашингтон Орусияны "Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө кийлигишүүгө аракет кылып жатат" деп айыптады. Москва Вашингтонго өзүнө жараша жооп кайтарыларын билдирди.
Таңкы саат беш жарым. Львовдо катуу жардыруунун үнү чыгып, жер бир силкингендей болуп, асманга кара коюу түтүн көтөрүлдү. Ракеталык сокку калаа борборундагы темир жол вокзалынын жанына урулган. Ондогон үйлөрдө өрт тутанып, терезелери күбүлүп түшкөн.
Орус армиясынын Львов шаарына жасаган соккусунан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, 4-сентябрда калаа борборундагы турак-жайларга “Кинжал” ракеталары менен сокку урулган.
31-августта Италиянын Милан шаарында Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттү. Аны Польшадагы “Данакер” уюму менен Миландагы ANKI ассоциациясы уюштурду. Cоңунда Европадагы кыргызстандык аялдардын бирикмесин түзүү декларацияcы кабыл алынды.
Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бир нече күн мурда аялдарга коомдук жайларда ырдоого, үнүн чыгарып китеп окууга жана жүзүн ачып жүрүүгө тыюу салган жаңы мыйзамдарын жарыялады. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга тынчсыздануу билдирди.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун орус мамлекеттик телеканалына курган маеги Арменияда жана Казакстанда нааразылык жаратты. Беларустун Еревандагы элчилигинин алдына чыккандар Минск менен дипломатиялык алакаларды үзүүгө чакырышты. Ал эми расмий Астана Беларустун Казакстандагы элчисин чакыртты.
Орусиянын Суджа шаарында Украина аскер комендатурасын түзүп жатканы маалым болду. Орусиянын бийлиги чек аралаш аймактарды коргоо максатында Башкы штаб атайын план түзгөнүн билдирди. Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган жана ошондон бери илгерилеп баратканын билдирүүдө.
Орусияда өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин жетекчиси Усман Баратов төрт жылга эркинен ажыратылса, "Казак диапорасы" коммерциялык эмес уюмунун жетекчиси Полат Жамаловдун бөгөт чарасы каралды.
ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) радикал уюмунун лидери, Израил бир жыл мурунку кандуу чабуулдун уюштуруучусу деп эсептеген Яхья Синвар жок кылынганын ЦАХАЛ 17-октябрда жарыялады. ХАМАС тобунан азырынча эч кандай маалымат боло элек.
Расмий Москва 12-августта Украина менен чектеш аймактардан тургундарды эвакуациялоого көрсөтмө берди. Ушул тапта Курск облусунун Беловск районунда кырдаал курчуп турат. 6-августтан бери украин күчтөрү Орусиянын аймагына 30 чакырымдай кирип барды.
Британиядагы Падышалык коллеждин илимпоздору аныктагандай, смартфонго көз каранды балдар депрессия, уйкусуздуктан көбүрөөк жабыркап, ою бир жерде болбой, көп санаа тартышат.
Иран менен Израилдин ортосунда согуш тутануу ыктымалдуулугу Жакынкы Чыгышты соңку жылдардагы эң ири кризиске кептеди. Буга Тегеранда ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Ханиянын жана ага чейин Бейрутта "Хезболла" террордук тобунун аскердик командачысынын өлтүрүлүшү түрткү болду.
"Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти, эки кыздын энеси Алсу Курмашева орус түрмөсүнөн бошотулгандан кийин алгачкы ирет маек берди. Ал Казан шаарында дээрлик бир жылдай тергөө абагында отурган соң өткөн аптада туткун алмашуу боюнча жараяндын алкагында бошотулду.
Бангладеште бир нече күндөн бери уланып жаткан толкундоолордон кийин өкмөт башчы Шейх Хасина кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Жекшембиде өкмөткө каршы митингчилер менен полициянын кагылышканда 90дон ашуун адамдын өмүрү кыйылды. 5-августта демонстранттар өкмөт үйүн басып алды.
“Хезболла” радикал кыймылы 4-августка караган түнү Израилдин түндүгүндөгү Бейт-Хилель шаарына ракеталык чабуул жасады. Израил маалымат каражаттары жазгандай, ракеталардын баарын “Темир калкан” абадан коргонуучу системасы атып түшүрдү.
Венесуэлада азыркы президент Николас Мадуронун шайлоодо жеңгени жарыялангандан кийин өлкөдө жапырт нааразылык акциялары башталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгына каршылыгын билдирген миңдеген адамдар 29-июлда көчөгө чыгып, полиция менен кагылышуулар катталды.
Бангладеште башталган жапырт студенттик нааразылык демонстрациясы өкмөт башчы Шейх Хасинанын 15 жылдык бийлигине каршы улуттук акцияга айланды. Жумуш квоталарына байланыштуу нааразылык билдирип чыккан студенттер менен полициянын кагылышуусунан 200дөй кишинин өмүрү кыйылганы расмий кабарланды.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 24-июлда АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында кайрылуу жасап жаткан маалда Капитолийдин алдына миңдеген адам чогулду. Алар Газадагы согушту жана Израилдин жетекчилигин айыптап, ок атышууну токтотууну талап кылышты.
АКШ президенттигине кайрадан аттанган Дональд Трамп Украинадагы жана Газадагы согушка чекит коюуга, иммиграцияны кыскартууга, АКШда мунай менен газдын өндүрүшүн көбөйтүүгө жана салыктарды азайтууга убада берди.
Орусия менен Украина Бириккен Араб Эмирлигинин ортомчулугу менен “95ке 95” формуласына ылайык туткундарды айырбаштады. Ушуну менен эки тарап жыл башынан бери бешинчи ирет мындай кадамга барды. 18-июлга караган түнү Орусиянын бир нече аймагы абадан аткыланганы маалым болду.
Дагы жүктөңүз