Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

"Башка аялдын сөөгүн берип коюшкан". Израил ХАМАСты айыптады


ХАМАСтын согушкерлери барымтага алган Шири менен Ярден, алардын балдары Ариэл жана Кфир
ХАМАСтын согушкерлери барымтага алган Шири менен Ярден, алардын балдары Ариэл жана Кфир

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) Израилге өткөрүп берген эки баланын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты. Бул тууралуу туткундардын сөөктөрүнө соттук-медициналык экспертиза жасалгандан кийин Израил бийлиги билдирди.

21-февралда өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху бул үчүн "хамасчылардан өч аларын" эскертти. ХАМАС радикал тобу сөөктүн алмашып кетиши боюнча "тыкыр иликтөө жүргүзөрүн" билдирди.

Тогуз айлык Кфир 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге кандуу кол салууда барымтага алынган 250дөй туткундун эң кенжеси эле. Ал күнү хамасчылар анын төрт жаштагы агасы Ариэлди, апасы Ширини жана атасы Ярденди да уурдап кетишкен. Кийин Ярденди үй-бүлөсүнөн башка жакта кармашкан. Ал ушул ай башында бошотулду.

Ал эми Кфирдин, Ариэлдин жана Ширинин сөөктөрүн ХАМАСтын согушкерлери 20-февралда Израилге өткөрүп берген эле. Бирок соттук-медициналык экспертизалардан кийин Шири Бибастыкы делген сөөк аныкы эмес экени маалым болду.

"Биз Ширини жана бардык туткундарды – тирүүсүн да, өлгөнүн да кайтарып алуу үчүн чечкиндүү аракет көрөбүз. ХАМАС макулдашууну ырайымсыз жана кыянаттык менен бузганы үчүн толук жооп берет. Одед Лифшицтин, Ариэлдин жана Кфир Бибастын элестери ар дайым элибиздин эсинде болот. Аларды кудай жазаласын, биз дагы жазасын беребиз", - деди Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 21-февралда жасаган билдирүүсүндө.

Нетаньяху айткан Одед Лившицтин сөөгүн хамасчылар 20-февралда өткөрүп берген. Ал 16 ай мурда 83 жашында туткунга алынып, ошол жактан көз жумган.

ХАМАС жума күнү тараткан билдирүүсүндө сөөктүн алмашып кетүүсү боюнча "тыкыр иликтөө жүргүзөрүн" билдирди. Радикал уюмдун маалыматына караганда, ЦАХАЛ абадан сокку урган жерде израилдик туткундар менен башка палестиндер да болгон. Андыктан сөөктөр алмашып кетиши мүмкүн.

Бул окуя 15 айга созулган согушту токтотуу боюнча эки тарап ортосунда келишилген макулдашуунун келечегинен күмөн жаратып койду. Макулдашуунун биринчи баскычы марттын башында аяктамак. Соңку маалыматка ылайык, согушкерлер 22-февралда алты тирүү туткунду пландалгандай бошотору кабарланды. Шири Бибинин сөөгүнүн алмашып кеткени тууралуу маалымат израилдиктердин кыжырын келтирди.

"Биз алар аман-эсен кайтып келет деп турганда сөөктөрүн өткөрүп беришкени өтө оор кайгы. Эми хамасчылар бизди мазактап жаткан сыяктуу. Балдардын энесинин сөөгү деп бирөөнүн сөөгүн салып жиберген. Ансыз да кайгыга батып турганда, бул дагы бир чоң сокку болду. Жүрөт тилинет", - дейт Тель-Авивдин тургуну Илана Каспи.

Хамасчылар туткундардын сөөктөрүн Кызыл Чырым уюмуна өткөрүп берип жатышкан учур. 20-февраль, 2025-жыл.
Хамасчылар туткундардын сөөктөрүн Кызыл Чырым уюмуна өткөрүп берип жатышкан учур. 20-февраль, 2025-жыл.

Радикал топ туткундардын сөөктөрүн кандай шартта өткөрүп бергенин да эл аралык коомчулук айыптады. Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарында миңдеген адам, анын арасында көп сандагы куралчандар топтолуп, табытка салынган сөөктөрдү майрамдагыдай кол чаап, кыйкырык-сүрөөнгө алып, "Кызыл чырым" уюмуна тапшырышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш маркумдардын сөөктөрүн өткөрүп берүүдө эл аралык укук бузулганын билдирди.

"Эл аралык укукка ылайык, туткундардын сөөктөрүн өткөрүп берүүдө маркумдарга жана алардын жакындарына урмат-сый көрсөтүлүп, адамкерчиликсиз мамилеге, басынтууга жол берилбеши керек", - деди баш катчынын маалымат катчысы Стефан Дюжаррик.

Кфир, Ариэл жана Шири Бибастын сүрөттөрүн кармаган израилдиктер. 1-февраль, 2025-жыл. Тель-Авив.
Кфир, Ариэл жана Шири Бибастын сүрөттөрүн кармаган израилдиктер. 1-февраль, 2025-жыл. Тель-Авив.

Араб мамлекеттери Газанын келечегин талкуулашат

21-февралда Эр-Риядда бир катар Араб өлкөлөрүнүн, анын ичинде Египет, Катар, Иордания баштаган бир катар мамлекеттердин лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын газалыктарды чет жакка көчүрүү тууралуу сунушун талкуулоо үчүн чогулушту.

Трамп 5-февралда араб мамлекеттерине кайрылып, Газанын тургундарын кабыл алууга чакырып, палестиндердин аймакты таштап кетүүдөн башка аргасы жок экенин айтты. Андан соң АКШ анклавды калыбына келтирип, экономикасын өнүктүрө турганын жарыялаган.

Буга чейин Израил жана Газа тилкеси менен кошуна өлкөлөр палестин качкындарын кабыл алууга ниети жоктугун бир нече жолу айтышкан.

Ал эми саммитте Египет согушта урандыга айланган тилкени араб мамлекеттеринин көзөмөлү алдында калыбына келтирүүнү сунуштары кабарланган. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Трамптын планын коргоду.

"Урандылардын арасында адамдар жашап жатса кантип калыбына келтиресиңер? ХАМАС сыяктуу топ ал жакты көзөмөлдөп турганда кантип калыбына келтиресиңер? Колуңардан келбейт", - деди Рубио 20-февралдын кечинде жарыяланган маекте.

Ал аймактагы өнөктөштөрдү Трамптын демилгеси жакпаса, андан дагы жакшыраак план сунуштоого чакырды.

Ал эми The Guardian басылмасы жазгандай, Сауд Арабиясынын мураскер ханзадаасы Мухаммед бин Салман өз алдынча Палестин мамлекетин түзүүнү сунуштай турганы кабарланган.

Мухаммед ХАМАС радикал уюмуна жек көрүүсү күч экени мурунтан белгилүү. Мураскер ханзаада Тель-Авив менен Эр-Рияддын алакасын жолго салуу аракетине согушкерлердин 7-октябрдагы кол салуусу тоскоолдук болгон деп эсептейт.

Ошондой эле ал ички кызыкчылыктардан улам Израил менен алакасын жакшыртууну көздөйт. Сауд Арабиясына Израилдин технологиясы, аскердик жана чалгын техникасы керек.

Ошону менен катар Газаны келечекте ким көзөмөлдөп, коопсуздугу үчүн ким жоопкерчилик алат деген суроо ачык бойдон калууда. Израилдин бийлиги тилкени ХАМАС радикал тобу дагы, Палестин автономиясынын администрациясы дагы башкарбашы керек деген принципте турат.

БУУнун соңку эсебине караганда, Газаны калыбына келтирүүгө 50 миллиард доллардан көп акча керек.

ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дей кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил радикал уюмдан өч алуу максатында Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун мезгилде Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы 45 миңдей киши каза болгонун кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG