Мончодо сабалган кыргыздар: Ким жооп берет?
Орусиядагы кыргызстандыктар сабалган мончону иштеткен үч адамга кылмыш иши козголду. Алар мыйзамсыз миграция уюштурду деп айыпталууда. Рейд маалында мончодо жүргөн мигранттар эч себепсиз орус полициясынын ур-токмогуна кабылганын айтып жатышат. Кыргызстанда нааразылык жараткан бул окуя үчүн ким жооптуу? Орусияда мигранттарга басым-кысым күчөдүбү? 30-апрелден тартып Орусиянын аймагында жүрүүгө жана жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарыла баштайт. Көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине жаңылыш кирип калгандардын тагдыры кандай болот?
Чыгарылыштар
-
Октябрь 22, 2025Орусия Европага кол салабы? Гибриддик согуштун карааны
-
Октябрь 14, 2025Чикагодогу рейд: Трак айдаган кыргыздар ишсиз калабы?
-
Сентябрь 26, 2025Бишкек Москванын бензин “туткунуна” түштүбү?
-
Сентябрь 26, 2025Батыш Палестинаны тааныганы Газага эмне берет?
-
Сентябрь 19, 2025Орусия: Жапырт депортация коркунучу, мигранттар күткөн жардам
-
Август 22, 2025Путин Зеленскийге жолугуудан качабы?
Шерине