ХАМАСтын согушкерлери өткөрүп берген сөөк боюнча талаш чыкты
ХАМАС радикал тобу Израилге өткөрүп берген эки баланын энесинин сөөгү башканыкы болуп чыкты. Бул тууралуу туткундардын сөөктөрү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин Израил бийлиги билдирди. Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху 21-февралда бул үчүн хамасчылардан өч аларын эскертти. Ал арада Эр-Риядда бир катар Араб өлкөлөрүнүн лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын газалыктарды чет жакка көчүрүү тууралуу сунушун талкуулашат.
Шерине