Жаңы президент кол койгон ондогон документтердин арасында климат боюнча Париж келишиминен чыгуу, Капитолийдеги башаламандыкка катышкан деп айыпталган 1,5 миң кишиге ырайым берүү, ТикТоктун ишин узартуу сыяктуу чечимдер дагы бар.
Гондурастан келген Маргали Тиноко - АКШ менен Мексиканын чек арасында CBP One тиркемеси аркылуу катталып, кезегин күтүп турган миңдеген мигранттардын бири. Анын кезеги бүгүн келмек. Американын президенти Дональд Трамп кызматка расмий киришери менен мигранттарга чек арадан легалдуу кирүүгө жол ачкан тиркеме иштебей калды.
"Эми убактысы келди, эми киребиз деп ойлоп жатканда, ушундай болуп калды. Оо, кудай ай. Эми эмне болот? Балам да келип менден сурап жатат. Ага эмне деп жооп берем? Эмне болобуз эми? Көчөдө калабызбы?" - деп жакшы жашоодон үмүт кылып отурган Тиноко көзүнүн жашын тыя албайт.
Жо Байдендин тушунда ачылган бул тиркемеге 7-январга карай күнүнө 280 миңдей адам кирип, каттоого турган.
47-президент Трамп ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизүүнү, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялады.
"Бардык мыйзамсыз кирүүлөр дароо токтотулат. Биз миллиондогон кылмышкер чет элдиктерди кайдан келсе ошол жакка кайтарабыз. “Мексикада калгыла” деген саясатты калыбына келтиребиз. Биз “кармап, кайра коё бергиле” деген тажрыйбаны токтотобуз. Мен өлкөбүзгө кирген агымды токтотуш үчүн түштүк чек арага аскерлерди жиберем", - деди Трамп ант бергенден кийинки сөзүндө.
Түштүк чек арага киргизилген өзгөчө кырдаал режимине ылайык, чек аралардын коопсуздугун камсыздоого куралдуу күчтөр, анын ичинен Улуттук гвардия дагы тартылышы мүмкүн. Андан тышкары Мексика - Америка чек арасындагы дубалдын курулушу кайра жанданат.
Трамп бул күнү мындан тышкары ондогон башка жарлыктарды дагы чыгарды. Алардын бир нечесине - 10 документке Ак үйгө жете электе эле, Capital One Arena стадионунда тарапташтарынын алдында кол койду. Трамп ошондой эле Жо Байдендин 78 буйругун жокко чыгарды. Андан соң жаңы президент 2021-жылдан бери алгачкы жолу расмий түрдө Ак үйдүн Сүйрү кабинетине кирип, калган жарлыктарга кол койду.
Эл аралык уюмдардан чыгуу
Трамп Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунан чыгуу жараянын баштоо жарлыгына кол койду. Ал ошондой эле Вашингтон кайрадан климат боюнча Париж келишиминен чыкканын жарыялады. Трамп мурунку президенттик мөөнөтүндө да бул келишимден чыкканы менен, кийин Жо Байден аны кайра калыбына келтирген эле.
"Кытай айлана-чөйрөнү эбейгейсиз булгап жаткан кезде Кошмо Штаттар өз өндүрүшүнө чектөө койбойт", - деди Трамп бул жолу.
Капитолийге чабуул койгондорго ырайым
Трамп дагы бир жарлыгы менен 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийге жасалган чабуулдун дээрлик бардык катышуучуларына ырайым берип, айрымдарынын жазасын жеңилдетти. Юстиция министрлигине өндүрүштөгү иштерди токтотуу милдети жүктөлдү.
Президент Трамп аларды "туткундар" деп атады. Тополоңдо беш адам, алардын ичинен полиция кызматкери каза болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Башаламандыкта АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен отуруму бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Бул окуя боюнча 1500дөн ашуун кишиге айып тагылып, кеминде 1100 адам жоопкерчиликке тартылып, 600дөй жаран абакка кесилген. Жарлыкка кол коюлган маалда алардын айрымдары абакта отурган.
Террорчулук
Трамп картелдерди, венесуэлалык "Трен де Арагуа" кылмыш синдикатын жана "Мара Сальватруча" эл аралык кылмыш тобун террордук уюмдарга теңеген документке кол койду.
Гендер маселеси
"Аялдарды гендердик экстремизмден коргоо жана федералдык өкмөт үчүн биологиялык саясатты калыбына келтирүү" тууралуу жарлыгында Трамп АКШда аял жана эркек деген эки гана жыныс тааныларын белгилейт.
Федералдык мекемелер
Трамп Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу боюнча департамент деген жаңы мекеме түзүлөрүн жарыялады. Ал мамлекеттик мекемелердин ишин оптимизациялоо менен алектенет. Буга чейин аны ишкер Илон Маск жана Вивек Рамасвами жетектээри айтылып келген. Инаугурациядан кийин Рамасвами Огайо штатынын губернаторлугуна ат салышарын билдирди. Дагы бир жарлыгы менен президент мамлекеттик катчыга Мамдепартаменттин ишин "Биринчи орунда Америка" деген тышкы саясатка ылайык жүргүзүүгө ылайыкташтырган топ түзүүнү тапшырды.
TikTok
TikTok социалдык түйүнүн жабуу мөөнөтү кеминде 75 күнгө артка жылды. Трамп башкы прокурорго популярдуу тиркемени сатууну талап кылган мыйзамды күчүнө киргизбей турууну тапшырды.
2024-жылы апрелде АКШ президенти Жо Байден баш кеңсеси Кытайда жайгашкан ByteDance компаниясы тиркемени 2025-жылга чейин сатпаса, Американын аймагында аны жабуу тууралуу мыйзамга кол койгон.
Бул мыйзам америкалык мыйзам чыгаруучулар TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деген тынчсыздануудан кийин кабыл алынган.
Декабрдын ортосунда АКШнын федералдык соту TikTok социалдык түйүнүнүн ээсин тиркемени америкалык тарапка сатууга милдеттендирген мыйзамды күчүндө калтырып, 19-январдан тартып ал күчүнө кирген.
Президент Трамп жума күнү Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен телефондон сүйлөшкөн. Маалыматка караганда, анда негизинен ТикТок жана Тайван маселелери талкууланган.
ByteDance компаниясынын 60% эл аралык инвесторлорго таандык жана кытай өкмөтү аларга таасир этпесин айтып келатат.
Энергетика жана айлана-чөйрө
Трамп "өлкөнүн керектөөсүн камсыздоо үчүн энергетикалык инфратүзүмдөрдүн жетишсиздигин" жоюу максатында энергетика тармагында өзгөчө кырдаал киргизди. Жарлыкка ылайык, Е15 бензинин жыл боюу сатууга уруксат берилет, федералдык аймактарда энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу тездетилет, бензин менен жүргөн автоунааларга киргизилген чектөөлөр жоюлат.
Андан тышкары Трамп Аляскада бургулоо иштерине коюлган чектөөлөрдү алып салды.
Башка жарлыктар
Трамп кол койгон башка жарлыктарга ылайык, качкындарды кабыл алуу программасынын иши токтотулат, Америка чет өлкөлөргө жардам берүү 90 күнгө токтотулат. Андан тышкары Трамп федералдык кызматтарга расасына, жынысына жана динине карап ишке алууга бөгөт койду. Ошондой эле Мексика булуңу мындан ары "Америка булуңу" деп аталат. Ал эми Аляскадагы Денали тоосуна АКШнын 25-президенти Уильям Маккинлинин ысымы берилет. Андан тышкары Канада менен Мексикадан ташылуучу товарларга пошлина киргизилди.
Трамптын мындай чечимдерин анын тарапташтарынын көбү колдоду.
"Өзгөрүүлөр болуп жатканы сонун. Трамп абдан жакшы нерселерди айтты. Бул сөздөрдү көптөр уккусу келген. Ага добуш бербеген адамдардын бүгүнкү маанайы да муну айгинелеп турат. Эң негизгиси - улуттук коопсуздук. Баары толкунданып, жетине албай турушат. Арасында мен дагы", - дейт Кристофер Хоинс.
78 жаштагы Трамп бул күнү кечинде ант берүү аземине арналган салтанатка катышып, жубайы Мелания менен каалгып бийге түштү. Ал АКШда соңку жүз жылдын ичинде экинчи президенттик мөөнөтүнө төрт жылдан кийин кайтып келген алгачкы мамлекет башчы болуп калды. Ал ошондой эле ант берүү маалындагы жаш курагы боюнча тарыхтагы эң улгайган мамлекет башчы.
Шерине