Мончодогу мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуянын чоо-жайы менен кеңири бөлүштү. Орусиянын Ички иштер министрлиги окуя боюнча эч кандай маалымат бере элек.
Бир айдан бери Москвада такси айдап эмгектенип жаткан Алихан жездеси жана анын айылдаш иниси болуп, үчөө 10-апрелдин кечинде мончого барышкан. Жарым саат өтпөй, эшиктин сынганы угулуп, ызы-чуу башталган.
"Ичиндегилер дүрбүп, кача баштады. Биз кошо качтык. Бирок эшиктен эч кимди кое бербей коюшту. Анан баарын уруп-согуп башташты. Ким уруп жатканын да түшүнбөйсүң, көрө албайсың. Баш көтөртпөйт. Колдорунда таяктары анан электршокерлери бар. Ошентип баарыбызды ашканага чогултту. Ал жактан олбурлууларды өзүнчө бөлүп алып кетишти. Арыкчырай, алсызыраактары бир бөлмөдө калды. Сакалы барларды дагы өзүнчө бөлүштү. Бир байкенин сакалынын жарымын ошол жерден кырып салды. Ал баш бербегенде, бетине уруп жатышты. Эмнеге уруп жатканын түшүнбөйбүз же документибизди сурашпайт. Бир байке тура калып себебин сурады эле. “Бизге жөн гана жакпайсыңар” деп жооп беришти".
Алихандын сөзүнө караганда, полиция өкүлдөрү аларды беш сааттай уруп-сабашкан. Бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнап да көрүшкөн.
"Ошол жактагылардын бирөөсүнүн жанынан бир бөтөлкө насвай таап алышты. Ал насвайды ар кимдин оозуна тыгып, жедиришти. Айрымдарды кол күрөшкө чыгарышты. Утулгандарды сабап жатышты. Кээ бирөөлөрдүн документтерин тытып салышты. Кийимчен жүргөндөрдү бассейнге секиртишти. Айрымдардын чөнтөгүндөгү акчаларын алып коюшту. Дагы бирөөгө жарым киллограмдай ачуу калемпир жедиртишти", - дейт мекендешибиз.
Алихандын айтымында, беш сааттан кийин полициянын чоңдору келишкен. Алар окуянын чоо-жайын сураштырып жаткан маалда мигранттарга эч ким тийген эмес. Мончодо анын сөзүнө карагандай, 60ка чукул кыргызстандык болгон. Акыры баарын ар кайсы полиция бөлүмдөрүнө бөлүштүрүп кетишкен. Алиханды 1-2 саат кармагандан кийин бошотушкан. Ал эми анын жездеси Байназар айып пул төлөөгө аргасыз болгон. Бирок кайсы күнөөсү үчүн төлөгөнүн деле түшүнгөн эмес.
“Окуткан жок, бат-баттан эле кол койдуртуп, айыппул төлөттү. Ар ким ар кандай акча бериптир. Мен жеке беш миң төлөдүм. Документтеримдин баары таза, ордунда болчу. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес буга чейин. Биз полиция бөлүмүндө бир суткадан ашык жатып калдык. Акыркы сааттарда элчиликтин өкүлү келип, чыгарат, баары жакшы болот деп айтып кетти”, - деди Байназар.
Москвадагы мончодо болгон окуя тууралуу Кыргызстан реакция кылышы керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев айтып чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасына мончодо тартылды делген бир нече видеону жайгаштырды.
“Бийлик өкүлдөрү, ТИМ, элчилик кана реакция? Кана! Өткөндө да кыргыз ишкеринин имаратына кирип келишип, ОПГлардан, террорчулардан бешбетер сабап кетишкен. ЕАЭБде мүчөбүз, союздашпыз, стратегиялык өнөктөшпүз деп, жүздөгөн мекендешибизди сабатып, унчукпай коебузбу? Тез арада тиешелүү иш-чараларды алып баруу зарыл! Жөн эле өз жумушун жасап, тынч оокат кылып жүргөндөргө мындай жапайылык, зөөкүрлүк кылгандарды Орусиянын күч органдары тез арада жоопко тартып, маалыматты биздин эл алышы керек! Компенсация төлөп, бардык чыгымдарды калыбына келтирип, кечирим суратыш керек кылмыш кылгандарды!” - деди ал.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвадагы мончолордун биринде мигранттар ур-токмокко алынганы айтылган окуя териштирилип жатканын 12-апрелде билдирди.
Анда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москванын Тимирязев райондук полициясына жеткирилген кыргызстандыктардан кабар алганы, учурда аларга укуктук жардам берилип жатканы белгиленет.
Ошондой эле орус полициясынын мончодо кыргыз жарандарына карата мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат текшерилип жатканын ТИМ кошумчалады.
Быйыл жыл башынан баштап Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашкан.
5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери кабарланган.
Ушундан кийин бир нече кыргызстандык мекендеш банк картасы иштебей калганын, ири суммадагы каражатын ала албай жатканын айтып "Азаттыкка" даттанышкан. Алар Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө экенин белгилеп, кыргыз бийлигин мигранттар кабылган көйгөйдү чечүүгө көңүл бурууга чакырышкан.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн акыркы маалыматына караганда, Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шек саналып реестрге киргизилген кыргызстандыктардын саны өсүп, 83 миңге жетти.
Тышкы иштер министрлиги тараткан статистикага ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Шерине