36 жаштагы Жамиля ВИЧ илдетин жугузганы үчүн жолдошун сотко берген Кыргызстандагы биринчи адам болуп калды. Ал оор дартка чалдыккандан кийин дени-карды сак эки кыз төрөгөн.
"Баары беш жыл мурда башталды..."
"Боюма бүткөндө бир жарым айдан кийин каттоого туруш үчүн бейтапканага баргам. Анализдердин баарын тапшырып, жакшынакай эле үйүмө кеттим. Кийин үйгө дарыгерлер мени издеп келишиптир. Алар мени кайра чакыртып алышты. Бейтапканага барганда эмнегедир инфекционисттин кабинетине алып барышты. Дарыгер эшикти жаап, мени отургузду да ВИЧ тууралуу айтып берди. Ал мага өзүм, күйөөм тууралуу суроолорду узатты. Мен дарыгерге өмүрүмдө эки гана эркек менен жыныстык мамиледе болгонумду айттым. Ошондогу менин сезимимди азыр айтып бере албайм. Сыртка чыгып, бир топко чейин кимге айтып, кимден жардам сурашты билбей нес болуп турдум. Биринчи корккон адамым жолдошум болду".
ВИЧти аныктоо боюнча тест-текшерүүлөр Жамилянын бул дартка жарым жыл мурда чалдыкканын аныктаган. Бир жарым жыл мурда турмушка чыккан келин дартты күйөөсүнөн жуктурдумбу деп шекший баштаган.
"Дарыгерлер мага эркектерде болгон симптомдорду айтып беришти. Мен аларды жолдошума атап берип, анда алар байкалып келгенин билдирдим. "Эгер менден болсо ажырашалы, сенде болсо аныктайлы" дедим. Ошентип, ал да текшерилип, мурдатан бери эле ооруганы билинди. Көрсө, бул оору тууралуу ал кабардар экен. Мага ушул нерсе оор тийди. Жолдошумдун кыялы заматта өзгөрдү. ВИЧти эми эле кабыл ала баштаган жаным, үй-бүлөлүк зомбулукка туш болдум. Ал мени уруп, ичке тепчү болду. Мен мурда бул ооруга баңгизат колдонгон же көп адам менен жыныстык катнашка барган адамдар гана кабылат деп ойлочумун. Көрсө, мага окшоп күйөөсүнөн илдетти жугузуп алгандар да болот турбайбы...".
"Жолдошумду кечирип, эки кызды төрөдүм..."
Ооруну кабыл алуу канчалык оор болсо да, Жамиля жолдошун кечирүүгө аргасыз болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө катары менен эки кыз төрөгөн. Кош бойлуу кездеги балдарынын саламаттыгына тынчсызданган күндөрүн азыр да көз жашсыз эстей албайт.
"Тогуз ай бою уктай албай же тамак жей албай жаман болдум. Оору менен жашап, курсакта бала көтөрүп жүрүү мага тирүүлүктүн тозогу болду. Дарыгерлердин көз алдында кош бойлуулугум өттү. Бул оору адамдын салмагын жеп коет экен. Тогуз айдан кийин эки килограмм салмактагы кызды төрөдүм. Көз жарганда кызыма оору жукпаганын билгендеги сезимди сөз менен жеткире албайм. Кызым мага окшоп кодулоого кабылбайт деп сүйүндүм. Бирок, аны колго алып, эмизген жокмун. Экинчи кызымды деле ушинтип, дарыгерлердин көзөмөлүндө көз жардым. Ага да оору жуккан жок. Аны да төрөлгөндөн баштап, эмизбей, кургак сүт менен бактым. Эки кызым тең 18 айга чейин ВИЧ боюнча дарыгерлердин каттоосунда турушту. Кийин анализдер таза экенин көрсөткөндө, дарыгерлер өздөрү эле каттоодон чыгарды".
"Эки кызымды тең өзүм эле төрөдүм. Дарыгерлердин көзөмөлүндө болсоң, вирустун көрсөткүчү ылдыйлап, башкаларга жугузуу коркунучу да азаят экен. Мага дарыгерлер "сенин анализдериң азыр жакшы, эмизсең болот" деп айтышкан. Бирок, өзүм да андай жоопкерчиликти алгандан корктум. Айрым аялдар эмизип алып, балдарына жугузуп алышты".
"Элдин, кайын журтумдун кодулоосуна туш болдум..."
Жамиля үй-бүлөсү менен Чүйдүн четиндеги айылдардын биринде жашачу. Келиндин айтымында, ал кайындарынын кодулоосуна туш болуп, айылга кеп тарап кеткени үчүн балдарын алып шаарга баса берген.
"Былтыр мен үчүн абдан оор жыл болду. Жолдошум үйгө келбей, башка аялдын үйүндө жашап алды. Карантинде эки балам менен акчасыз, тамак-ашы жок калган күндөрүм болду. Кайын журтум мени түшүнгөн жок. Алар "биздин үйгө оору алып келдиң, балабызды ооруттуң" деп мени күнөөлөй башташты. Ошол учурда бейтапканадагы медайым менин анализим тууралуу айылдын баарына жайып салды. Эл арасында бул сөз желдей тарады. Элдин ВИЧ тууралуу түшүнүгү жоктугун өз жон терим менен сездим. Кыздарым менен жашап жаткан үйдү жолдошум апасынын атына каттатып койгон эле. Бир күнү сот аткаруучулар келип, балдарым менен ал үйдөн чыгарып салышты. Кайын журтума, жашаган айылыма кереги жок болгондон кийин, кыздарымдын келечеги үчүн башка жакка кетейин деп чечтим".
Жамилянын дарты тууралуу анын апасынан башка туугандары билбейт. Баштан өткөн окуялардан улам ал коом өзүндөй илдетке чалдыккан аялдарды кабыл алууга даяр эместигин айтты:
"Эл арасында ВИЧ тууралуу мифтер аябай көп экен. Сиз экөөбүз азыр чогуу чай ичип, сүйлөшүп отурабыз. Бул учурда менден сизге илдет жукпайт. Аны башкалар түшүнбөйт экен. Менин оорумду билгенде менден качып, идиштериме жолобой, чочулоолор болду. ВИЧ үч эле жол менен жугат: кан аркылуу (ийне сайганда), жыныстык катнаш же энеден балага. Бирок, азыр дары-дармектин күчү менен мен эки кызыма тең жугузган жокмун да. ВИЧ илдеттүү адамдарга АРВ терапиясы боюнча атайын дары ичүү схемасы түзүлөт. Маселен, мен күнүгө кечинде сөзсүз дары ичип жатам. Алар аябай күчтүү, башыңды айлантып, алсыратат. Башка маалда өзүңдү кадимкидей эле сезип, толук кандуу иштеп, жашай бересиң. Дарылар бизге бейтапканадан акысыз берилет. Медициналык картада жашыруун код менен биздин илдет белгиленген".
Балдары менен жалгыз калган Жамиля күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазган. Жолдошу "ВИЧ инфекциясын башка адамга атайы жуктурду" деп айыпталып, ишти Чүй облустук ички иштер башкармалыгы карап жатат.
"Жолдошума болгон таарыныч дагы деле тарай элек. "Эмне үчүн ал мага ачык айткан жок, эмнеге илдетин жашырды?" деп көп ойлончумун. Мунун баарын унутуп, мен аны кечирип, эки кызды төрөдүм. Бирок, анда деле мени түшүнбөгөнү зээнимди кейитти. Укук коргоочуларга кабарлап, арыз жазууну чечтим. Милиция кызматкерлери өзүлөрү да таң калып, бир топ суроолорду узатышты. Жарым жыл мурун жазган арызым дагы деле сотко жете элек.
Мен ВИЧ тууралуу абдан көп маалымат окуп чыгып, бир катар сунуштарды берет элем. Мисалы, ВИЧти угузуп жатканда инфекционисттин жанында психолог болсо жакшы жардам болмок. Себеби, ошол кезде башыңа ар кандай ойлор келет экен. Мен биринчи жылдары суунун, көпүрө же бийик имараттардын жанында көп жүрчүмүн. Өзүмө кол салгым келген учурлар көп болду. Азыр гана өзүмө келип, жашай баштадым. Көрсө, бул илдет адам тандабайт тура. Мен күйөөм менен жашап эле жугузуп алганымды айтып бербедимби. Ошондуктан, тесттен текшерүүдөн өтүп, илдет тууралуу жакын адамга ачык айткандан коркпош керек. Керек болсо, жаңы баш кошуп жаткан жубайлар бирге ал тестти тапшырып, эгер жыйынтыгы оң чыкса, экинчиси билиш керек. Ал ВИЧ илдеттүү жолдошу менен жашаганга макулдугун бериши мүмкүн бирок, анда да тандоо болуш керек деп ойлойм".
"ВИЧ менен жашоо бар!"
Жамилянын укугун Кыргызстандагы "Анти Спид" бирикмеси коргоп жатат. Азыр ал эки кызы менен бул уюм жайгаштырган кризистик борбордо баш калкалоодо.
"Кесибим боюнча мугалиммин. Турмушка чыкканга чейин ири ишканаларда иштеп жүрдүм. Айтмакчы, ошол учурда жарым жыл сайын ВИЧти аныктаган тест тапшырчубуз. Кыздарымды укук коргоочулардын жардамы менен бала бакчага жайгаштырдык. Тааныштар жок бизге балдарды бакчага же мектепке киргизүү да оор экен. Башка балдардын апалары "Биздин балдарга жугат" деп ызы-чуу салган учурларды уктум. Азыр жашоом калыбына келе баштады. Ар кандай жалданма жумуштарда иштеп, акча таба баштадым. Кыздарым менин оорум тууралуу билбейт. Элге да алар чоңойгуча ачык айтып чыккандан корком. Алардын жашоосуна, кийин келечегине таасир этпесе деп кооптонот экенсиң. Ушул жерден айтарым ВИЧ менен жашоо токтоп калбайт. Азыр мен үчүн өмүр, ар бир мүнөт мурдагыдан да маанилүү. Мен өзүм эле эмес, балдарым үчүн жашашым керек!".
Каарманыбыздын суранычы менен аты-жөнү өзгөртүлдү.