Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Өзбек-тажик шпион жаңжалы


Өзбекстандын саясый картасы
Өзбекстандын саясый картасы

Өзбекстанда кошуна Тажикстан үчүн тыңчылык жасады деп айыпталган үч аял узак убакка түрмөгө кесилди.

Коңшулаш Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылып, Ата Мекенге чыккынчылык жасады деп айыпталып, Өзбекстанда үч аял узак мөөнөткө соттолду. Эки өлкө лидерлеринин өз ара “сиркеси суу көтөрбөй”, Ташкен-Дүйшөмбү алакасы бузулганына 19 жылдын жүзү болууда. Анын кесепетинен Ташкен темир жол каттамынын бир салаасын бууп, электр энергиясын берүүнү чектеп койгон. Эки өлкө арасында авиабайланыш да жок.

Өзбекстандын “купуя” сырын Тажикстанга сатты деп узак мөөнөткө эркинен ажыратылган аялдардын үчөө тең Сурхандарыя облусунун тургундары. Өлкө түштүгүндөгү Сурхандарыя облусу Тажикстан жана Ооганстан менен чектешет.
Бул жөнүндө 31-октябрда Өзбекстан улуттук телевидениесинин “Ёшлар" телеканалы “Мекен чыккынчысы” деген жарым сааттык тасманы көрсөттү, дейт “Азаттыктын” өзбек кызматынын редактору Шухрат Бабажан:

- Бул программада “чыккынчы” деп айыпталган аялдар: Гүлнара Аманова, Кимия Худоярова жана Рано Хурсанова сүйлөп, “Биз бул ишти жасаганга мажбур болдук” деп айткан. Мисалы, 15 жылга соттолгон Кимия Худоярова Сариасия райондук ички иштер бөлүмүн жана прокуратурасынын имаратын сүрөткө алган. Сүрөттү тажикстандык чалгынчылардын берген тапшырмасы боюнча тартканын мойнуна алган. Муну телепрограмманы көргөн досторубуздан уктук.

Телеберүүдө бир аял тажикстандык офицер күйөөсү мажбурлап, шпиондук кылганын мойнуна алган. Бирок Өзбекстан телевидениеси бийликтин пропагандисттик минбары болгондуктан, “чыккынчылык” жөнүндөгү тасмага ишенбейбиз дейт Шухрат Бабажан.
Тажикстан менен Өзбекстанды бириктирген темир жолдун өзбек тарап бузуп салган 700 метри. 22-март 2012
Тажикстан менен Өзбекстанды бириктирген темир жолдун өзбек тарап бузуп салган 700 метри. 22-март 2012

Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Нозиржан Буриев “шпиондук чатакка” байланыштуу Ташкенден расмий кат келбегенин, демейде бу сындуу кабарларга расмий Дүйшөмбү “маани бербесин” билдирди. Мунун негизги себеби, эки өлкөдө бири-биринин “шпиондорун кармоо” кеңири жайылган көрүнүшкө айланган. Быйыл февралда ушул эле Сурхандарыя облусунда төрт тажик жараны жашыруун маалымат чогулткан деп айыпталып, 14 жылдан 20 жылга чейин кесилген.

2009-жылы Тажикстандын "Востокредемет" ишканасынын жетектөөчү эки адиси 22 жылга, ушул эле компанияда иштеген өзбек жараны 20 жылга камалган. Үчөө тең “бөтөн өлкө үчүн шпиондук кылган” деп айыпталган.

Тажик журналисти Фарходи Милод Дүйшөмбү-Ташкен ортосундагы шпиондук согуш өтө интенсивдүү жүрүп жатканын, ал эми акыркы окуя Өзбекстанда Тажикстан менен мамилени оңдоо ыкласы жок экенин күбөлөгөнүн айтат:

- Чынын айтканда, эки өлкө жарандарын же коңшу өлкө букараларын шпиондук кылды деп күнөөлөө 15 жылдан бери уланууда. Мындай нерсе көбүнчө Өзбекстанга мүнөздүү. 2005-2006-жылдары Тажик бийлигиндеги конкреттүү адамдар өз букарларын шпиондук кылганга мажбурлаган деген билдирүүлөр жасалган. Ыраматылык генерал Абдулла Назаров Согди облусунун бир депутатын шпиондук кылганга мажбурлаган деп күнөөлөнгөн. Совет доорунда Өзбекстанда аскер кызматын өтөп, кийин ал жакта калып калган тажикстандык Өзбек аскерлери тууралуу маалымат жыйнаган деп соттолгон.

Айрым серепчилер эки өлкө аралык шпиондук согуш өзгөчө Тажикстан Рогун ГЭСин курганга кирише баштагандан тартып күч алганына көңүл бурушат. Өзбекстан ГЭС курулса, Аму дарыянын төмөнкү агымында суунун көлөмү азят, табиятка зыян келтирилет деп эсептейт. Мындай кепти расмий Дүйшөмбү негизсиз деп четке кагууда. Өзбекстан болсо оңу келгенде Тажик тарапка газ жана электрди бууп койууда; Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусуна кеткен темир жолду бузуп, поезддер өтпөчү кылып салган.

XS
SM
MD
LG