Студиянын коноктору Студенттер бейтапканасынын акушер-гинекологдору Гүлзина Мадраимова жана Гүлнур Шыгаева болмокчу.
- Акыркы жылдары социалдык медиадан балдары ачка калганын айтып, жардам сураган энелердин видеолорун көп көрө баштадык. Муну айрымдар “бага албагандан кийин эмнеге төрөйт?”деп сындап да калышат. Негизи эле аялдын организми канча бала көтөрүүгө ылайыкташкан? Илгери апалар 15 балага чейин деле төрөй берчү тура.
Гүлзина Мадраимова: Илгери он бала төрөлсө, ону бойдон түшкөн да. Аялдын ден соолугу кеткен. Апалардын буту-колу кыйшайып, бүкүрөйүп калганы бекеринен эмес. Анткени убагында витаминдүү тамак-аш жетишсиз болгон. Аял төрөгөндөн кийин организм жок дегенде төрт жыл эс алууга тийиш. Эне 1-1,5 жыл бала эмизет. Андан кийин организм калыбына келиши керек да. Экинчиден, бала өзү басып, ай-уйга түшүнүп калат. Бүгүн эле бир келин келди мага. Ичи челкейип эртең-бүгүн төрөгөнү турат, колунда баса элек бала. Аялдамадан бери курсагына отургузуп көтөрүп келиптир. Анан күч келип боюнан козголот да. Кичине баланын тынчы жок болот. Аны эне карашы керек. Кыскасы, аял эс албайт. Жерди жылда айдай берсе арыктайт да. Аял деле ошондой, эс албай төрөй берсе, ден соолугу начарлайт. Аялдарга айтар элем, баланын саны эмес, сапаты маанилүү. Балага курсактан жармашкан дарт өмүр бою калат. Аны көрүп эне өзү кыйналат, депрессия болот.
Бизде азыр аялдар балдарына кошуп күйөөсүн дагы багат. Эркек дагы балага кам көргөндү билиши керек. Жоопкерчиликти жалгыз аялга түртө салып басып кетүү туура эмес.
- Жакында бир статистика чыкты. Үч жүздөн ашуун өспүрүм көз жарган экен. Бул проблеманы кантип алдын алса болот? Түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керекпи?
Гүлзина Мадраимова: Баары үй-бүлөдөн башталат да. Мага бир эне кызын алып келди. Кыз жаш экен, курсактагы баласын жерип "төрөбөйм" деп жатты. Көрсө ата-энеси эле күйөөгө берип коюптур. Энеси "күйөө балам мамалак, жүз роза көтөрүп келгени үчүн ичим жылып, кызымды берип койгом" дейт. Балык башынан сасыйт эмеспи. Энелер кызды күйөөгө берүүгө ашыкпашы керек.
Гүлнур Шыгаева: Мектеп дагы тарбиялашы керек.
- Гүлнур айым, энелер арасында аз кандуулук оорусу көп кездешет тура. Эгерде эне аз кандуулуктан жабыркаса, ал балага кандай таасир этет?
Гүлнур Шыгаева: Эне аз кандуулук оорусуна чалдыкса, курсактагы бала жакшы өспөй калат. Анткени бала өзүнө керектүү заттарды энеден алат да. Эненин өзүндө тартыш болсо эмнени берет? Ымыркай ара төрөлүшү мүмкүн. Тубаса кемтик менен жарыкка келгендери бар. Бейтапканада жаштар менен иштейбиз. Былтыр курсактагы түйүлдүк туура эмес өрчүп жатканы үчүн аборт кылууга аргасыз болдук. Азыр кош бойлуу аялды тооруган коркунучтар көп. Вирустук инфекция, аз кандуулук, булганган айлана-чөйрө баары түйүлдүккө таасир этүүдө. Анан калса, жаштар зыяндуу азыктарга, тез татымга ыктап жатат. Тамакты мурдагыдай өз колу менен жасап ичпей калышты.
Гүлзина Мадраимова: Аял аз кандуулуктан жабыркаса, төрөт маалында кан кетиши мүмкүн. Кан басымы түшүп, эсин жоготуп кыйналгандар бар. Жакында бир жаш келин каттоого турду. Текшерсек, гемоглобини 70 экен. Кыздын апасын чакырттык. Аз кандуулуктун башаты ошол энеден башталган экен, ушул кызын кыйналып төрөптүр. Анан "кызыңызды күйөөгө бергенге чейин догдурга текшерттиңиз беле?" деп сурадым, алып барбаптыр. Бизде энелер кыздын ден соолугуна анчейин маани бербейт. Тишин текшертейин, өзүн текшертейин деген ой жок. Жоопкерчиликтен качып, эрте эле күйөөгө бере салышат. "Бузулуп кеткиче, тийип кетсин" дешет экен. Эне жакшы тарбия берсе, кыз бузулбайт.
- Сиздер жаштар менен иштеп жатасыздар. Өткөндө гинеколог менен сүйлөшүп калсам, "аялдар догдурга көрүнгөнгө убакыт таппайт, бирок бойдон алдырганга убакыт табат" деп айтты.
- Гүлнур Шыгаева: Эгер жаш кыз абортко барса кийин төрөбөй калышы мүмкүн. Инфекция көбөйүп, сепсис болуп кетсе жатынды алып салууга туура келет. Аборттон кийин кан калып калса полип болуп эт өсүп кетиши мүмкүн. Андайда жатындын ичин кырууга туура келет. Мунун баары аялдын ден соолугу үчүн кооптуу.
Гүлзина Мадраимова: Көпчүлүк кыз-келиндер аборттун кесепетин ойлобойт. Бойдон алдырсам эле көйгөй чечилет дешет. Мурда кош бойлуу болуп калган кыздарды аборт кылбай, жигитине күйөөгө узаткан учурлар болгон. Азыр андай учурлар азайды. Себеби, каалаган жагына барып, аборт кылдырып анан бизге келгендер бар.
- Бирок курсактагы балада кемтик болсо дарыгерлер абортту өздөрү эле сунуштайт тура?
Гүлнур Шыгаева: Андай учурлар да болот. Бирок жөн эле аборт кылбайбыз, адегенде энени анализ тапшыртып, текшерүүдөн өткөрөбүз. Генетик "бул бала төрөлгөн күндө да жашай албайт" деп бүтүм чыгарышы мүмкүн. Азыр көп наристелер көтөн чучугу жок төрөлүп жатат. Аларды хирург "кийин операция кылабыз, төрөлө берсин" деши да мүмкүн. Жалгыз биз эле чечим чыгарып, аборт кылбайбыз.
- Деги эле кыздарга гигиенага байланыштуу кеп-кеңешти, жыныстык тарбияны кантип бериш керек?
Гүлзина Мадраимова: Кыздарга энелик кеп-кеңеш берип турабыз. Ич кийимди кантип таза кармап, кантип даарат алуу керектигине чейин айтабыз. Айрымдары туура кабыл алат, айрымдары кулак кырынан кетирет. Кыз балага гигиенаны үйрөтүү эненин милдети. Сегиз жашка чыккан секелек өз боюна караганды билүүгө тийиш. Азыр кыздар моданы, кирпик, тырмак чаптаганды, шугарингди үйрөндү. Буларга акчаны бат эле табышат. Бирок гинекологго барганды үйрөнө албай коюшту.
- Гинекологдор аялдар арасында эрозия аябай көп дешет. Ал эмнеден пайда болот? Кээде жаш келинде пайда болуп калат экен. Кайын-журту "мурда баскан-турганың жаман болсо керек" деп шек санап, анын айынан келиндин жүрөгү муздап ажырашкан учурлар тууралуу угуп калабыз.
Гүлзина Мадраимова: Эрозия инфекциядан улам пайда болот. Гайморит болсоң же тамагың ооруса дагы жан жериңе таасир этет. Жатындын ичинде ай сайын тери өзүнөн өзү сыйрылып, кайра калыбына келип турат. Ошол убакта тумоолоп калса, организмдеги микроб түз эле жатынга барышы ыктымал. Кыз баланы төрөт үйүнөн келгенден тарта гинекологго көргөзүш керек. Кээде колду жуубагандан ичегиде курттар пайда болот. Ал жоон ичеги аркылуу чыгып жатынга кирип кетсе сезгентип, кычыштырышы мүмкүн. Ошондуктан кыздарга туура даарат алганды да үйрөтүү керек. Бул эми эненин милдети.
- Эки-үч жыл мурда кыздар папиллома вирусуна каршы жапырт эмдөөдөн өттү го, вакцина ошол эрозиядан да сактайбы?
Гүлзина Мадраимова: Тогуз жаштан он төрт жашка чейинки кыздар эмделди. Бул биринчи кезекте ракты алдын алуучу вакцина. Эрозия ракка өтүп кетпеши үчүн аны сөзсүз алуу керек.
Негизи эне кызды турмушка берерден мурда текшертип, дарылатуу керек. Бизде энелер болочок кудагыйына "кызым таза, эми сен балаңды текшерт" деп айта албайт да. Эркек инфекцияны алып жүрүүчү болот. Эгер аялда эрозия бар болсо, күйөөсүн кошо дарылаш керек. Эркекте инфекция болсо аялды дарылоодон майнап чыкпайт. Кайра-кайра эле ооруй берет аял. Бизде көп эркектер догдурга барбайт да. Ошон үчүн жаштарга жыныстык сабаттуулук керек. Болбосо, жылдан жылга генофондубуз начарлай берет.
- Мен бир жолу ооруканага бардым калдым эле. Жанымдагы жаш келиндин ичи чоң экен, "канча айлык?" деп сурасам, "боюмда жок, эндометриоз" деп айтты да. Бул эмне болгон оору?
Гүлзина Мадраимова: Муну 21-кылымдын оорусу десек болот. Аял көпкө чейин дарыланбай жүрө берсе, жатындын ичин без басып кетет. Эндометрия - бул жатындын ички тканы, ошол сыртка жайылып, жумурткага, ичегилерге чейин чыгып кетет. Азыр эндометриоз, аденомиоз деген көбөйдү. Малды жая берсе, жайытты тикен каптап кетет турбайбы. Жер өзүн ошентип коргойт дешет. Кайра-кайра сезгене берсе, жатын да өзүн коргой баштайт.
- Аял киши өз саламаттыгына туура кам көрүшү үчүн кайсы бир деңгээлде билим алышы керек да...
- Кыз бала окуп, иштеп, өзүн багып кете ала тургандай болушу керек. Турмушта ар кандай кырдаалдар болот. Кызды эне болгонго, уулду ата болгонго даярдаш керек. Анткени балалуу болуу, бала тарбиялоо чоң жоопкерчилик.
Аял кош бойлуу кезде гормондордун деңгээли жогорулайт. Чыргоо тартат. Күйөөсүн кызгана баштайт же таптакыр жактырбай калат. Алганы ошонун баарын туура түшүнүп, кызуу кандуулукка алдырбай колдош керек. Кош бойлуу аялды уруп-сокконго болбойт.
Бизде көпчүлүк жаштар үйлөнүп жатканда ойлонбойт, романтикага эле басым кылышат. Анан балалуу болгондо кыйналышат. Анан чоң энеге таштап иштеп кетишет. Андай болбойт. Ал сени чоңойткону аз келгенсип, балаңды эмнеге багышы керек? Төрөдүңбү өзүң бак. Акылдуу чоң энелер илгери неберелерине бир токоч карматып эле эркелетип койгон. Үйрүлүп түшүп, уул-келининен бала талашканы туура эмес. Чоң энелер ириде өз саламаттыгына кам көрүшү керек.
- Аял кайсы бир куракка жеткенде төрөттөн калат эмеспи. Климакстан кийин аялдар догдурга канча жолу көрүнүшү керек?
Гүлнур Шыгаева: Бир жылда бир көрүнүп койсо болот. Илгери тиши ооруйбу, ич ооруйбу биринчи гинекологго жиберишчү. Азыр андай болбой калды. Аял киши жылына цитологиялык текшерүүдөн өтүп турууга тийиш.
Гүлзина Мадраимова: Климакс - бул жумурткаң иштебей, гормон бөлүп чыгарбай калат деген кеп. Ал эми гормондор - бул биздин организмди кыймылдатып турган чоң күч. Азыр отуз алты жаштан кийин эле эрте климакс болуп жатышат. Кээ бир аялдар кайра чакырса болобу деп келишет. Жок, анын эмне кереги бар? Уктап жатканды ойготуунун кажети канча? Аял отуз алты жаштан кийин жок эле дегенде догдурга бир көрүнүп коюшу керек. Бир жылда бир толук текшерүүдөн өтүп, онкомаркерлерди тапшырышы керек. Он эки мүчөң аман болсо, баары чогуу иштейт. Бир орган иштебесе, экинчисине зыяны тиет. Баары бири- бири менен байланышта.
Бизге улгайган да аялдар келет, "акыркы жолу гинекологго качан бардыңыз эле?" десең, "кичүү баламды төрөгөндө" дейт. Ал баласы отуздан өтүп, кыркка чыгып калган болот. "Отуз жылдан бери спираль менен жүрөм" деп келгендер бар. "Биринчи байлык - ден соолук" деген кыргыз. Азыр аны унутуп калдык. Дароо эле үй алышым керек, машина алышым керек, тойго барышым керек, тогуз тойго тогуз көйнөк кийип барышым керек дегенге өтүп калдык. Бирок ден соолукка көңүл бурбайбыз. Ден соолугуң жок болсо, сен эч ким эмессиң да.
- Климакска кантип даярданыш керек анан?
Гүлзина Мадраимова: Эрте даярданыш керек. Догдурга көрүнүп, атайын витамин, чөп чайларды ичсе болот. Анан нерв болбой күлүп-жайнап жашаш керек. Жатын өзү гормоналдык өзгөрүүгө сезимтал орган. Мен өзүм гинекологиядан тышкары психологияны да окугам. Көпчүлүк оорулар маанайга байланыштуу болот. Кыргызда төбө чачым тик турду, жүрөгүм муздап калды дешет го. Илгеркилер эмоционалдык абалын ошентип сүрөттөгөн. Адам катуу капа болгондо кан тамырларга күч келет. Басымга чыдабай жарылып кетип, инсульт алышы мүмкүн. Ошон үчүн аял киши эмоционалдык абалына да көз салып, өзүн аяп жашашы керек.
Подкасттын толук вариантын аудиодон уксаңыз болот.
Шерине