Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:56

"Калктын саламаттыгы улуттук идеология катары каралышы керек"


Иллюстрация
Иллюстрация

Эркин Жаманбаев көп жыл Кыргызстанда, андан кийин Африка, Канада ж.б. жактарда дарыгер болуп иштеп, соңку жылдары Словакияда эмгектенип жатат. Ал азыр саламаттыкты сактоого стратегиялык мамиле, жаңычыл дарылоо ыкмалары боюнча адис. Биз анын жалпы топтогон тажрыйба, билимин салыштырып маектештик.

"Жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда"

- Эркин мырза, сизди медицина тармагындагы стратегиялык, жаңычыл ыкма боюнча адис дегенде эмнени түшүнөбүз? Чечмелеп бересизби?

Эркинбек Жаманбаев
Эркинбек Жаманбаев

- Бул жөнөкөй эле. Саламаттыкты сактоо системасынын максатына жараша болот. Максат – ооруларды азайтып, адамдардын өмүрүн узартып, жашоонун сапатын жакшыртып, жумуш курагындагы кишилердин ооруп калган күндөрүн кыскартуу, майыптыкка чыгарууну азайтуу болсо - анда стратегия да айдан ачык. Же айрым учурларда саламаттыкты сактоонун ролу, модели Кыргызстандагыдай түшүнүксүз болот. Биздики - бир жагынан мамлекет тарабынан жетишсиз каржыланган, ага кошумча кардарлардын капчыгынан жан баккан аралаш система. Экөө кошулганда да медициналык системанын азыркы талаптарын жаба албайт. Күнүмдүк коромжуларынан сырткары медицинада жаңылануу, өнүгүү, айлыктарды көтөрүү - бул жерде иштеп жаткан догдурлардын гана эмес, медициналык билим берип жаткан мугалимдердин айлыгын да эске алышыбыз керек. Ошондуктан биринчи кезекте саламаттыкты сактоо системасынын стратегиялык максатын аныктап, артыкчылыктарды тактап алыш керек. Андан кийин ошол система кандай каржыланарын, элдин саламаттыгынын сапатын кантип өлчөйбүз дегенди аныктап алуу зарыл.

- Жөнөкөй мисалдарга өтсөк. Азыр Кыргызстанда кайсыл оорулардын көбөйүп жатканы сизди дарыгер катары тынчсыздандырат? Медицинага ошолор оор жүк болуп атат да. Себептери кайсылар алардын көбөйүп атышынын?

- Кыргызстандагы оорулардын статистикасы жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн өтө деле айырмаланбайт. Бул биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр оорулары, экинчиси дем алуу органдарынын, бронхит, өпкө залалдары, үчүнчүсү – онкология, же рак дарты. Ушул үч багытты негизги маселе катары гана карабастан, буларды азайтуу, алдын алуу иштерин жолго коюу керек. Азыр биздин жарандар арасында эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүп, 2023-жылы, мисалы, Кыргызстанда полиомиелиттин (шал) жайылышы байкалды. Ковид-19 учурундагы кырдаал да биздин система ушундай күтүүсүз кризистерге даяр эмес экенин көргөздү. Ооруп калгандардын 20% медиктер болбодубу. Бул система мындай чакырыктарга таптакыр даяр эмес дегенди айгинелейт.

- Салыштыра кетсек, сиз жашап иштеп жаткан Словакияда кандай оорулар көп экен? Себептери кандай?

- Жалпылап айтканда, биздегидей эле онкология, жүрөк оорулары биринчи саптарды ээлейт. Дем алуу органдарынын дарттары бизден азыраак, анткени экология, же булар дем алган аба Кыргызстандагыдан тазараак. Артроз дарты көп кездешет, буга көп учурда ашык салмак себепкер десек болот.

Кыргызстандагы дартты аныктоонун абалы

- Кыргызстандагы диагностика, же ооруну аныктоонун абалы кандай? Диагнозун кеч билиптир, туура эмес коюлуптур, туура эмес дарылашыптыр деген окуяларды көп эле угуп калабыз.

- Бул системалык көйгөй. Догдурлар бир күндө канча кишини кабыл алуу керек, ар бирине канча мүнөт бөлүү керек деген тартипте иштешет. Поликлиникаларда, мисалы, бир күндө 40 же андан көп кишини караш керек болсо, бул бир кишиге 10 мүнөттүн тегерегиндеги убакыт бөлүнөт дегенди түшүндүрөт. Мынча убакыт сыркоонун бардык маалыматын угуп, салыштырма анализ жасап, текшерүүнүн бардык ыкмаларын колдонуп, тийиштүү анализдердин баарын пландаганга таптакыр жетпейт. Экинчи жагынан бизде гипердиагностика деген бар. Ашыкча эле МРТ (магниттик-резонанстык томография), КТ (компьютердик томография), УЗИ, кандын анализи сыяктуу олуттуу анализдерди сурай беришет. Өкүнүчтүүсү, коррупция кеңири жайылгандыктан, мындай анализдер көп учурда акча табуу булагы болуп калган. Аларга негиз барбы, жокпу, ал экинчи маселе. Диагностиканын начар абалда болушуна, албетте, биздин догдурлар англис, немис, же испан тилин билбегендиктен алдыңкы илим-билимден артта калып, эл аралык конференцияларга барып квалификациясын, адистигин жогорулатууга каражаты, мүмкүнчүлүгү жок болуп жатканы да кедергисин тийгизет. Ага кошумча эскирген инфраструктура, түрктөр кандайдыр жаңы апараттарды алып келгенге жардам берип атышат, бирок аны туура иштетип, медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга мамлекет азырынча абдан кызыкдар экенин көрө албай жатабыз.

Словакиядагы нейрореабилитация борборунда иштеп жүргөн учур. 2021-жыл.
Словакиядагы нейрореабилитация борборунда иштеп жүргөн учур. 2021-жыл.

- Жакын тууганым ооруп калгандыктан жакында Кыргызстанда сапаттуу радиациялык дарылоо аппараты жок экенин билдик. Онкологиялык борбордо эскиси гана бар экен. Рак дартына чалдыккандарды дарылоону жакшыртыш үчүн өкмөт дагы кандай кандай иштерди жасашы керек?

- Азыркыдай шартта жардам бере албайт. Биринчи кезекте биз 20, 30, 50 жылдан кийин кандай Кыргызстанды көргүбүз келет, ал үчүн саламаттыкты сактоо системасын стратегиялык жактан кандай кылып өзгөртүшүбүз керек деген суроолорго жоопту тактап алышыбыз керек. Эгерде ооруларды азайтыш үчүн профилактика, же алдын алуу жагына басым жасайбыз, ден соолугу чың коом курабыз десек, медициналык инфраструктураны жакшыртып, медициналык билим берүүнү түп-тамырынан өзгөртүү зарыл. Догдурларды гана эмес, ортоңку медициналык кызматкерлердин билимин да өзгөртүш керек. Азыркы биздин саламаттыкты сактоо системабыз советтик бойдон калган, баарын жаңыртып, жаңы билим бергенге каражат жок. Өкмөт азыр баарын анализдеп туруп, кандай максатка жеткибиз келет, медицинаны кандай кылып өзгөртүү керек дегенди тактап алып, ошого жараша стратегиялык иштерди жасашы керек. Буга чейинки Дүйнөлүк банк, дагы башка чет элдик институттар берген каражатка жасалган реформалар саламаттыкты сактоо системасын азыркыдай урап бараткан абалга алып келип койду.

"Мыкты система кыйрап калды"

- 1990-жылдары Дүйнөлүк саламаттык системасынын патронажы алдында бизде чоң реформалар жарыяланбады беле. Сиз да ошол жылдары Кыргызстанда иштеп жаткансыз. Чет жакта жашаган бир кесиптешиңиз ошол реформалар үчүн Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттык уюмун эл аралык сотко берсе болот деп айткан эле. Сиз да ошондой пикирдесизби?

- Ошол жылдары мен төрт жылдай Кыргызстандын медициналык ассоциациясынын жетекчиси болгом. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана “Манас-2000” деп аталган реформалоо программасы менен такай урушуп-талашып жүрдүк. Ал реформалар оорулууларды диспенсеризациялоо системасын талкалап, фельдшердик-акушердик түйүндөрдү жокко чыгарып салды. Санитардык авиация иштебей калды. Дүйнөдө мыкты системалардын бири деп таанылган медициналык система кыйратылып жок кылынды. Үй-бүлөлүк догдурлар даярдала баштады. Талкаланып калган системанын ордуна жаңысы, мурдагыдан жакшысы түзүлгөн жок. Ошондуктан мен дагы биздеги жакшы эле иштеп жаткан медициналык система талкаланып, профилактага басым жасаган система жок кылынганы үчүн ал тармакты бүлүндүрүп талкалаган реформа болду дегенге макулмун. Азыр Кыргызстандын медициналык тармагында профилактикалык система жок десек болот.

- Алдыңкы өлкөлөрдө азыр саламаттыкты сактоо системасы ооруларды алдын алууга басым жасап, тамекиге, аракечтикке каршы, сергек жашоо, туура тамактанууга басым жасаган улуттук өнөктүктөр жүрүп жатат. Кыргызстанда ушундай иштер болуп атабы?

- Менимче, андай иштер баштала элек. Профилактикалык билим, идеология жокко эсе. Атүгүл аялдарга, эркектерге баланча жаштан кийин жыл сайын милдеттүү медициналык кароодон өтүш керек деген система да иштебей калды. Медициналык камсыздандыруу жолго коюлган өлкөлөрдө ал милдеттүү көрүнүш. Мисалы, Словакияда андай медициналык текшерүү жайыраак иштейт десем, Стамбулга барып бир күндө ден соолугумду ар тараптан текшертип, тийиштүү адистерден кеп-кеңеш алып келем. Азыр биздин саламаттыкты сактоо системабыз алы жетишинче өз алдынча жан сактоо абалында.

Оорулардын алдын кантип алуу керек?

- Өзүңүз айткандай, Кыргызстанда биздин медицина оорунун кесепеттерин жоюу, дарылоо менен алек. Ооруну алдын алуу, элдин саламаттыгын жакшыртуу иштери аксап атат. Канткенде жалпы мамилени өзгөртө алабыз? Догдурлар эле эмес, эл өзү да саламаттыгына камкордук жасагыдай кардиналдуу, ыкчам аракет көрсө болобу?

- Мен муну алкоголизмди, же аракечтикти дарылоо менен салыштырат элем. Аракеч киши анын өмүрү жардын учуна такалып, өлүмгө бир кадам калгыдай абалда болмоюнча көйгөйдү мойнуна албайт. Биздин медицина системабыз да ошондой катастрофалык абалга кептелиши керек окшойт. Билимдүү догдурлардын баары чет жактарга кетип, медициналык кызматкерлер жетпей кризис келип чыкканда балким кандайдыр чечкиндүү аракет жасалаар. Профилактика - ар бир жараныбыздын күнүмдүк жашоосуна байланган маселе. Кандай тамак жейт, кандай абадан дем алат, дене көнүгүүлөрүн жасап атабы, айлана-чөйрөдө болуп аткан окуя, көрүнүштөргө карата психо-эмоционалдык абалы кандай, ушунун баары маанилүү. Азыр биз жол кырсыктарынын коркунучтуу статистикасын көрүп жатабыз. Ал кандай болбосун оорудан каза тапкандардын санынан жогору. Экинчиден, тамакты туура даярдоо, туура тамактануу эрежелерине эч жерде үйрөтүшпөйт. Бала бакча, мектеп, институт - эч жерде андай билим берилбейт. Ар кандай кошумча витамин, БАД, же башка кошулмалардын рекламасы жайнайт. Улуттук стратегия болушу керек. Түркмөнстандын президентин биз диктатор, башка деп атап канча шылдыңдабайлы, ал сергек жашоонун улуттук программаларын киргизе алды. Ар бир түркмөн ден соолугун чыңдоонун кайсы бир жолун тандап, кыска, узун жолдор аркылуу саламаттыгына кам көрүүгө милдеттүү. Кечкисин биздегидей кафе-ресторандарда ашык тамак жеп, пиво, башка алкоголдук ичимдиктерди ичип отурган элди көрбөйсүң. Бир жагынан бул адам укуктарын чектөө, экинчи жагынан түрмөндөрдө азыр сергек жашоону тандабаса, мекенге чыккынчылык кылганга барабар дегендей эле идеология. Мен Түркмөнстанга беш жолу барып келдим. Саламаттыгына камкордук көрүү маселеси түркмөндөрдүн аң-сезимине сиңип баратат.

- Ооба, биздеги жалпы медициналык система эскирип калганы, негизинен мурдагы советтик системага негизделген система экени чындык. Ошол эле учурда мен өзүм Кыргызстанга барганда кайсы бир догдурларга көрүнө келем, менчик стоматологиялык клиникалар жакшы иштеп атышат. Көп эле мигранттар айтып калышат, "Кыргызстанда баланча догдурга бардым, бизде жакшыраак" деп. Сиз салыштырып айта аласыз, бизде адамга индивидуалдуу мамиле жасаган оң жактары да бар го?

- Албетте, окумуштуу Семашконун (окумуштуу Николай Семашко советтик медициналык системанын негиздөөчүсү эсептелет) атын алып жүргөн советтик медициналык система дүйнөдө жакшы жагынан да таанылган. Ал бекер, көп деңгээлдик система. Алыскы транспорт жетпеген айыл-кыштактардан тартып борбордогу адистештирилген алдыңкы медициналык борборлорго чейин элди дарылоонун атайын түйүнү түзулгөн. Билим берүү да башкача болгон, минималдуу сандагы анализдер аркылуу диагноз коюуга окуткан. Болгон анализдерди чогултуп, салыштырып, изилдеп жыйынтык чыгарууга үйрөткөн. Анализдер алдын ала коюлган диагнозду бекемдеш үчүн алынчу. Советтик медициналык билим берүүнун күчтүү жагы – догдурлар мээсин иштетиш керек эле. Бирок ал системанын күчтүү жактарын сиңирип алган кыйын илимпоз адистердин көбү же жашоодон өттү, же башка өлкөлөргө эмиграциялап кетти. Жаш дарыгерлер менен сүйлөшүп калганымда, аларга азыр болушунча көбүрөөк анализдерди чогултуп, компьютердеги жасалма интеллект платформасына жүктөп, жыйынтыкты издөөнүн жеңил жолуна өтүп алгандарын, мээсин иштеткиси келбегенин байкайм. Тилекке, каршы ушундай болуп баратат.

- Балким, мигранттар биздеги жеке клиникаларга барганы алар жашаган өлкөлөрдөгү тилди мыкты билбегени, же мигранттарга жалпы мамиледен да болушу мүмкүн. Же тишти дарылоо бизде алдыга кеттиби?

- Стоматологияны алсак, чынында Кыргызстанда бул тармакта Европадагыдан кем калышпаган, атүгүл алардыкынан мыкты клиникалар ачылды. Словакияда, мисалы, тишти дарылатуу 5000 евро болсо, Түркияда 2000, Бишкектеги менчик клиникада 1500 евро турат. Бишкекке чейинки учактын билетин кошуп санаганда мага Түркияга барып дарылаткан ыңгайлуу болуп калат.

- Рак оорулары Европада, Америкада да абдан көбөйүп баратканын окуп жатабыз. Ошентсе да, сиздин инновациялык ыкмаңыз аркылуу караганда, Кыргызстанда бул оорунун жайылышына эмнелер себеп болууда?

- Биринчиден, жаратылышта "табигый тандоо" деген көрүнүш бар. Алсыз, ден соолугу начар жаныбарлар узак жашай алышпайт. Медицинанын жардамы менен адамдар жашоосун узартып жатышат. Анын айынан ар бир секунда сайын генетикалык мутация же өзгөрүүлөр болуп, иммундук реакция рак клеткаларынын өсүшүн басаңдатып койот. Бирок адамдын өмүрү узарган сайын ал бир убакта рак оорусуна кабылат деген коркунуч да жогору. Ошентип адамдын өмүрүнүн узаруусу ракка чалдыккандардын санын да көбөйтө берет. Албетте, ага кошумча, биз жашап жаткан чөйрөнүн сапаты. Абанын, суунун булганышы, тез тамактануучу жайлардын, кайра иштетилген тамак-аштын жайылышы, микропластиканын таасири (пластик буюмдардан денеге сиңген заттар). Ушулардын баары биригип келип онкологиялык ооруларды көбөйтө берет. Мындан ары да азайбайт, тилекке каршы.

Оорудан оолак болуунун себептери

- Мамлекеттик масштабда эмес, жеке адамды алсак. Азыр Бишкектин, же башка жердин жашоочусу, аялбы, эркекпи, курагына карабастан, мындан аркы жашоосунун сапатын жакшыртып, оору-сыркоодон оолак болуш үчүн кандай кадамдарды жасаса болот?

- Эки нерсе бар, биринчиси – мотивация, экинчиси – тартип. Адамда ден соолугум чың болсун деген мотивация болушу керек, “балким, мени андай оорулар кыйгап өтүп кетээр” деп отура бербей. Канчада уктайт – түн оогончо жүрө бербей 10-11де уктап эртерээк туруш керек, көбүрөөк басып көнүгүүлөрдү жасап тер чыккыча кыймылдаш керек, кандай тамактанат – жетиштүү суюктук ичип, организм үчүн маанилүү заттарды жетиштүү көлөмдө алышы керек, моданы кубалап кайсы бир заттардын азайып кетишине жол берилбеши шарт. Дагы бир башкы маселе – адамдын психо-эмоционалдык абалы. Бизде буга такыр эле көңүл бурулбайт. Өзүңдү кабыл алуу, сабырдуулук чоң роль ойнойт. Бизде ар нерсеге кабатыр болуп убайым тартуу, коркуп-үркүп жашоо, санаа тартуу, бирөөнө таарынып, кайгыра берүү – булардын баары саламаттыкты ичтен жей берет. Ошентип, туура уктоо, тең салмакталган тамак-аш, психо-эмоционалдык саламаттык. Албетте, зыяндуу адаттарды таштаган оң – аракечтик, тамеки тартуу, маңзатка берилүү. Бизде той-топурга барганда алкоголь ичпесем таарынышат, жаман көрүшөт деген бир зыяндуу түшүнүк бар. Адам өзүнө өзү суроо коюшу керек: кандай жашап атам, эмне максатым бар деп. Сапаттуу жашагысы келсе тартипке көнүшү керек. Антпесе ден соолук кете берет.

- Сиздин сайтыңызда: "Азыркыдай стресстер, психикалык чыңалуу ар тараптан тооруган айлампа жашоодо баарыбыз эле ички тынчтык, ден соолукту чыңдоо жана чыныгы бакытка жетишүү жолдорун издейбиз" деп жазылып турат. Ошондой жолду табуу мүмкүнбү?

- Албетте, мүмкүн. Мен далай өлкөлөрдү кыдырып чыктым. Түштүк-Чыгыш Азияда терең жакырчылыкта жашаган адамдарды көрдүм. Алар чын дилинен жылмайып, жашоосуна ыраазы. Ички гармониясы, тынчтыгы бар, көздөрү күйүп жайнап турат. Азыркы адамдар Инстаграм, Тик Токко кирип алып башкалардын жашоосуна суктанып, алыс жактарга барып эс алып атыптыр, тигини сатып алыптыр, мындай машинеси, үйү бар экен деп суктанып жашап калышты. Ич күйдүлүк, ичи тардыкка сугарылып жатышат. Эмнеге менин жашоом андай эмес деп өзүн-өзү күнөөлөп, менин балдарым кайда окушат, эртеңки жашоосу кандай болот деп убайым тартмай. Акчаны кайдан табам, акча жетеби деген ойлордун торунда калат. Мээни ошондой ойлор чайнай берип, азыркы жашоосун сезбей, толук кандуу жашабай күн өткөрүп атат. Кыргызстанда айрым мекендештер байыркы тарыхты даңазалап, ушундай баатыр эл болгонбуз, кыйын болчубуз деген бир ойлор менен өзүлөрүн алаксытканга маш болуп алышты. Өткөн тарых менен сыймыктанган жакшы деңизчи, а бирок азыркы жасап аткан кайсыл ишибизге сыймыктанабыз, 20,30, 100 жылдан кийин эмнени эскеришет деп ойлогон киши аз. Жеке адамдын деңгээлинде: “Мен күн сайын кандай жашап атам? Эмне иштерди бүтүрүп атам, андан рахат алдымбы, же ушул ишти жасаганга мажбур болуп атамынбы?” деген суроолорду бериши керек өзүнө. Жеке өзүнүн жашоодогу миссиясын, жашоонун маанисин түшүнсө, жеке өзүң, үй-бүлөң, коңшуларың, жалпы коом, керек болсо адамзат үчүн пайдалуу иштерди жасап атам деген ойго токтолсо, ошондо барып өзүнүн тирүү экенине, уктап турганына, дасторконунда тамак-аш бар экенине каниет кылып жашаганды үйрөнөт. Жашоого ыраазы болот. Ал үчүн өз жашоосунун маанисин, ага жетүүнүн жолдорун табышы керек. Ошондо бактылуу болууга умтулуу жолун да табат. Бакыт деген жолдун аягы эмес, ал ошол жолдун өзү.

- Аягында Кыргызстандын бийликтерине ден соолугу чың коомду куруш үчүн конкреттүү сунуштарыңыз болсо айта кетпейсизби?

- Биздеги эң чоң көйгөй - ар бир тармакты өнүктүрүү жолдорун, алыскы стратегияны изилдеп, аныктаган "акыл борборлору" жок болуп атат. Өкмөткө иштегени келгендер күнүмдүк милдеттерин аткаруу менен алек. Саламаттыкты сактоо тармагын алсак деле кандай гениалдуу министр келсе да, жалгыз ал тармакты жакшыртып кете албайт. Өкмөт канткенде ден соолугу чың коомду курабыз деген маселенин стратегиялык багыттарын аныктап, ага Саламаттык сактоо министрлигинен башка Экономика, Финансы, Агартуу, керек болсо Транспорт жана байланыш министрлиги баары жапа тырмак киришип турмушка ашырышы керек. Калктын саламаттыгы улуттук идеологиялык маселе катары каралышы керек. Ошондо гана жыйынтыктарды көрө алабыз.

- Чоң рахмат маегиңизге. Ишиңиз ийгиликтүү болсун.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Шерине

XS
SM
MD
LG