Сейтек STEM мектебинде 80 бала тамакка ууланды
Ооганстанда жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза таап, жүздөгөн адам жабыркады. Зилзаланын күчү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Пакистанда да сезилди. Кыргызстанда кыш жакындаганда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө кирди. Эми эртең менен жана кечинде элге 5 кВт эмес 3 кВт саат электр жарыгы берилет. Бишкектеги Сейтек STEM менчик мектебинде тамакка уулангандардын саны 84 кишиге жетти. Мектепке 28 миң сом айып пул салынып, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин ашкананын иши убактылуу токтотулду.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 30, 2025Москва Киевди Путиндин резиденциясын "бутага алды" деп айыптады
-
Декабрь 29, 2025Кыргыз-тажик чек арасы: Алмашылган айылдардагы мүлктү тактоо аяктады
-
Декабрь 26, 2025Тажик-ооган чек арасында куралдуу кол салуу болду
-
Декабрь 24, 20252026-жылдын бюджети: Мектеп, бала бакча, жол салынат
-
Декабрь 23, 2025АКШ: Өз ыктыяры менен кеткен мигранттарга 3000 доллар берилет
-
Декабрь 22, 2025Германия: Тажик оппозициясы акция өткөрдү
Шерине