Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев 1-апрелде АКШнын Санкциялар боюнча мамлекеттик департаментинин координаторунун орун басары Дэйвид Гэмбл менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы жана санкциялык саясатка байланыштуу маселе талкууланды. Дэйвид Гэмбл эл аралык санкциялык талаптарды сактоо маселелери боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүү маанилүү экенин айтты.
11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салган.
Төрт күндөн кийин – 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция киргизген. АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.
“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.
АКШ, Улуу Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн санкция киргизген Кыргызстандагы компаниялардын саны 10-15ке чамалады. Алар көбүн эсе өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар. (BTo)
Шерине