Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

5-ноябрдын аба ырайы: көпчүлүк аймакта кар жаайт


Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 4-5-ноябрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууда түйшүк жаратат. 6-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы -1…-3° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

5-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көлдүн батыш тарабында 19-24 метре жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында ​түнкүсүн 0…5 күндүз 1…6;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз -1...+1° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG