Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Кыргызстанга чет өлкөдөн убактылуу кирген автоунааларды пайдалануу тартиби өзгөрдү


Министрлер кабинети Кыргызстанга чет өлкөдөн алып келинген автоунааларды пайдалануу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган токтомдо көрсөтүлгөндөй, айдоочулар автоунаа убактылуу киргизилгенин ырастаган документтерди, каттоо күбөлүгүн, ишеним катты жана айдоочулук күбөлүктү өздөрү менен алып жүрүшү керек. Мындан тышкары тийиштүү мамлекеттик мекемеден убактылуу каттоодон өткөрүү зарыл. Ошондой эле текшерүү учурунда документтерди көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Эгер автоунаанын Кыргызстанга кирген күнү тууралуу маалымат автоматташтырылган системада жок болсо, анда анын өлкөгө кирген датасы катары 2024-жылдын 31-декабры эсептелет.

Буга чейин Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштырууга уруксат берилген. Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG