Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:11

Жогорку сот талапкерлердин кыргыз тилин билүүсүн текшерүү талабы боюнча арызды карайт


19-ноябрда Жогорку сот "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы арызын карайт. Бул тууралуу Султанбеков өзү Фейсбук баракчасына жазып, ал БШК мыйзамда белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин кыргыз тилин билүүсүн аныктоо үчүн тест өткөрбөгөнүн белгилеген.

"Кыргызстанда жаңы мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, талапкерлер кыргыз тилин билгенге милдеттүү. БШК бардык талапкерлерге тилди канчалык деңгээлде сүйлөйт, жазат, тексттерди түшүнөт деген тест өткөрүш керек болчу. Бирок андай болгон жок. Ошол боюнча биз сотко даттанганбыз. Шайлоо бүтө электе, кайра-кайра чыгым кылбай, кайра шайлоону жокко чыгарбай азыр тест өткөрүп, билбегендерди шайлоодон четтетүү маселесин көтөргөнбүз. Бул президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам. Жогорку сот кыргыз тилин тест кылбай эле, текшербей эле койсо болот десе бул Конституциялык мыйзам Кыргызстанда иштебесин билдирет", - деди Султанбеков.

Анын айтымында, БШК Конституциялык мыйзамдын 59-беренесине ылайык кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экенин ырастап, бирок кыргыз өкмөтү анын деңгээлин бекитпеген үчүн тест өткөрүлбөгөнүн билдирген. Султанбеков өкмөттү кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктап, шайлоо болгончо тест өткөрүүнү сунуштаган.

Быйыл жайында Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров август айында кол койгон.

Ага ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, депутаттар, соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр ченемдик актыларда аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш.

Мыйзамда кыргыз тилине байланыштуу мындан башка да нормалар кирген. Документти биринчи окууда кароо кызуу талаш-тартыштарды жараткан.

Быйыл сентябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан - Орусия билим берүү форумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлерге мамлекеттик тил боюнча сынак өткөрүлбөй турганын айткан. Ал "өлкө жетекчилиги келечектеги парламентке көп улуттуу элдин өкүлдөрү да келеринен үмүттөнөрүн" белгилеген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG