Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Польша темир жолдогу жардырууну Орусиянын атайын кызматы жасаганын билдирди


Польшанын премьер-министри Дональд Туск окуя болгон жерде.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск окуя болгон жерде.

Польшанын бийликтери темир жолдун бузулушуна тиешеси бар эки шектүүнү аныктады, тергөө муну "диверсия" деп баалап жатат. Польшанын премьер-министри Дональд Тусктун айтымында, алар орус чалгын кызматтарынын тапшырмаларын аткарып жүргөн украин жарандары болушу ыктымал.

Мурдараак Польшанын атайын кызматынын расмий өкүлү Яцек Добжиньский темир жолдогу жардыруунунун үстүндө Орусиянын атайын кызматы турганын билдирди.

Тусктун белгилешинче, шектүүлөр Польшадан Беларуска чыгып кетишкен. Алардын ысымдары аталган жок, бирок алардын бирөө Украинада диверсия үчүн соттолгону белгилүү болду.

Добржинскийдин айтымында, эч кандай жоготууларга алып келбеген диверсиянын максаттарынын бири Польшанын чалгындоо кызматтарынын жана бийликтеринин реакциясына көз салуу болушу мүмкүн. Ал ырасталбаган маалыматты таркатпоону эскертип, бул "типтүү орусиялык дезинформация" болушу мүмкүн экенин айтты. Темир жолдогу диверсияга Орусиянын катыштыгы бар экенин көрсөткөн далилдер тууралуу айтылган жок.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шейшембиде комментарий берип, "учурда болуп жаткан гибриддик жана түз согуштун бардык көрүнүштөрүнө Орусияны айыптап жатышканын" айтты.

"Эгер Орусияны күнөөлөбөсө анда таңкалычтуу болмок", - деп жазды Песковдун сөзүн "Интерфакс" басылмасы.

Польшанын Атайын кызматынын министри Марчин Кервиньский мунун алдында жардыруу "чет элдик кызматтардын" буйрутмасы менен жасалганын айтып, Орусияны белгилеген эмес.

Польшанын премьер-министри Дональд Туск Украинага аскердик жүк жана гуманитардык жардам жеткирүүдө колдонулган негизги темир жол тилкесиндеги жардырууну "диверсия актысы" катары мүнөздөгөн.

Туск 17-ноябрда социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө жардыруу бир күн мурун Варшавадан чыгыш тарапта жайгшкан Люблин шаарындагы темир жол тилкесинде, Украина чек арасынан болжол менен 100 чакырым алыста болгонун билдирген.

Польша жана башка Европа өлкөлөрүнүн жетекчилери көптөн бери Украинага жардам берип жаткан мамлекеттерге каршы Москва "гибриддик" диверсия жана тыңчылык кампаниясын жүргүзүп жатат деп, Орусияны айыптап келет.

Өткөн айда Варшава Москванын пайдасына тыңчылык кылган же чабуул даярдаган деген шек менен сегиз адамды кармаган.

Москва болсо Батыш өлкөлөрүнүн бардык айыптоолорун четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG