«Жорж Бушка кат жазгам»
Өзбекстандык Өткүр Рахматуллаев АКШда 25 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келет. Ал бул өлкөгө алгач 2000-жылы Самарканддагы Чет тилдер институтун аяктагандан кийин үч айлык туристтик виза менен барган. Бирок ал мекенине кайтпай, АКШда мыйзамсыз калып калган:
«Башында план жөнөкөй болчу: турист болуп барып, кайра кайтуу. Бирок бул жакка келгенде жашоо деңгээлин көрүп, баарын салыштыра баштайсың, ошондо кетем деген ойдон кайтасың. Мисалы, ал жылдары мен Самарканддагы ата-энеме 1000–2000 доллар салып турар элем. Алар акчаны алуу үчүн банктын кызматкерлерине 100–200 доллар пара беришчү. Мени бул нерсе абдан таң калтырган. Анткени АКШда мындай нерсе жок. Күндүз же түндө болбосун, каалаган убакта банкоматтан каалаган суммадагы акчаны чыгара аласың. Акыры ушул сыяктуу айырмачылыктар мага бул жакта калуу чечимине түрткү болду».
АКШда ал беш жыл мыйзамсыз жашаган. 2005-жылы Рахматуллаев өз макамын мыйзамдаштыруу максатында Американын армиясында кызмат өтөөнү чечет. Анын айтымында, коопсуздук органдарында же куралдуу күчтөрдө кызмат өтөө бала кезинен берки кыялы болгон.
«Самарканддагы институтубузда аскер кафедрасы жок болчу, бирок мен кызмат өтөгүм келчү. 2000-жылдары Өзбекстанда 200 доллар чоң акча болчу. Көптөр ошол сумманы берип, аскерге барбоого аракет кылышчу. Мен, тескерисинче, ушул акчаны берип, мени алышсын дедим. Бирок алар баш тартышты. Анткени ал кезде “үй-бүлөдөгү жалгыз уул аскерге чакырылбайт” деген мыйзам иштеп турган».
АКШда болсо аны бир нече жолу аскер комиссариаттары документтери жетишсиз деп кабыл албай коюшат.
«Мен президент Жорж Бушка, вице-президент Дик Чейниге, бир нече сенаторго кат жаздым. Анда “бир нече тилди билем, кызмат өтөгүм келет” деп түшүндүргөм. Алар катты кабыл алып, АКШнын Коргоо министрлигине жөнөтүшүптүр. Андан соң мага аскерге өттүң, маектешүүгө кел дешти. Тил боюнча бардык тесттерден өттүм», — дейт Рахматуллаев.
Натыйжада, расмий макамы жок болсо да аны АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн кадрлар бөлүмүнө кабыл алышкан. Ооганстан менен Ирактагы жаңжалдар башталган учурда анын тил билгени пайдасын тийгизет.
«Эгер алар сен пайда алып келе аларыңды түшүнүшсө, сага жеңилдетүү жасашы мүмкүн. Менин атам тажик, ошондуктан тажик тилин билем. Ооганстандагы элдин сүйлөгөнүн түшүнө алам. Апам өзбек болгондуктан өзбек тилин да жакшы билчүмүн. Ошол учурда дагы бир чоң көйгөй бар эле: бир тарапта “Талибан” менен “Ал-Каида”, экинчи тарапта “Өзбекстандын ислам кыймылы” деген террордук уюм. Мен аларга тил билген адис катары эле эмес, ошол чөлкөмдүн маданиятын жана каада-салтын түшүнгөн адам катары да пайдалуу болчумун. Мисалы, эркек аял менен кол алышпашы керек же аларды тике карабашы керек экенин билчүмүн. Ал эми Өзбекстанда, тескерисинче, айрым маселелерди дасторкон үстүндө, арак менен чечүү кадыресе көрүнүш. Америкалыктар муну түшүнүшчү эмес, ошондуктан менин билгеним алар үчүн баалуу болгон».
Кабулга сапар
Ошентип, Өткүр Рахматуллаев жарым жыл аскерде кызмат өтөгөндөн кийин АКШ жарандыгын алат. Жалпысынан ал аскерде 11 жыл кызмат өтөп, Ооганстанда эки жолу болот. 2007-жылы Кабулга болгон алгачкы сапары салыштырмалуу тынч өткөнүн эскерет. Ал жылы кадрлар бөлүмүндө иштеп, аскер базасынан сыртка чыккан эмес. 2014-жылы Өткүр атайын бөлүккө жиберилген.
«Эки-үч жолу өлбөй калганыма өзүм да ишене албай жаттым. Бир жолу бир кыштакка барганбыз. Жергиликтүүлөр жакындап келип, сүйлөшүп, жардам сурап жатышты. Бир маалда баары тарап кетти. Карасам, кумда майда-майда тешиктер пайда болду. Башында жаан жаап жатат деп ойлодум. Көрсө, октун изи экен. Бир ок бутумдан 30 сантиметр алысыраак жерге, дагы бири жанымдагы унаага тийди. Биз тез эле машиналарга отуруп, артка кайтып кеттик. Ким, кайдан атканын деле көргөн жокпуз. Базага кайтып келсем, мен жашаган бөлмөгө ракета түшкөн экен. Алгач күлкүлүү көрүнүштөй туюлду. Анан гана баарын эстеп отуруп, "Ок мага тийгенде эмне болмок? Машина эмес бутага мен алынсамчы? Эгер ракета тийген учурда бөлмөдө болсом, эмне болот эле?" деген суроолорду берип отурдум».
Эң кооптуу учур, анын айтымында, Рамазан айында кадыр түн тосуу учурунда болгон. Ошол түнү Өткүр турган америкалык аскер базасына ракета менен бир нече ирет чабуул жасалган.
«Биздин абадан коргонуу системабыз алыстан жасалган чабуулду байкай алат. Бирок 1–2 чакырым жакындан атылган ракетаны көзөмөлдөөгө үлгүрбөйт. Биздин чакан базаны көздөй ракеталар биринин артынан бири учуп келип жатты. Аскерлер топтолбой тургула деген тапшырма берилген. Анткени ракета тийсе жапырт өлбөй, аскерлерди аман сактап калуу максат болгон. Ошол учурда мен: “Бул жолу өлөм го” деп ойлодум. Мындай учурларда адамдын жашоосу тээ башынан баштап көз алдынан тартылып өтөт экен. Ошол маалда “эмне үчүн Ооганстанга келдим, эмне үчүн өлүшүм керек?” деп өкүндүм. Анткени мени курчап турган нерсенин баары бир заматта маанисин жоготту. Адамдар өлүп жатты. АКШнын аскерлери Ооганстандан чыгып кетти, өлкөнү кайра талибдер басып алды. Ошондо ушунча адам эмнеге өлдү? Мынча акча эмнеге коротулду? » деген суроо жаралат.
Мекенге кайтуу
Рахматуллаевдин айтымында, Ооганстанга болгон сапарында ал АКШнын Тажикстандагы элчилигинин аскер бөлүмүндө иштеген. Ошол убакта дипломатиялык делегациянын курамында Өткүр бир нече жолу Кыргызстанга, 13 жылдан кийин өзү туулуп-өскөн Өзбекстанга да барган.
«[Маркум президент Ислам] Каримовдун тушунда жагдай абдан оор болчу. Америкага кеткен адамдар кайра кайтып келсе “эл душманы” деп аташчу. Өлкөгө кирүү ал кезде кыйын эле. Азыркы президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин абал жеңилдеди. Өзбекстанга биринчи жолу барганда чек арада америкалык паспортумду көрсөттүм. Анда атамдын аты жазылган эмес. Чек арачы паспортту карап туруп, мага: “Рахматуллаев Өткүр Хикматуллаевич, чын эле кайтып келдиңизби?” — деди. Муну ал “кош келиңиз” деген мааниде эмес, тескерисинче, “мына, кармалды” дегендей тон менен айтты. Ошол учурда чек арада туруп, өлкөгө кирсемби же жокпу деп көпкө ойлондум. Бирок жанымда 20дай америкалык дипломат бар болчу, ошондуктан алар турганда мага тийишпесе керек деген тыянакка келдим», — деп эскерет ал.
Өткүр Самаркандга болгон ал сапарында туугандары жана достору менен жолуккан. Бирок көп өтпөй ал өзүнүн жакындарын өзбек күч түзүмдөрү суракка чакыра баштаганын уккан.
«Менин Ооганстанда тартылган сүрөттөрүмдү көрсөтүп: “Бул саткынды тааныйсыңбы?” — деп сурашкан. Досумду ур-токмокко алганын да билем. Ал мага чалып, “Чыныңды айтчы, сен кайда иштейсиң?” — деди. Үнү башкача угулду. Биз бала чагыбыздан бирге чоңоюп, ал мага дайыма тамаша менен сүйлөп, кайрылчу. Ал жолу болсо өтө расмий сүйлөп жатты. Ошондо аны кыйнап, жаздырып жатышат же жанында күч кызматкерлери турушу мүмкүн деп дароо түшүндүм».
Рахматуллаевдин айтымында, анын туугандары менен жакындарын суракка алуу Ислам Каримов бийликте турган 2016-жылга чейин да, кийин анын оруна келген Шавкат Мирзиёевдин тушунда да уланып келген.
«Мени Каримов учурунда Өзбекстанга барганда суракка алган досум азыр Америкада жашайт, ошондуктан анын окуясын ачык айтып жатам. Бирок Мирзиёев бийликке келгенден кийин дагы бир нече тууганымды суракка чакырышкан. Баары кайра башынан башталды».
Рахматуллаевдин айтымында, Өзбекстандын бийлиги ага расмий түрдө эч кандай айып койгон эмес. Ал жакындарына болгон басымдын себептерин аныктоо үчүн мекенинде адвокаттарды жалдаганын, бирок көп өтпөй алар аны менен байланышты үзүп койгонун айтты.
Өткүр бул маселени тактоо үчүн АКШдагы Өзбекстандын элчилигине да кайрылган.
«Мен элчиликтеги кызматкерлерден: “Мекенге кайта аламбы?” деп сурадым. Алар: “Жок, болбойт. Сиз билесиз да, сизге каршы иш бар. АКШ армиясында кызмат өтөгөнсүз, сизди камап салышы мүмкүн”, — деп жооп беришти. Мен болсо: “Жоопкерчиликти өзүм алам. Баары бир өмүр бою түрмөдө отурбайм го” дедим».
Азыр ал үй-бүлөсү менен Нью-Йоркто жашайт. Ага карабастан, мекенине кайтуу оюнан кайткан эмес.
«Ооганстанга чейин менин жашоого болгон көз карашым башкача болчу. Баары акча менен чечилет деп ойлочумун. Бирок өмүр менен өлүмдүн ортосунда турганда акча, машина, кымбат үйдүн баары маанисин жоготот экен. Оюм таптакыр өзгөрдү. Өзбекстандын жарандарынын көбү: “Америкада акча табам да, карылыкты Өзбекстанда өткөрөм” деп ойлошот. Ошондуктан алар АКШда жашаса да мекенинде үй куруп жатышат. Менин да ошондой ниетим бар. Азыр иммиграциялык иштер менен алекмин. Армияда кызмат өтөдүм, элчиликте иштедим, менимче, Өзбекстанга менин көп эле пайдам тиймек», — дейт Рахматуллаев.
Чет элдик армияда кызмат өтөгөндөргө жаза
Өткүр Рахматуллаев Өзбекстанга кайтып барса ага кандай айып тагылышы мүмкүн экени белгисиз. Бул маселеге байланыштуу Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы менен байланышка чыгуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жарандарга чет өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө, коопсуздук кызматтарында, аскер прокуратурасында же башка күч түзүмдөрүндө кызмат кылууга тыюу салынат. Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесине ылайык, чет мамлекеттин армиясына жалданып кызмат өтөө беш жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат. Мурда бул берене боюнча Жакынкы Чыгыштагы согуштарга кеткен өзбекстандыктарга иш козголгон учурлар болгон.
Орусиянын Украинага каршы согушу башталгандан кийин Өзбекстан бийлиги жарандарын чет өлкөлөрдүн армиясында кызмат өтөөдөн баш тартууга чакырып келет. Бирок Украинадагы «Хочу жить» долбоорунун маалыматына караганда, 2025-жылы эле кеминде 902 өзбекстандык Орусиянын Коргоо министрлиги менен аскердик келишим түзгөн.
Бул согушка катышкан айрым өзбек жарандары мекенине кайткандан кийин “жалданып согушка барган” деген айып менен соттолушкан. Бирок, байкоочулардын айтымында, алардын көбүнө кыска мөөнөткө эркиндигин чектөө же шарттуу жаза берилген. Кээ бир аналитиктер муну Ташкенттин Кремлдин нааразылыгын жаратпоого аракет кылган позициясы менен түшүндүрүшөт.
Шерине