Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Борбор Азия: Бийлик башындагылардын жакындары аралашкан банк тармагы


Казакстан. Иллюстрация.
Казакстан. Иллюстрация.

Борбор Азия өлкөлөрүндө банк сектору саясий таасир каражатына да айланган. Мамлекет башчыларынын туугандары жана жакындары ири каржы структураларын көзөмөлдөшөт. Бул, өз кезегинде, аларга байлыгын да көбөйтүүгө, экономикалык ресурсту административдик күчкө айландырууга да шарт түзөт.

КҮЙӨӨ БАЛДАР ЖАНА БАШКАЛАР. КАЗАКСТАНДАГЫ БАНК БИЗНЕСИ

Президенттин жакындарынын көзөмөлүндө турган банктардагы каржылык кыянаттык маселеси Кыргызстан менен эле чектелбейт.

Коңшу Казакстанда 2008-жылы Алматыдагы чуулгандуу соттук териштирүүдө «Нурбанктын» мурдагы кызматкерлери депозитке акча салган кардарлардын банк уячаларын ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, бул каржылык институтту көзөмөлдөп турган Рахат Алиевдин буйругу менен ачышканын айтып берип, баарын нес кылышкан. Сотто көрсөтмө бергендер уячалардан кардарлардын жүз миңдеген доллар жана евросун, люкс сааттарын жана зер буюмдарын жашыруун алып чыгып, Алиевге алып барып берип турганын айтып беришкен. Бул окуялар 2007-жылы февраль айында болгон. Андан мурдараак «Нурбанктын» эки топ-менежери уурдалган, кийин соттук териштирүү учурунда прокуратура муну уюштурууга түздөн-түз Алиевдин тиешеси болгонун билдирген.

Банктын ичинде мыйзам бузулуп, кардарлардын баалуу буюмдары уруксатсыз алынып жаткан кез күйөө баланын таасири күч болуп турган учур болчу, андыктан каржы көзөмөлүн жүргүзүүчүлөр да, деги эле бийлик өзү да буга каршы эч нерсе дей алган эмес. Ал эле эмес, ошол айда Алиевди Казакстандын Австриядагы элчиси кылып дайындашкан.

Рахат Алиев жана Нурсултан Назарбаев
Рахат Алиев жана Нурсултан Назарбаев

Баары Алиев кайнатасынын каарына калганда дароо өзгөргөн: ага издөө жарыялап, президенттин кызы Дарига Назарбаева менен сыртынан ажыраштырышат, кылмыш ишин козгоп, сыртынан соттошот. Алгач аны "кылмыш тобун түзгөн, опузалаган жана адам уурдаган" деген айыптардын негизинде 20 жылга эркинен ажыратышат. Кийин мамлекетке чыккынчылык жана төңкөрүш аракети тууралуу айыптар боюнча дагы 20 жылга соттошот.

Алиев өзү мындай айыптоолорду четке кагып, Назарбаевге каршы пикирин билдирүү аракети үчүн анын өч алуусуна кабылганын айтып чыккан. Назарбаев мурдагы күйөө баласынын көзү өткөндөн кийин гана — Алиевдин сөөгү Вена шаарындагы түрмөлөрдүн биринде кармалып жаткан учурда 2014-жылы табылган (расмий версия боюнча, ал суицидге барган) — кызынын күйөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк берип «олуттуу ката» кетиргенин, андан ал кыянаттык менен пайдаланганын айткан эле.

«Рахатгейт» деген аталыш менен жайылган чуулгандуу окуядан кийин Алиевдин «Нурбанктагы» активинин өлчөмү боюнча алдыңкы ондуктун катарында турган үлүшү мурдагы аялына жана уулуна — Дарига Назарбаевага жана Нурали Алиевге өткөн. 2010-жылы Назарбаева менен Алиев акционерлердин курамынан чыккан, бирок баары бир алар бир катар бизнес ээлери катары Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча эң бай ишкерлердин рейтингинде турушат (2025-жылга карата активдери 571 миллиард жана 279 миллиард доллар).

Кайрат Сатыбалды (оңдо)
Кайрат Сатыбалды (оңдо)

Казакстандык Forbes рейтингине бир кезде Нурсултан Назарбаевдин тууганы Кайрат Сатыбалды да кирген, ал Kaspi Bank банкын көзөмөлдөгөн Kaspi компаниясында үлүш активге ээ болчу (2018-жылга чейин). 2022-жылдагы Каңтар окуяларынан кийин мурдагы президенттин жана анын жакындарынын таасири кыйла алсырап, Сатыбалды активдеринен да, эркиндигинен да ажыратылган. Соттун өкүмү менен ал уурдоого айыптуу деп табылып, алты жылга соттолуп, мүлкү мамлекетке чегерилген. 2024-жылы өлкө бийлиги Сатыбалды өкмөткө 1,5 миллиард доллардан ашуун каражат кайтарып бергенин, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылганын билдирген.

Каңтар окуяларынан кийин айрым активдеринен Назарбаевдин дагы бир күйөө баласы, ортончу кызы Динаранын жолдошу Тимур Кулибаев да ажыраган. Ага таандык компаниялардын Алматынын престиждүү районундагы жана аймактардагы жер тилкелерин, кийин «Суюлтулган мунай газын сактоо паркы» компаниясындагы 50 пайыздык үлүшүн тартып алышкан.

Жубайлар Кулибаевдердин колунда алардын эң башкы активи Halyk Bank сакталып турат. Динара жана Тимур Кулибаевдер Казакстандын бул ири коммерциялык банкын «АЛМЭКС Холдинг Групп» аркылуу көзөмөлдөшөт.

Тимур Кулибаев (ортодо)
Тимур Кулибаев (ортодо)

Америкалык Forbes басылмасынын эсептөөсүнө караганда, Кулибаевдердин капиталы 10 миллиард долларга жакын каражатты түзөт жана алардын байлыгы барган сайын көбөйүүдө. Узак жылдар бою Тимур Кулибаев экономикалык күчтү саясаттагы салмагын бекемдөөгө жумшады: улуттук компанияларды бириктирген "Самрук-Казына" фондун көзөмөлдөп турду, Улуттук ишкерлер палатасынын президиумунун төрагасы болду, мунай, газ жана энергетика тармагындагы уюмдардын KAZENERGY ассоциациясын жетектеди жана Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болду. Көп жылдар бою ал Forbes журналынын өлкөнүн эң таасирдүү бизнесмендеринин тизмесинде биринчи орунда турду.

Ал дагы Каңтар окуяларынан кийин кызматтарынан ажырады, бирок капиталын сактап кала алды. Байкоочулардын пикиринде, системалуу мааниси бар банкка ээлик кылуу саясий тобокелдик жаралган учурда коргонуп калуу кепилдигинин бир түрү болуп эсептелет.

Ишкердик боюнча National Business Kazakhstan онлайн басылмасынын башкы редактору, журналист Ардак Букееванын айтымында, мындай кепилдиктин элементи деп, биринчиден, мааниси системалык мүнөздөгү банктарды, экинчиден, эл аралык рынокко чыга алган банктарды атаса болот:

"Мисалы, Halyk bank Лондондогу соодага катышат, ага ээлик кылгандар арасында англиялык пенсиялык фонддор бар, Kaspi bank болсо америкалык Nasdaq биржасындагы соодада бар. Мына ушуну накта саясий коргонуу кепилдиги деп атаса болот, анткени эл аралык рынок тамаша эмес. Ал жерде өзүм билемдик өлкөнүн имижи жана анын инвестициялык климаты үчүн кымбатка туруп калышы толук мүмкүн".

РАХМОНДУН ЧОҢ ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН БАНК ТҮЙҮНҮ

Тимур Кулибаевдин байлыгын эсептесе Тажикстандагы бардык банк секторундагы жалпы активдерди кошкондо да ага жетпейт. Активдердин жалпы наркы 4,8 миллиард доллар. Бирок ушундай чакан рынокто өлкөнү 30 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмондун көптөгөн тууган-туушкандары орун алып жетишип калышкан.

Рахмон көп балалуу ата, анын жети кызы, эки уулу бар. Баары өлкөнүн экономикасында да, саясатында да активдүү, кээде кайсы тармактын чеги каерден бүтүп, каерден башталарын айырмалоо да мүмкүн болбой калат.

Мисалы, өлкөдөгү эң узак мөөнөттөн бери иштеп келаткан, таасири күчтүү коммерциялык банктардын бири «Ориёнбанкты» (активи болжол менен 415 миллион доллар) тажик президентинин жубайынын бир тууган иниси Хасан Асадуллозода башкарат. Ал эми банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматын мамлекет башчынын кызы Зарина Рахмон ээлейт.

Активдери 404 миллион долларга жакын, филиалдары эң көп (экономикасы чет жактагы эмгек мигранттары которгон акчадан көз каранды өлкө үчүн бул абдан маанилүү) «Тажикстандын эл аралык банкы», эркин басылмалар жазгандай, Жамшед Гулов менен байланышта. Ал киши президенттин кыздарынын бири Парвина Рахмонго үйлөнгөн Ашраф Гуловдун бир тууганы. Жамшед менен Ашрафтын атасы Шерали Гул 2013-жылга чейин Тажикстандын энергетика министри болуп иштеген.

«Спитамен Банк» Тажикстандын ипотека, авто насыя жана камсыздандыруу тармактарында орчундуу орун ээлеген, активдери болжол менен 308 миллион доллар деп бааланган банк. Банктын акционерлеринин бири «Спитамен-Сугурт» камсыздандыруу компаниясы. Анын артында, айрым булактардын маалыматына караганда, Эмомали Рахмондун эң таасирлүү кызы, президенттик администрациянын башчысы болуп иштеген Озода Рахмондун күйөөсү, Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Жамолиддин Нуралиев турат. Нуралиев өзү бул банкта үлүшү бар экени тууралуу сөздөрдү четке каккан.

Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен. Архив сүрөт.
Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен. Архив сүрөт.

«Спитамен Банк» жана президенттин үй-бүлөсү менен түздөн-түз же кыйыр байланышы бар делген дагы эки каржылык институт — «Душанбе Сити Банк» жана «Тажикстан Коммерцбанкы», — Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине илинишкен. Айрым маалыматтарга караганда, өлкө калкынын бардык депозиттеринин бештен бир бөлүгүнө жакыны дал ушул үч банкта сакталып турат, сөз 620 миллион долларга жакын каражат тууралуу жүрүүдө.

Тажикстандын Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде «Душанбе Сити Банктын» (активдери 375 миллион долларга жакын) башкы ээси деп «Авесто Групп» компаниясы көрсөтүлгөн. Бул компанияга акциялардын 70 процентке жакыны таандык. Аны президенттин уулу, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы, борбор калаа Душанбенин мэри, атасынан кийин бийликти колуна алат деп айтылып жүргөн Рустам Эмомалинин ишенимдүү адамдарынын бири Мирзо Мухаммад жетектейт. 2016-жылы негизделген «Авесто Групп» өлкөдөгү минералдык суу чыгаруудан тартып Душанбе жана Кожент шаарларындагы коомдук унаанын жол киресин электрондук системага өткөрүүгө чейинки бир нече ири бизнести көзөмөлдөйт.

Өлкөдөгү дагы бир ири банк — «Тажикстан Коммерцбанкы» мурда «Фароз» компаниясынын карамагында болчу. Бул компания Тажикстандын экономикасындагы негизги тармактарды көзөмөлдөп турган. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, ал Рахмондун кызы Рухшонанын күйөөсү Шамсулло Сохибов менен байланышта.

Тажикстандагы алгачкы ислам банкы «Тавхидбанк» республиканын каржы системасында өзгөчө орунду ээлейт. Анын аткаруучу директору — «Ориёнбанктын» башчысы жана президенттин кайниси Хасан Асадуллозоданын уулу Мухиддин Хасанзода.

МИРЗИЁЕВДИН КАРЖЫ ИМПЕРИЯСЫ

Өзбекстанда 2016-жылы бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин ири каржы жана банк активдеринин бир бөлүгү президенттин айланасындагылар түзгөн чөйрөнүн колуна топтоло баштаган. Мамлекеттик инвестициялар жана мамлекеттик ишканалар президенттин жакындары, компаниялар, анын ичинде банк сектору үчүн капиталдын булагы катары активдүү түрдө колдонулган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек кызматы жүргүзгөн иликтөө көрсөткөндөй, Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы, кызы Шахнозанын күйөөсү Отабек Умаровдун иниси Ойбек Умаров менен байланышы бар Orient Group конгломераты Өлкөнүн жыргалчылыгы мамлекеттик фондунан ондогон миллион доллар каражат алган.

Ойбек Умаровдун компаниялары 2016-2020-жылдар аралыгында UOIC мамлекеттик фонду бөлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 86 процентин алган. Аталган фонд — Оман өлкөсүнүн Инвестициялык башкармалыгынын жана Өзбекстандын суверендүү фондун жөнгө салуучу Реконструкция жана өнүктүрүү фондунун биргелешкен институту.

Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. 2023-жыл.
Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. 2023-жыл.

Өзбек президентинин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов 2021-жылы биржадан тышкаркы рыноктон Kapitalbank банкынын 112,49 миллион жөнөкөй акцияларын сатып алып, анын үлүшүнүн 50 пайызынын ээси болуп калган. Акциялар канча акчага сатылып алынганы белгисиз. Бир жылдан кийин ал таасирдүү байланышы барлардын тизмесинен чыгарылган — өлкөдөгү бул ири банк өзбек тектүү орусиялык миллиардер, Мирзиёев президент болгондон кийин Өзбекстанда таасирлүү оюнчулардын бирине айланган Алишер Усманов менен байланышы бар компаниянын карамагына өткөн.

Усмановдун агасынын уулу Мирзиёевдин бир тууган кайнежесинин күйөө баласы болгон. Кийин күйөө бала жол кырсыгында каза болгонуна карабастан, сыягы, эки үй-бүлө ортосунда карым-катнаш үзүлгөн эмес. Президенттик алгачкы жылдары расмий сапарларга Мирзиёев Усмановдун жеке лайнери менен учуп турган. Кийин өзбек өкмөтү учак ижарага алынганын билдирген, бирок келишим шарттарын ачыктаган эмес.

2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачканда Усманов Батыштын санкцияларына кабылып, анын компаниясы Kapitalbank банкынын акционерлеринин катарынан чыккан.

Ойбек Турсунов болсо банк аралык Uzсard төлөм системасын көзөмөлдөп турган, ага компаниянын акцияларынын 75 проценти таандык болчу. Акционерликтен ал 2020-жылы чыккан.

Эл көзүнө көп көрүнө бербеген Турсунов, байкоочулардын айтымында, Өзбекстандагы эң таасирдүү адамдардын бири бойдон кала берүүдө. Анын жубайы, президенттин тун кызы Саида Мирзиёеванын карьерасы барган сайын илгерилеп жатат. Быйыл июнь айында ал президенттик администрациянын башчысы болуп, атасы ээлеген Өзбекстандын президенти деген кызматтан кийинки эле мааниси жагынан экинчи расмий кызматка дайындалды. 41 жаштагы Саида атасынан кийин өзбек бийлигинин башчысы болору айтылып келет, ал расмий жолугушууларга көп катышат, чет элдик конокторду тосот, аймактарды кыдырат жана Өзбекстанды чет жакта даңазалап көрсөтөт.

«Өзбекстан жемкорлуктун, жердешчиликтин жана бийликтен кыянаттык менен пайдалануунун деңгээли жогору болгон авторитардык мамлекет бойдон кала берүүдө», — деп белгиленген бийликтеги коррупция маселесин изилдеген эл аралык Transparency International уюмунун баяндамасында.


«ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙ БЕРСИН». КЫРГЫЗСТАНДЫН БАНКТАРЫНДАГЫ УУЛДАР

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев өлкөдө жакында эле катталган «Берекет банктын» негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Атасы Садыр Жапаров бул жеке бизнес экенин, уулунун ага катышып жатышы «тажрыйба топтоо» ниети гана экенин билдирди.

"Биринчиден, менин бийлик башына келгениме беш жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында үй-бүлө, бала-чакамды эмес, бир туугандарымды да мамлекеттик иштерге аралаштырган жокмун. Бир үйдөн бир эле саясатчы чыкса жетет. Силер бизнес кылгыла, өндүрүш ачкыла, өлкөгө инвесторлорду тартуу менен алек болгула деп келем. Кудайга шүгүр, баары мени угуп, мамлекеттик иштерге аралашкан жок", — деди Садыр Жапаров.

Кыргыз президентинин жакын туугандары арасында аткаминер же депутат болуп иштегендер, чынында эле, жок. Бирок Нурдөөлөт Нургожоевдин банк секторуна келиши айрымдарга ар кандай алдамчылык жана кыянаттык болуп келген өткөн жылдарды эске салды.

Максим Бакиев, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу
Максим Бакиев, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргызстандын каржы системасы «үй-бүлөлүк таасир» алдында иштеп турган. Анын уулу Максим Бакиев Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү ири коммерциялык банктардын бири болгон AsiaUniversalBank банкындагы үлүштү көзөмөлдөп турган. Ал аркылуу ири мамлекеттик жана менчик каржы агымдары өтүп, акчаны чыгарып кетүү схемалары иштеп турганын Бакиев кулатылгандан кийин бийлик башына келген Убактылуу өкмөт билдирген.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларуста жашап калган. АsiaUniversalBank улутташтырылып, Максим Бакиев сыртынан 25 жылга соттолгон. Аталган коммерциялык банктын тагдыры кантип банк сектору Борбор Азия аймагында бийликти жана капиталды бир колго топтоо каражаты болуп калгандыгынын классикалык мисалына айланды.

"Мамлекеттеги биринчи адамдын үй-бүлө мүчөсү дал ошол мамлекет өзү көзөмөлдөгөн тармакка аралаша баштаса, анда бул бийлик органдары чыгарып жаткан чечимдер канчалык көз карандысыз деген күмөн саноо пайда кылат жана расмий бекитилген механизмдердин ордуна жеке байланыштардын өкүм сүрүү коркунучун жаратат", — деп жазды Facebook баракчасына Жапаровдун уулу «Берекет банктын» негиздөөчүлөрүнүн бири болгону тууралуу жаңылыктан улам адвокат Асель Аргымбаева.

«Жеке байланыштар» жөнүндө сөз болгондо айрымдар Жапаровдун бир тууган эжеси тууралуу айтып калышат. 2012-жылы «Ысык-Көл» инвестбанкын жетектеген Райкүл Жапаровага алдамчылык жана арам акчаны адалдоо жөнүндөгү айыптар тагылган. Банк банкрот деп жарыяланып, чет жакта жүргөн Жапарова 10 жылга соттолгон. 2021-жылдын январь айынын соңунда, өлкөдөгү кезектеги ыңкылаптын натыйжасында бийликке Садыр Жапаров келгенден бир нече айдан кийин Кыргызстандын Жогорку соту анын эжеси боюнча өкүмдү жокко чыгарып, тагылган айыптардын баарын алып салган.

БАНК БИЗНЕСИ ЭМНЕ ҮЧҮН «ҮЙ-БҮЛӨЛҮККӨ» АЙЛАНАТ?

Эл аралык уюмдар автократия катары мүнөздөгөн Борбор Азия мамлекеттеринде бийлик башындагылар негизги ресурстарды, анын ичинде банк секторун өз колунан чыгарбай көзөмөлдөп турууга аракет кылышат. Талдоочулар белгилегендей, мындай жол менен алар байлыгын өзүлөрүнө карата лоялдуулук үчүн колдонот, каржы ресурстарын автократиялык муктаждыктарын жабуу үчүн иштетет.

Ардак Букеева
Ардак Букеева

— Банк бизнеси өтө кылдат тармак, анткени ал ишенимге негизделет: биз аларга өзүбүздүн акчабызды ишенип тапшырабыз, а алар ошол акчаны насыяга берет жана башка ушул сыяктуу. Эмне үчүн адамдар үй-бүлө [президенттин] мүчөлөрүнө же аларга жакын топторго таандык банктарга көбүрөөк ишеним артышат? Анткени "аларга сөзсүз жардам беришет, алар жабылып калбайт, дефолт болбойт жана өзүң акчасыз калбайсың" деген ишенимде болушкан, — дейт Ардак Букеева.

2017-жылы Казакстандын банк системасында олчойгон чыгымдар бар экени ачыкка чыкканда мамлекет жардамга келген. «Банк системасындагы абалды оңдоого» 2 триллион теңгеден ашуун (ошол кездеги эсеп боюнча 6 миллиард доллардай) каражат бөлүнүп берилген. Бул мамлекеттин жеке банк бизнесине көрсөткөн биринчи жардамы эмес болчу: 2009-жылы «каржы секторун турукташтырууга» казынадан 4 миллиард доллардай каражат жумшалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл январь айында өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып:

«Айрым банктар чыгымын жаба алды, бирок мамлекетке тийиштүү каражатты дагы эле кармап турушат. Жөн гана кармап турбастан коопсуздугу кепилденген мамлекеттик ыкмалар аркылуу жогорку пайыздык ченде салым кылып, көп киреше алып жатышат. Бир кезде силерге жардам берилген эле, эми силер да ошенткиле. Жардам бергенде да олуттуу түрдө, өтө чоң көлөмдө колдоо көрсөтүлгөн».

Токаевдин бул сөзүнөн кийин өлкөдө банк ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөр иштелип чыккан. Тийиштүү мыйзам долбоорлору азыркы тапта парламенттин кароосунда турат, мажилистин депутаттары банк системасы жылдар бою «өзгөчө макамда» иштеп келгенин белгилешүүдө. Бийлик иштеп чыккан бул долбоорлордо банктарга мамлекеттен жардам көрсөтүүгө тыюу салуу сунушу жазылган.

Казакстандагы алдыңкы банктар дагы деле Назарбаевдин туугандарынын жана ага жакын болгон адамдардын көзөмөлүндө турат. Мисалы, өлкөнүн алдыңкы беш ири банкынын катарындагы Forte Булат Утемуратовго таандык. Ал киши убагында президенттин иш башкаруучусу болгон. «Казахмыс» тоо-кен компаниясынын ээси, миллиардер Владимир Ким Bank RBK банкын көзөмөлдөйт. Евразия банкынын акцияларынын 100 процентине «Евразия каржы компаниясы» ээлик кылат. Анын башкы пайда көрүүчүлөрү — Назарбаевдин тушунда байлык топтогон Патох Шодиев жана Алижан Ибрагимов менен Александр Машкевичтин мураскерлери, башкача айтканда, «евразиялык үчилтик».

"Банктардын өкмөт менен гана эмес, ири банктык эмес бизнес менен да саясий байланыш жагына ооп кетиши экономика үчүн жаман көрүнүш. Биринчиден, бул атаандаштык чөйрөнү бузат. Бир кезде Казакстанда пенсияны Halyk банк аркылуу гана алса болот деп чыкканы эсибизде. Мамлекеттик болумуш эткен ар кайсы структуралардын депозиттери да белгилүү бир гана банктарда сакталып турчу. Каржы системасы атаандаштык шарты болуп турганда, жогорудагыдай бурмалоолор болбогондо гана таза иштейт", — дейт Ардак Букеева.

Тектеш

XS
SM
MD
LG